Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башталышы)

КЫСКАЧА ТҮШҮНДҮРМӨ: Буга чейин гезит бетине “Күндөлүк” чыгармасын жарыялаганбыз. “Күндөлүк-2” ошонун уландысы, арадан 5 жыл өткөндөн кийинки окуяларды камтыйт. Бул чыгармада башкы каармандын ысымы жарыяланбайт.

xxx

14.02.ХХХХ. Салам, күндөлүгүм! Баягыда айтып жатпадым беле Эрнист экөөбүз Таиландга учабыз деп... Хмм... Болбой калды. Аялы жаман шүмшүк да. Ооруканада да жөн жатпай, “кыйналып жатам” деп Эрнистти алдап жанынан чыгарбай жатат. Билем ал куу түлкүнү, эч жери оорубаганын да билем. Жөн гана обу жоктонуп жатат да. Бирок менде капачылык жок. Себеби өзүм Таиландга келгениме 1 жуманын жүзү болду. Эрнист: 
   – Артыңдан барып калам. Жыргап эс ала бер,- деп мени камсыздап жөнөткөн. Ал жок андан да укмуш экен! Сулуу-сулуу мырзалар бар. Болбосо Эрнист мени кызгана берип шайымды оодарчу эле. Ананчы? Курсагын салаңдатып, элүүнүн кырына келип калган аны жанымдан көргөн ким болсо деле менин атам деп ойлойт. Ха... Алтынды алып алайын десем, Эрнист билсе өлтүрөт. Азыр өзүмө көйгөй жаратпай турайын дедим. Күчүгүм, Алтышты сагындым. Байкушум, кышкы сессияларын бүтүрүп жатса керек азыр. Бечара студентим менин. А мен болсо деңиз жээгинде зериккенимден сенин барактарыңды толтуруп жатам. Күнгө кактанып. Коё турчу. Бир орус го дейм... Мени карап, көзүн кысып жатат. Бүгүнкү түн да жалын болот окшойт. Көрүшкөнчө!

xxx

15.02.ХХХХ. Жаман болуп жатам. Дем жетпей жатат, күндөлүгүм. Кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Азыр отелде өз бөлмөмдө араң жан болуп жатам. Башым сынып калайын деп ооруп жатат. Эстеп кеттим. Бүгүн отелге жакын аймактан мени аз жерден мотоцикл айдаган бир бала сүзүп кете жаздады. Сүздү. Бирок бутумдун бир аз жери эле чийилиптир. Уяты бар экен. Токтой калып, мага “Тез жардам” чакырып, өзү доктурга көрсөтүп, чыгымын төлөдү. Бирок кеп бутумда эмес. Бутумдун чийилгени курусун! Ошол ирмем... Мотоцикл... Мени алыстарга жетеледи. Боздоп ыйлап да алдым.

Мансур... Алтыным... Жалгызым. Ошол каргашалуу түн эсиме келип кетти. Ух-х! Жүрөгүм кысылып, араң жатам. Бул жөнүндө канча жазсам да, унута албай койдум. Сүйгөнүмдүн ордуна мен кетсем кана... Ошол түнү мен өз бөлмөмдө жер тытмалап ыйлап жатканда Мансур, сен, мотоциклиңди мине катуу ылдамдыкта айдап кеттиң. Акбар жетпей калды артыңдан жүгүрүп. Досторуң эмне болгонун түшүнбөй дендароо турушту. Мага айтып беришти. Бирок өз көзүм менен көргөндөй элестей берет. Анткени мен сени жакшы билчүмүн. Азыр да ар бир кыймылың эсимдин түпкүрүндө жатат. Билем, сүйгөнүң сени сатып кетти! Жүрөгүңө бычак сайды! Болгондо да өз атаңдын ойношу экенимди көргөнүңдө жүрөгүң чачырап кеткендир. Кечир, жаным! Сенин өлүмүңө мен күнөөлүүмүн! Мен!!! Менин айымдан мотоциклди катуу ылдамдыкта айдап бара жатып авария болдуң. Мен өзүмдү кечирбейм! Мен дароо билсем кана... Кайдан? Сенин денеңди жерге берип жатканда, мен бейкапар сени келет деп күтүп, улам бир бөтөлкөнү бошотуп, мас элем. Мага эч ким кабарлап да койгон жок. Бир айдан кийин гана Акбар келип, үйдү талашты. Мен берген жокмун. Мени өлтүрүп, анан ала бер дедим. Ошондо гана ал:

– Азыр мага өлүм коркунучтуу эмес. Дүйнөдө эң коркконум – көкүрөк күчүгүмдүн күлкүсүн укпай калуу эле. Укпай калдым. Азыр мага эч нерсе коркунучтуу эмес,- деп ыйлады. Ошол күнү гана уктум, Мансур, сени жоготконумду. Андагы абалымды эстегим да келбейт. Башкача азаптуу күн эле. Бирок бүгүнкү окуя баарын эстетип койду. Жаш туруп жүрөк оорулуу болдум. Сумкадан дарымды алып, пластинкадан чыгарып оозума салып, артынан суудан жутуп, эс ала отуруп калдым. Мына, күндөлүгүм. Сенин эң акыркы барагыңда дайым Мансурдун сүрөтү жүрөт. Мен сүйгөн жалгыз эркек ошол гана. А калгандары... Жөн гана сөлөкөттөр...

xxx

22.02.ХХХХ. Тажатты го ушул аял! Мен Акбардын аялы Гульмира жөнүндө айтып жатам. Гулечка, Гульмирочка, эмне деген түшүнбөгөн жансың? Эсиңдеби, күндөлүгүм? Бир жолу балдарды жалдап, мени сүйрөп барып бир көлмөнүн жээгине жылаңач таштап кеткен. Анда алсыз, жаш секелек элем. Азыр чачымдын бир талына тийип көрсүнчү! Көргүлүгүн көрсөтөм! "Акбардын башын айлантып алгансың" деп ушул күнгө чейин күнөөлөп келет. Коркутууларга баш ийбей калганда, эми күндө болбосо да бир айда бир СМС жазып коркутуп, өзүн эстетип турат. Көнүп деле калдым. Акбар аялы менен жашайт деген эле аты болбосо, аябай ойноок болуп кеткен. Угуп турам да. Айрыкча Мансур каза болгондон кийин жашоого кызыгы калбай калгандай жүрөт. Баса, Мансур анын каза болуп калган биринчи жубайынан экен. Гульмира экинчи аялы экенин кийинчерээк уктум. Эми түшүндүм, эмнеге Мансурдун өз алдынча болуп өскөнүн. Бирок ошого карабай “апам” деп сөз тийгизчү эмес. Балким, чынында эле мыкты эне болгондур. Аны билбейм. Бирок Гульмира менин кекиртегиме жетип бүттү! Жиним келе чачымды жасатып отургам. Чыдабай кетип СМС жаздым:

“Урматтуу Гульмира! Балким, мен мурдагы болуп өткөн иштер үчүн жооп береттирмин. Бирок күйөөңдүн азыркы аялдарынын азабы менин тынчымды албашы керек. Кыйынсыңбы? Шуркуяларына барып беттен ал, тытыш, мушташ. Каалаганыңды кыл. Мени тынч кой. Кайрадан жашооңо аралашып кала электе...” деп жазсам, тынчып калгансыды. Өзүмдүн салонумда отурам. Эсиңдеби баягы эки шакирт кыздар? Алар азыр менин эң ишенген жардамчыларым. Колдоруна кайчы тие электе эле кыймылдап кетет го. Өз ишин мыкты билген кыздар. Бири чачымды жасап отурган. Сөз баштап калды:

– Эже, жаман болуп жатам. Аялына боорум ооруйт, бирок аны сүйөм. Ансыз жашоомду элестете албайм.

– Менден эмне сөз уккуң келип жатат?- дедим ансыз да каным кайнап турган жаным.

– Эмне кылсам? 

– Өзүң билесиң да. Жашсың го. Өзүң теңдүү бай табылган жокпу?

– Ал деле картаң эмес го.

– Бирок төрөбөсө да аялы бар. Менин сага кеңешим, жыйыштырып эле кой. Бойдок жигиттен өтөрү жок. Бир чалынсаң, оңор эмес чалынасың. Апаң билеби?

– Кайдан? Алар билбесин. Айта көрбөңүз,- деп жылмайып койду. Бул кыздан бир нерсе чыгат. 18ге чыгып-чыга элек жатып өзүнө тың. Жемин жедирбейт. А мен болсо чачымды жасатып алып, үйгө жөнөдүм. Бүгүн үйгө студентим келмек. Ал келгиче даярданып, үйдө күтүп отурдум.

xxx

01.03.ХХХХ. Салам! Мен азыр Оштомун. Ооба. Күтүлбөгөн жерден келип калдым. Үч күн мурун Бишкектен Эрнист экөөбүз жолугуп, ресторанга барганбыз. Жагымдуу атмосфера, уккулуктуу жеңил музыка, баары сонун эле. Маанайым ачык болчу. Биз VIP кабинада отурганбыз. Кокустан көпчүлүктүн арасында отурган бир мырзаны көрүп, көпкө тигиле карап калдым. Ким экен дебейсиңби? Бека... Бекзат... Жанындагы жубайы го, толугунан келген бир келин отурду. Бул каяктан келди экен, кызык. Көпкө аларды аңдып отурдум. Жанымдагы Эрнист иши жөнүндө айтып берип жатты, анын сөзүн кулактын сыртынан эле кетирип жаттым. Бир топ убакыттан кийин экөө туруп жөнөштү. Ушуну эле күтүп тургам жанатан бери. Эрнистке “азыр келем” деп, ордумдан туруп түз эле жанашып бара жаткан жубайларды токтотууга ашыктым. Тез-тез басып бара жатышкан, чыдамым кетип "Бека!" деп кыйкырсам ал караган жок да, келин мени карап калды. Ылдам баса жанына жетип келдим, кыязы, Бекзат мени биз келгенде эле байкаса керек. Көздөрүн ала качып, тайсалдап араң учурашты.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан