Учурдун эң популярдуу актёрлорунун бири – бул Аскат Сулайманов экени талашсыз. Кайсы кинону карабаңыз, анын образы көзгө урунат. Башкы каарманбы, оң каарманбы, терс каарманбы, айырмасы жок, ишинин майын чыгарат. Аскат мырзадан кезектеги кызыктуу маекке назар салыңыз, окурман.
– Аскат мырза, көптөгөн тасмаларга тартылдыңыз, тартылып жатасыз. Театрдагы жумушуңуз дагы бар, айтор, тынбайсыз. Мунун баарына убакытты кантип бөлүштүрүп, күчтү, энергияны кайдан алып жатасыз?
– Тынбай иштөө – бул акчанын күчү эмес, эргүүнүн күчү. Акчам үй-бүлөмдү бакканга жетет, Кудайга шүгүр. Чыгармачылыкта эргип келе жатканыма 24 жыл болду. Энергияны кайдан алам? Жакшы адамдар менен баарлашуудан, элдин колдоосунан алам. Негизи мен тынчы жок, энергиялуу, көп уктабаган кишимин. Суткасына 3-4 саат уктасам жетет, эс алып калам. Киного тартылууда да, театрда да укмуш бир кайф менен иштейм, ошол мага энергия берет. Батареясы түгөнбөй турган энерджайзер актёрмун.
Азыркы учурда театрда Чыңгыз Айтматовдун ата-энеси тууралуу “Акыркы кат” деген спектаклге даярдыктар жүрүп жатат. Мен терс каарманмын, дос болуп жүрүп, кийин Төрөкул Айтматовдун башына мүшкүл иш түшкөндө сатып кеткен Таңсыкбаевдин ролундамын. Күйөрмандар дагы “дайыма эле комедияларда роль жарата бербей, драма, трагедия, триллерге да тартылбайсызбы?” деп башташты. Жакында жаңы триллер-трагедияга тартылып баштайм. Быйылкы жылдын эсебинен ушуну менен 3-трагедиялык тасмада роль жаратмакчымын.
Актёр болгон соң контентти жакшыртып, инстаграм баракчаны иштетүү керек экен. Ошого вайндарга да тартылуудамын. Чынын айтканда, муну өзүм деле каалабайм, бирок керек экен.
– Сиз тартылган жаңы тасмалар тууралуу айтып берсеңиз...
– Быйыл жайында тартылган “Акыркы дем” тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. 2003-жылы “Айыл өкмөтүнө” 45 күн тартылган элек. Андан берки 22 жылдын ичинде 45 күн тартылган тасма ушул болду. Болбосо башка кинолорго тартылуу 10-15 күндө бүтөт да.
– “Кино – адамды кинодо отурганын унуттурчу касиетке ээ болушу керек” деп белгилүү режиссёр Роман Поланский айткан эмеспи. Көрүүчүнү кызыктырып тартып кетүү кимден көбүрөөк көз каранды, режиссёрдонбу же актёрдонбу?
– Режиссёрдон көп нерсе көз каранды, ал багыт берет. Ал эми тасманын ички уңгусун майын чыгара ойноп, элге жеткирүү актёрдун иши. Ролду өзүңө ишенип ойносоң, эл дагы ишенет. Актёрдун касиети ушунда, сахнада, тартуу талаасында ошол ролдун ичине кирип жашап, ошол каарманды ар тараптан 100 пайыз чагылдырышың керек. Актёрдун дарамети канчалык күчтүү, бийик, сезимтал болсо, образ, роль ошончолук жакшы чыгат. Өзүмдү мактагандык эмес, “Акыркы демди” көргөн улуу-кичүүсү жазып да, чалып да жатышты “жакшы ойнопсуз” деп. Кино бүткөндөн кийин жаш балдардын “Аскат байке өлүп калды!” деп ыйлаганы тартылган видеолорду социалдык тармактардан көрсөңүздөр керек.
Мага Таластан бирөө чалды. Кинону көргөндөн кийин баласы мени өлүп калды деп ыйлап, үйүндөгүлөрдү уктатпаптыр. Ал балага чалып “мен тирүүмүн, өлгөн жокмун. Ал деген кино да” деп түшүндүрсөм, тирүү экениме ишенип сүйүнүп кетти. Кичине балдар сезимтал болушат да.
Айрым актёрлор бар, жанын кыйнагысы келбей эптеп ойномуш болуп коюшат. Мисалы, ыйлай турган жерден көздү ачыштырчу дары тамыздырып ыйламыш болуп коёт. Мен андай эмесмин, чындап ыйлайм. Кино тарткандар күлө беришет “Аскат байке, ушул жерден жаш акчу краныңызды ачып коюңуз” деп.
– Аскат мырза, жалпы канча тасмага тартылдыңыз? Кайсы актёр, актриса менен ойногон жеңил сиз үчүн?
– Саны 50-60 болдубу, так айта албайм. Актёр тартылган киносун санабайт деген ырым бар. Башында санап жүрчүмүн, 12ге жеткенде токтотком. Ал эми бул же тигил актёр, актриса менен ойногон жагат деп бир-экөөсүн бөлүп көрсөтө албайм. Ар кимдин өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар. Тасмаларда өнөктөш болуп көбүнчө Альбина Имашова, Таалайкан Абазова, Гүлжамал Мамытбекова менен иштешип келе жатам, баары кыйын актрисалар.
– Жаш актёрлордун арасында сиздердин орунду татыктуу ээлечү, купулга толчусу көп элеби?
– “Алмашкыс эч ким жок” деген бир жакшы сөз бар, анын сыңарындай толтура. Дастан Батырбеков деген таланттуу актёр бар, “Полчанда” бирге ойногонбуз. Көптөр “сиздин ордуңузду ушул басат окшойт” деп калышат. Бирок экөөбүздүн амплуа эки башка.
– Тасмаларда башкы роль көбүнчө сизге бериле берсе, башка актёрлордо кызганыч болот болуш керек?
– Мага көптөр ачык эле айтышат “сиз эле ойной бересизби, биз дагы ойнойлу да” депчи. Ошого 2023-жылы 7 киного тартылгандан кийин 2024-жылы жыл ичинде тартылбай эле коёюнчу деп чечкем. Бирок жарым жылдан кийин кайра эле тасма талаасына чыктым. Анткени уулумду үйлөнтүүгө акча керек болду. Бир режиссёр тасмага тартылууну сунуштады эле “көп тартылып жибериптирмин, эл ушинтип жатат” десем, күлдү. “Эгер актёр эмес, хирург болсоңуз, "1 жыл ичинде көп операция жасап жибериптирмин, эми 1 жыл жасабай турайын" демек эмессиз да. Кесибиңиз актёр болгон соң тасмага тартылуу сиздин ишиңиз” деди. Анын сөзү чындык болчу. Образым өтүмдүү болгону үчүн көп сунуш түшүп жатат болуш керек. Атаандаштык болгону менен, режиссёрлор менин мүнөзүмө, турган турпатыма, харизмама ылайыктап сценарий жазып, чакырып жатышса, барам да анан.
– Тасмадагы кайсы ролуңуз өзгөчө кыйынчылык жараткан?
– “Акыркы демге” тартылганда абдан кыйналдым. 2 күн аттын үстүндө тынбай чаптык. Мага кошулуп арык актёр балдар да ат чаап жүрүштү. Ошолор кечинде “жаш, арык болуп туруп биз чарчап калдык. Сиз алдагы салмак менен кантип чаап жүрөсүз?” дешти. 2 күн ат чапкандан кийин, 2 күн жаттым ооруп. Ооруканага барып тамчылатма дары куйдуруп, дары ичтим. Ичим эзилип калган окшойт, көптөн бери ат минбегенге. Түнү менен уктай албай катуу кыйналдым. Бир туруп Бишкекке кетип калайын дедим, бирок уятым жол бербеди. Анткени тартуу ишинде 60тай адам жүрдүк. Кетсем, ошончо адам күтүп калмак. Ошого “өлүп калсам да аягына чыгайын” дедим.
– Жан дүйнөңүзгө жакын каарман болбосо образга кире албай кыйналган учурлар болобу?
– Андай ролдор болуп калат. Мисалы, манасчы Сагынбай Орозбаковдун ролун аткарууда абдан кыйналдым. 60 жаштагы оор басырыктуу кишинин образын жаратыш керек эле. Башкалар эс алып жатканда мен “Манастан” үзүндү жаттайм. Өмүрү колдонбогон сөздөрдү ошол жактан окуп, билдим. Жумушумду бат бүтүрүп салганга умтулган, бир орунда тура албаган кишимин. Манасчынын образы менин карама-каршым болду да, ошого кыйналуу болгон.
– Жубайыңыздын колдоосу кандай учурларда абдан сезилет?
– Ар күнү эле сезем. Уйкудан турсам кие турган кийимим, иче турган чайым даяр. Кинодо канча деген кыздар, аялдар менен иштешем. Жумуштан үйгө кеч келем, кызганбайт. Бирок мен туура эмес ойлонуп калбасын деп чалып, “бул жакта, мындай эпизоддорго тартылып жатабыз” деп айтып турам. Жумушка күлүп-жайнап узатып, кайра ошентип тосуп алып турганынын өзү мага колдоо деп билем.
– Балдарды тарбиялоодо атанын орду башка деп айтылат. Үйдө көп болбосоңуз, бул жагынан кандай болууда?
– Мен бактылуу кишимин, үйдө апам да бар. Мен жокто жоктугумду билдирбей, ошолор тарбия берүүсүн уланта беришет. Узакка киного тартылып калганда деле 10 күндө бир үйгө келип турам. "Тигинткиле, минткиле" деп аталык акылымды, насаатымды айтып, бейбаштык кылышса акырын эскертүү берип, тарбиялап турам.
Канымжан Усупбекова