Керемет Эсентурова, жаш ырчы: “АЗЫР ЭСТРАДАДА ЖАСАЛМАЛУУЛУК, ОКШОШТУК КӨП” 

Жаш ырчы, кыргыз эстрадасына жаңы үн тартуулаган Керемет Эсентурова менен тааныштырабыз. Заманбап стиль, өзгөчө үн жана сапаттуу ырлар менен кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытууну максат кылат ал. Чыгармачылыгы аркылуу жаштардын ой чабытын жана көз карашын чагылдырып келе жаткан Керемет айымдын жагымдуу маегин сунуштайбыз.

 

– Керемет, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

2001-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Нурадин, Нурдин жана Азирет деген инилерим бар.

– Сахнага биринчи жолу чыккан күнүңүз эсиңиздеби?

– Бала кезимден эле чыгармачылыкка аралашып келе жатам. Эң биринчи сахнага чыкканым эсимде жок.

– Ырчылыкка болгон кызыгууңуз качан жана кантип ойгонгон?

– Тойлордо 7-8 жашымда чыгыш бийин бийлечүмүн. Кийин ырдоо боюнча мектептер арасындагы өткөрүлгөн сынактарга катыша баштадым. Ошол кездер менин чыгармачылыкка кызыгуумду күчөтүп, ырчылык кесипти тандоого шыктандырды окшойт. Ал мезгил мага сахнадан коркпоону, тайманбастыкты, тартынбастыкты үйрөттү. Ошондо топтогон тажрыйбамдын чоң сахнага аралашканда пайдасы тийди.

– Репертуарга ыр тандоодо эң маанилүү нерсе обонбу, сөзбү же маанайбы?

– Албетте, баарына көңүл бурам. Уккулуктуу обон болгону жакшы. Сөздөрү да баш аламан эмес, маанилүү болушу керек. Ал эми студияда үн жаздырууда маанай дагы чоң ролду ойнойт.

– Жаш ырчы катары кыргыз эстрадасына кандай жаңылык киргизгиңиз келет?

– Жаш ырчы катары табигыйлыкка жана реалдуулукка көбүрөөк басым жасагым келет. Азыр эстрадада жасалмалуулук, окшоштук көп. Мен болсо ар бир ырчынын өз үнү, өз дүйнөсү жана өз сезими болушун каалайм. Элге жөн гана ыр эмес, сезим жана энергия тартуулагым келет. Ошондой эле жаш таланттарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлүшүн, жаңы стиль, заманбап үн жана сапаттуу контент менен кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытууну максат кылам.

– Эксперимент жасоодон коркпойсузбу?

– Коркпойм. Тескерисинче, эксперимент жасап көрүүгө кызыгам. Азыркы учурда изденүүнүн үстүндөмүн. Ырчы катары эркин болгум келет.

– Жаш ырчыларга учурдагы атаандаштык кандай таасир этет деп ойлойсуз?

– Ар бир адам өз уникалдуулугун көрсөтсө, көрсөтүүгө аракет кылса жакшы болмок. Андайда атаандаштык деле болбойт деп ойлойм. Эгер жалпылап карай турган болсок, атаандаштык ырчыларга өсүүнү гана алып келет. 

– Эгер дүйнөлүк сахнага чыгуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы ырды ырдап чыкмаксыз?

– Өз тилинде ырдасын дей турган болсо, анда өзүмө жарашыктуу сапаттуу  ырды ырдамакмын. Кыргыздын музыкалык аспаптарын кошуп өзгөчө бир ырды ырдап чыксам керек.

– Кыргыздагы же чет элдеги сизди шыктандырган ырчылар кимдер?

– Димаш Кудайбергенов, Полина Гагарина, Леди Гага деген ырчылар шыктандырат мени. Ушулардын талантын, аткаруу чеберчилигин жогору баалайм. 

– Эгер өзүңүздүн үнүңүздү түркүн түстөр менен сүрөттөсөңүз, ал кандай түс болмок? Эмне үчүн?

– Менимче, кызгылт жана жашыл түс болмок. Жаңы өсүп келе жаткан, жаздагы жаш дарактын мисалында. Ал эми кызгылт дегеним, ошондой түсү бар гүл ачып келатканы.

– Сахнага чыгар алдында өзүңүзгө кандай сөздөрдү айтасыз же ырым-жырым колдоносуз?

– Ар бир ишти баштоо алдында сөзсүз келме келтирип, анан баштайм. Бул мага адат болуп калган. Сахнага чыгар алдында сөзсүз суу ичип, анан чыгам.

– Сизди Керемет деген ысымыңыздай кылып өзгөчө көрсөткөн сапат кайсы деп ойлойсуз?

– Мени өзгөчө көрсөткөн сапат –   адамдарга эргүү берүү жөндөмүм. Ар бир ишти жүрөгүм менен идеалдуу жасаганга аракет кылам. Керемет деген атыма жараша жашоону да керемет кылып жашагым келет.

– Ийгилик сиз үчүн белгилүү болуубу, элдин сүйүүсүбү же өзүңүзгө ыраазы болуубу?

– Мен үчүн ийгилик – бул жүрөктүн тынчтыгы жана эч нерседен кем болбоо. Атактуулук бир күнү өчүп калышы мүмкүн. Сүйүп турган элдин сүйүүсү деле бир күнү башка инсанга ооп кетиши ыктымал. Ийгиликке жеткен учурда басып өткөн жолуңдун тазалыгы маанилүү. Жараткандын сүйүүсү жана жакын адамдарыңдын жаныңда болгону кандай сонун. Ден соолугуңдун чыңдыгы сөзсүз түрдө ийгиликтин башаты деп эсептейм.

– Ыр деген сиз үчүн...

– Ыр – бул жүрөктүн тили айта албаган сөздөрдү нота аркылуу жүрөктөргө жеткирүү деп ойлойм.

– Эл алдында ырдап жатканыңызда кызыктуу же күлкүлүү окуялар болгонбу?

– Андай окуялар сөзсүз болуп турат. Бир жолу ооруканада элем, дарыланып жатканыма 3 күн болгон. Өзүмдү жаман сезип жатканыма карабастан “барам” деп сөз берип койгон концертке барып ырдап берүүгө туура келди. Бардык күчүмдү топтоп ырдап жаттым, башым тегеренип, көрүүчүлөр булаңгыр болуп көрүнүп, айлана учуп жаткандай сезилди. Ырдап бүтүп, сахнанын артына өткөндө эсим ооп куладым. Ал жердегилер мени ооруканага жеткиришкен. Ошондон кийин ден соолук менен тамашалашуу коркунучтуу экенин түшүнгөм.

– Керемет, сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз!  

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1196, 14-20-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан