Актёр, сценарист жана кинорежиссёр Эрмек Таалайбеков маек төрүбүздө. “Тасма тартууда күлкүнүн артында маанилүү маселени камтууга аракет кылам” дейт ал. Кино тармагы, жеке принциптер, келечек тууралуу маектештик.
– Эрмек мырза, сөздү сиз катышкан жаңы тасмалардын бири “Атакебай” тууралуу баштасак. Бул тасманын башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде болду?
– Бул комедиялык тасма, бирок биз жалаң гана күлкү, тамашага байлабай, тегерегибизде болуп жаткан көйгөйлөрдү да чагылдырганга аракет кылдык. Негизи тасмада көйгөйлөрдү тамаша аркылуу көрсөтүп, көрүүчүлөргө сабак болсун деген максат.
– Аткарган ролуңуз өзүңүздүн купулуңузга толдубу? Экрандан көргөндө кандай артыкчылык же кемчиликтер байкалды?
– Тасмада актёрлукпу же режиссёрлукпу, дайыма өзүмө абдан чоң сынчымын. Бардык ишимди дайым талдап, сындап, колдон келсе оңдогонго аракет кылам. Албетте, көп учурда кинону тартып жатканда анча байкала бербейт да, монтаждан көп нерсе чыгат. Кээде оңдой албай калган учурларыбыз да болот. Анан көп учурда акчага байланып калат эмеспи көп нерсе, кино тартууда деле турмуштагыдай акча кээде жетип, кээде жетпей калат. Анан каап, акча кененирээк болгондо башкача болот беле деп каласың...
– Негизи эле кино жаатына карасак, учурда комедия, үй-бүлө темасына басым жасалууда. Элде суроо-талап болгону үчүн элеби бул?
– Мен бул нерсеге кошулбайт элем. Азыркы учурда Кыргыз кино индустриясы аябай жакшы жолго түшүп, кеңири жанрда тасмалар жарык көрүп жатат. Болгону сатыкка келгенде, албетте, комедия жанры азыр алдыда. Эми хоррор жанрында, триллер, боевик жанрында кинолордун арасынан “Кызыл көйнөк”, “Өч” тасмалары киреше табуу жагынан өз жанрларында жакшы ийгиликке жетишти.
– Кино тармагына КВНден келдиңиз да. “Тамашоу” долбоору болбогондо азыр кайсы тармакта болушуңуз мүмкүн эле?
– Эгер “Тамашоу” болбогондо инженер эле болмок болушум керек. Негизи ошол тармак боюнча жогорку билим алгам да. Эки дипломум боюнча тең инженер-байланышчымын, эми гана режиссёрлукка окуп жатам.
– Тасмага сценарий жазууда эмнелерге таянасыз? Ички принциптериңизге каршы тематикада сценарий жаза аласызбы?
– Сценарий жазып жатканда идеяны турмуштан эле алабыз. “Атакебай” киносунда дагы биздин жакындарыбыздын башынан өткөн окуя, анан ошого дагы башка жашоодогу учурларды кошуп иштеп чыктык. Жок, ички принциптериме каршы болгон, анан өзүм жакшы түшүнбөгөн темаларда сценарий жазбайм. Элибизде “Тоок сойсо да касапчы сойсун” деп койчу беле? Ошондой эле бир нерсени жазардан мурун аны өзүң жакшы түшүнүп, билип алышың керек деп ойлойм.
– Туура айтасыз. Өзүңүздү өстүрүү үчүн кандай иштерди жасайсыз?
– Китеп окуйм, анан мастер-класстарды көрөм. Кинону да көп көрчүмүн, бирок кызым төрөлгөндөн бери кинону мурункудай көп көрө албай калдым.
– Сценарий жазуу же режиссёрлук кылуу: бирин тандаш керек болсо, кайсынысын тандайт элеңиз?
– Сценарий жазууну тандамакмын. Мектепте “окуу, окуу жана окуу” дешсе, бул тармакта азбы-көппү тажрыйбасы бар адам катары “сценарий, сценарий жана сценарий” демекмин. Анткени жакшы окуя, жакшы сценарий болбосо, режиссёрлук деле эч нерсеге жарабай калат.
– Максатыңыз кандай? Кино тармагында эле каласызбы же убагы келгенде башка ишке өтүшүңүз мүмкүнбү?
– Кино тармагында эле калам го. Кинодо чектөө жок да, тартыла турган тема эч качан бүтпөйт. Андыктан алдыда өзүмдү ушул тармактан эле көрөм.
– Жеке бизнесиңиз барбы?
– Ооба, бирок эми бизнесмен эмес, инвестор катары ишкерлик кылып келем. Өзүм ишенген адамдар жана долбоорлор болгондо инвестиция кылам, албетте. Каржылык пайда алып келе тургандай кылып.
– Чыгармачыл адам катары кайсы бир товарды жарнама кылууда жоопкерчилик маселесине кабылып көрдүңүз беле?
– Болгон. Эми иште ар кандай окуялар болуп турат экен да. Биз канчалык кылдаттык менен текшербейли, мындай учурлар кээде болуп калат. Мисалы, биз текшерген кезде баары жакшы болот, анан биз аябай жарнама кылгандан кийин көлөмгө басым жасалып, сапаты аксап калган учурлар болгон. Бирок бул жерден бир нерсени баса белгилеп айткым келет, биз кайсы товарды, кызматты жарнама кылбайлы, алгач өзүбүз толук текшерип көрүп, анан кылабыз.
– Жубайыңыз да чыгармачыл адам. Бир үйдө эки чыгармачыл адамдын болушу кыйын бекен же тескерисинчеби?
– (Күлүп) Эми Бекзаада мени билип эле тийген да, кыйын деле эмес, кайра жакшы. Кеңешкенге дайыма ишеничтүү киши бар жаныңда.
– Кандай ата болом деп элестетчү элеңиз, кандай ата болдуңуз?
– Биз көп жылдар бою балалуу боло албай жүрүп, анан балалуу болбодукпу. Анан ошол балалуу боло албай жүргөндө Кудайдан суранып, "аябай жакшы ата болом" деп өзүмө сөз берген болчумун. Азыр колумдан келишинче берген убадама турганга аракет кылып жатам.
– Негизи сахнанын артында кандай адамсыз? Шайыр, оор басырыктуу же кыялкеч?
– Ар кандай, жакын адамдарымдын арасында шайыр элемин. Жакшы тааныбаган чөйрөдө өзүмдү оор басырыктуу эле алып жүрөм. Андыктан жүз пайыз шайыр же оор басырыктуумун деп айта албайм өзүмдү.
– “Эшек ылайдан өткөндөн кийин” дегендей мурунку жардам бергендерди унутуп койгондор бар, сизде мындай сапат жокпу?
– (Күлүп) Неге мындай суроо бердиңиз, билбедим. Жок, андай сапатым жок. Пендечилик кылып эле кээде унутуп калган болбосом, негизи ага жол бербейм.
– Достукка бекемсизби? Достордон зыян тарткан окуя болгонбу жашооңузда?
– Достукка кандай экенимди досторумдан сураш керек го дейм. А бирок шүгүр, бул жактан жолдуумун. Азырынча достордон зыян тарткан учур боло элек, колдоп-коштоп турган достор көп эле. Мына, жакында эле үйгө курулушка акчам жетпей жатты эле, досторумдан алдым. Албетте, карызга. Жашоодо ушинтип алыш-бериш кылып тургандын өзү жакшы эмеспи...
– Жаран катары оюңуз кандай? Учурда Кыргызстан өнүгүп жатабы же артка кетип баратабы?
– Менимче, жакшы эле өнүгүп жатат, буюрса.
– Уйкуну жакшы көрөсүзбү? Күнүнө канча саат уктайсыз?
– Жок, көп уктай албайм.
– Адамдагы сиз эң жаман көргөн сапат?
– Кечиккендик. Абдан жаман көрөм кечигип, күттүрө бергендерди.
Асел Нурбекова