Эски ырларды аккордеон менен жүрөккө жеткире ырдайт каарманым. Анын үнүнө, аткаруу чеберчилигине баа бергендер көп экени интернет желесиндеги талкуулардан байкалат. Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Чубак Сатаев сыяктуу залкарлардын ырларына экинчи өмүр тартуулап жүргөн ырчы Каныбек Дайырбеков менен пикир алыштык.
– Саламатсызбы, Каныбек мырза? Адегенде өзүңүз тууралуу маалымат алсак...
– Саламатчылык. Өзүм тууралуу айтып кетсем, 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулгам. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Эки эжем, бир иним бар. Музыка дүйнөсүнө кичинемден аралаштым десем болот. Анткени ата-энем экөө тең музыканы түшүнгөн, жакшы ырдаган адамдар. Менимче, алардын таасири менен ырчылыкка кызыгып калдым окшойт. Окуучу кезде мектептер аралык сынактардын баарын калтырбай катышып жүрдүм. Абдан активдүү бала элем, кандай иш-чара болсо да “катышам” деп биринчи катарда турчумун. Иним да менин жолумду жолдоп, музыкалык билим алган.
– Демек, башынан эле өнөр сизге жат нерсе эмес экен да. Сахна адамы экениңизди качан түшүндүңүз?
– Мектепти 2011-жылы бүтүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетине тапшырдым. Биринчи курска барганда эле студенттерди тайпанын ичинен кесиптик бөлүмдөргө бөлүп баштап, мен аккордеон бөлүмүн тандап алдым. Ошол жаатта мыкты чебер Эгемберди Талипов деген агайга бөлүндүм. Эгемберди агай менин устатым болду. Андан көп нерсе үйрөндүм, мектепте ырдап жүргөнүм менен, музыкалык аспаптарды жакшы билчү эмесмин. Окуу жайдан көп нерсе үйрөнүп чыктым, үнүмдү тарбияладым. Азыркы учурда клавищалык аспаптарда: аккордеон, фортепиано ойнойм. Комузду анчалык жакшы болбосо да кызыгып чертип калам. Мына ушул аспаптарда ойноп, ырдоонун техникасын бир аз үйрөнүп баштаганымда эле ордум сахнада экенин сездим окшойт. Андан тышкары окуп жүргөндө жогоруда айтып кеткен агайым Эгемберди Талипов, Жолболду Алыбаев, Түмөнбай Колдошов агайлардан сабак алдым. Ар биринин мен үчүн таасири чоң болду деп айтсам болот. Алардын ырларын ырдап, алар менен концерттерде чогуу жүргөн учурлар болду. Аталган инсандардын акыл-насаатын, кеп-кеңешин уктум. Ошентип өнөрдүн улуу жолуна бет алып, ушул жолдо келе жатам.
– Таланттуу агайлардан сабак алыпсыз. Ыр тандаганда эмнесине көбүрөөк көңүл бурасыз? Сөзүнөбү же обонунабы?
– Ыр тандаганда обонуна да, сөзүнө да көңүл бурам, бул экөө куштун эки канатындай керек нерсе. Ыр адегенде аткаруучунун жүрөгүнө отурушу керек, ошондо гана ал ыр элге жетет. Азырынча автордук ырым жок. Келечекте эл оозунда кала тургандай чоң бир эмгек жаратып, өнөр жолунда өз изимди калтыргым келет. Чоң устаттардын, Рыспай Абдыкадыровдун, Чубак Сатаевдин, Керим Тураповдун, Асанкалый Керимбаевдин, андан кийинки чыккан мыктылардын ырларын ырдап келе жатам. Улуу муундун ырларын ырдагандан ырахат алам.
– Эски ырларды жактырсаңыз, азыркы эстрада ырчыларынын ырлары табитиңизге жакпайбы же...
– Жок, азыркы ырчылардын деле аткаруусундагы ырлар жагат. Мисалы, Сыймык Бейшекеев баштаган бир топ ырчылардын ырлары таасирлентет.
– Ата-энеңиз музыкага жакын адамдар болсо, сиздин ырдап чыкканыңызды колдошту да?
– Албетте. Жогоруда айткандай, ата-энем музыка дүйнөсүнө жакын адамдар. Ырдап чыгышымды абдан эле колдошту, азыр деле колдоп келе жатышат. Сын пикирлерин да айтып турушат. “Эл арасында жүрөсүң, түз жүр, абайла” деген сыяктуу кеп-кеңештерин айтып турушат.
– Ырдаган ырларыңызды соцтармакка жүктөп турасыз, оң же терс комментарийлерге кандай реакция кыласыз?
– Ооба, бардык социалдык тармактарга ырларымды жүктөйм. Көбүнчө жакшы пикирлер жазылса, кээде негатив жазгандар деле болуп калат. Жакшы пикирлерге ыраазы болуп калам, негизсиз сындагандарга көңүл деле бурбайм. Жооп да жазбайм. Ого бетер күчтөнүп жакшы ырларды ырдаганга аракет кыла берем.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Келинчегимдин аты Гаухар, үйлөнгөнүмө беш жыл болду. Эки кызым бар, Сымбат жана Айыма. Улуусу үчтө, кичүүсү бир жашта. Келинчегим бала тарбиясы менен азырынча үйдө.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева