Эмне үчүн океандар “океан” деп аталат?

Бардык нерсенин башаты делген

Байыркы грек уламыштары боюнча, Океан – дүйнөлүк дарыянын же суу стихиясынын Кудайы. Дүйнөлүк дарыядан кийинчерээк Жер жана космос пайда болгон. Гректер ошол дарыяны бардык нерсенин жаралышы, башталышы катары карайт.

Океан тынчтыкты сүйгөн, акылман Кудай катары сүрөттөлөт. Аялынын аты – Тефия. Экөөнөн 3 миң кыз, 3 миң бала (дарыялар жана майда океандардын Кудайлары) жаралган. Ошентип Океан жер бетиндеги океан, дарыялардын жаратуучусу катары каралат. Балдар-кыздарына Климена, Метида, Плуто, Клития, Идия, Кето, Термес, Исмен, Герм, Эван жана башка ысымдарды коюшкан. Метида кызы Зевстин биринчи аялы болгон. Океан башка Кудайларга кошулуп, Зевске каршы согушкан эмес. Аброюн, даңкын сактап калган. Океандын агымынан канаттуу ат жаралып, ага Пегас деген ысым коюшкан. Пегас байыркы гректерче “күчтүү агым” дегенди билдирет. 

Төрт океан тууралуу

Континенттер жана архипелагдар дүйнөлүк океанды 4 бөлүккө бөлүп турат. Алар: Атлантика, Инд, Тынч жана Түндүк Муз океандары.

Тынч океан калгандарына караганда эң чоң, эң терең жана тирүү организмдердин көптүгү менен 1-орунда турат. 1520-жылы португалия-испаниялык деңиз саякатчысы, Жер шарын алгачкылардан болуп кыдырып чыккан Фернан Магеллан Отту жер аралынан Филиппин аралына кеме менен сүзүп өтөт. Ошондо мелмилдеген баш-аягы көрүнбөгөн суудан катуу толкундарды кезиктирбейт. Ошондуктан аны “Тынч” деп атаган.

Атлантика чоңдугу боюнча 2-орунда, эң туздуу океан. Аталышы алгачкы ирет биздин заманга чейинки V кылымда байыркы грек тарыхчысы жана географы Геродоттун эмгегинде эскерилген. Аталышын ийининде асманды көтөрүп турган титан Атланттын атынан алган.

Инд океаны – бул чоңдугу боюнча 3-орунда. Ага ушундай аталышты биздин доорго чейинки 1-кылымда римдик Плиний ыйгарган. Бирок XVI кылымда гана аталыш илимий негизде бекитилген. Океандагы эң чоң арал – Мадагаскар.

Түндүк Муз океаны – аталышы жайгашкан ордуна, климатына карата чыккан. Океандардын эң кичинекейи болгону менен, аралдарынын көптүгү боюнча 2-орунда турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан