Мирбек Тентиев: “ЯПОНИЯДА ЧУЧУК, ЭТ, КУРУТТУ САГЫНАМ”

Кадимки Нарындан Японияга сапар тартып, 10 жылдан ашуун убакыттан бери Осака шаарында жашап, иштеп келе жаткан мекендешибиз Мирбек Тентиев менен баарлаштык. Мекенге болгон сагыныч, япондордун жашоо образы жөнүндө кеп кылган маектешим тагдырындагы урунттуу окуяларын да айтып берди.

 

– Мирбек мырза, Японияга кандай жол менен барып калдыңыз эле?

– Мен 1985-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөм. Чкалов орто мектебинде 11 жыл окуп, Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу бөлүмүнүн япон тили кафедрасын аяктагам. Алгач Японияны университетте окуп жүргөндө көрдүм, бир долбоор аркылуу Киото шаарына келип бир жыл окуп кеткем. Андан кийин Кыргызстанда Япон-Кыргызстан JICA долбоорунда иштеп жүрдүм. Нарында, анан Бишкек шаарындагы эки көпүрөнүн курулушунун үстүндө иштедик. Анан 2012-жылы бул жакка келишимдин себепкери Нурбек деген жакын досум, кесиптешим болду десем болот. Ал бул жакка 2011-жылы келген, бир жылдан кийин мени чакырып, ошол аркылуу келип калдым. Он жылдан ашуун экөөбүз бир компанияда иштедик. 2022-жылдын башында өзүбүзчө бөлүнүп, НБМ деген компания ачтык. Биз бул жакта Япониядан өндүрүлүп чыккан продукцияларды башка өлкөлөргө экспорттоо менен алектенебиз.

– Алгачкы күндөрү кыйынчылыктар болдубу? Жаңы тил, жаңы маданият, жаңы жашоо... Ошол учурларды эстесеңиз?

– Бул жакка келгенде мени баарынан айдоочулардын жолдогу этикалары аябай таң калдырган. Мисалы, Кыргызстанда жол чыракта же тыгында тургандар кайра-кайра сигнал баса беришет эмеспи. Бул жакта андай кылуу аябай жат көрүнүш, андай нерсе бул жакта сөккөнгө барабар болуп эсептелет. Анан адамдардын дайыма күлүп жүргөнү, кичи пейилдиги аябай башкача сезилген. Албетте, көнгүчө бир аз кыйынчылыктар болгон.

– 13 жыл ичинде жашооңуз кандай өзгөрдү? Япония сизди кантип тарбиялап, эмнелерди үйрөттү?

– Эми бул жылдар аралыгында, албетте, көп нерселер болду. Чет өлкөдө жашоонун өзү эле чоң сыноо да, бирок мени 100 пайыз түп тамырымдан өзгөрткөндөй деле эч нерсе болгон жок. Япония сабырдуулукка, анан кичи пейилдикке үйрөттү десем болот.

– Эмгектенүү маданияты жагынан япон эли менен кыргыз элиндеги кандай айырмачылыктарды байкайсыз?

– Айырмачылык асман менен жердей эле. Япон эли ишине аябай кылдат, жоопкерчиликтүү мамиле кылышат, кош көңүл мамиле кылышпайт. Кандай тармакта иштешпесин жумушун аябай баалашат. Бул жакта бардык кесиптегилерге, кесиптерге аябай сый мамиле кылышат.

– Үй-бүлөлүк жашоо кандай?

– Баары жакшы. Бул жакта көп балалуу болуп иштөө абдан кыйын. Көпчүлүк япондор бирден же экиден эле балалуу болушат. Биз эми кыргыз экенбиз да (күлүп), менин да, досум Нурбектин да төрттөн бала-чакабыз бар.

– Балдарыңар, алардын тарбиясы, өнүгүүсү, окуулары тууралуу айтып берсеңиз?

– Балдарыбыз бала бакча, мектептерге барышат. Тил жагынан айта турган болсок, башында балдарыбызга кыргыз тилин кошо үйрөтүп кеткенге аракет кылдык. Бирок кыйналганын көрүп, аларга көп басым жасабайлы дедик. Бирок үйдө дайым кыргыз тилинде сүйлөшөбүз, анан санарип доордун алкагында балдар көп нерсени интернеттен эле үйрөнүп алышат экен. Мисалы, биз орусча таптакыр үйрөтпөсөк деле интернеттен ар кандай мультфильмдерди көрүп отуруп өздөрү эле үйрөнүп алышты. Бул жагынан кыргызча материалдардын аздыгы бир аз өкүндүрөт.

Албетте, “силер кыргызсыңар, биз бул жакка Кыргызстандан келгенбиз” деп өзүбүздүн тарыхыбызды, түп-тамырыбызды айтып келебиз. Менимче, өз тарыхын билбеген адам – өзүн тааныбаган адам болуп калат.

– Осакада кыргыздар көппү? Майрамдарда чогулуу жөрөлгөсү сиздерде деле бар болуш керек?

– Ооба, эки жылдай болуп калды, бул жактан расмий түрдө кыргыз диаспорасын каттатканбыз. Нооруз жана 31-август – Эгемендүүлүк күнүн сөзсүз түрдө белгилейбиз. Атайын салтанаттуу иш-чараларды уюштурганга аракет кылып келебиз. Мурун улуттук тамак-аш жагынан жеңилирээк болчу, бул жакка чучук, эт, курут жана ушундай азыктарды алып келүүгө мүмкүн эле. Азыр болсо аэропорттордо тыюу салынып, тилекке каршы, улуттук даамдарды алып келе албай калдык. Аябай сагынабыз өзүбүздүн тамак-аштарды.

– Японияда ата-эне болуу кандай? Тарбия, коопсуздук, билим берүү жагынан Кыргызстан менен салыштырып көрөсүзбү?

– Япондордун тарбия берүү системи мен үчүн уникалдуу болуп келет. Бул жакта бала бакчадан баштап эле балдарга өзүнүн колдонгон буюмдарын өзү жыйнагандан тарта, көп нерседе көз карандысыз болууга тарбиялашат. Анан балдарын кыйкырып урушканын таптакыр көрбөйсүң. Жөнөкөй эле сөздөр, сабырдуулук менен бардык нерсеге үйрөтүшөт. Ал эми биздикилер үйгө келгенде бизге бир аз эркелеп, аны кылып бер, муну кылып бер деп калышат. Бул жакта коопсуздук маселесине аябай чоң маани берилгендиктен, балдар бир жакка кетишкенде көп деле ойлонбойсуң. Албетте, жанында дайыма GPS-трекерлер, анан телефондору бар.

– Кыргызстандагы эмнени көп сагынасыңар, мисалы?

– Бизди Кыргызстанга байлаган көп эле нерселер бар. Бардык жакындарыбыз ошол жакта, жашообуздун, балалыгыбыздын сонун көз ирмемдери Кыргызстанда калды. Тамырыбыз ошол жактан да, анан азыр технологиянын заманына шүгүр, ватсапп, телеграм жана ушул сыяктуу тиркемелер аркылуу жакындарыбызды байма-бай көрүп, баарлашып турабыз.

– Күндөр кандай өтүп жатат, кызыктуубу же окшош күндөр көппү?

– Баары өз орду менен эле өтүп жатат. Мурун балдар кичине кезинде Нурбек экөөбүз иштесек, жубайларыбыз бала-чака, үй-бүлө иштери менен алек болушчу. Азыр балдар бир аз өсүп, кичүүлөрү бала бакчага баргандан баштап келинчектерибиз дагы биз менен чогуу иштеп башташты. Эртең менен баарыбыз тарап кетип, кечинде кайра чогулабыз.

– Кыргызстанга кайтып келүүнү ойлоносуздарбы?

– Мекенге кайтуу, албетте, планда бар. Кыргызстанда азыркы учурда деле бизнесибиз бар десек болот. Бул жактан башка өлкөлөр менен катар Кыргызстанга да товар экспорттоп келебиз.

– Акыркы суроо болсун, Япониядагы тажрыйбаңарга таянып жаштарга жана жаш үй-бүлөлөргө кандай кеңеш айтмаксыңар?

– Эми аябай кеңеш айткыдай азыр анчалык картая элекмин (күлүп). Көп окугула, тил үйрөнгүлө, тарыхка маани бергиле демекмин.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан