ЖОМОК УККАН БАЛА МЕНЕН АТА-ЭНЕНИН БАЙЛАНЫШЫ БЕКЕМ БОЛОТ

Жаш балдардын дүйнөсү – таза, кошулмасыз, сыйкыр дүйнө десек болот. Алар үчүн баары жаңы, таза, кошулмасыз... Алардын дүйнөсүнө кантип кошулуп, байланыш түзүүгө болот? Баланын бекем пайдубалын түптөөдө, ак-кара эмне экенин ажырата билүүсүнө ата-эне салым кошуусу керек. Ал салымды жомок окуп берүү менен да ишке ашырса болот. Негизи эле балага жомок окуп берүүнүн көптөгөн пайдасы бар экенин билчү белеңиз?

 

Качан окуп баштоо керек?

0-1 жаш. Албетте, бул учурда окулган жомоктун маанисин түшүнбөйт. Бирок угуу, көрүү системдери жаңыдан калыпка келе баштаган маал болот. Бала окуп жаткан адамдын үнүнө, мимикасына, интонациясына басым жасайт.

1-3 жаш. Бул учурда бала көбүрөөк көргөнүнө, кыймыл-аракетке басым жасайт. Баарын кармап, оозуна салып, тиштеп көрүү менен “таанышат”. Иттин сүрөтүн көрсөтүп “ав-ав”, уйдукун “мө-ө”, койдукун “ма-а” деген үндөр менен коштоп окуңуз. Күнүгө окуганга бала көнөт, апасынын китеп окуган үнү менен тынчтанып, уйкуга кетиши да мүмкүн. Бала чоңойгон сайын китептеги каармандарды, сөздөрдү көбөйтө баштаңыз. Жаныбарларга, машина, гүл жана башка чыныгы жашоодо кездешкен, көзү көрүп жүргөн нерселерди кошуу керек.

4-6 жаш. 4 жаштан баланын дүйнө таанымы өзгөрүп, ой жүгүрткөнгө, кабыл алганга, өзүнүн эмоциясын (боору ооруп, жинденип, кошо кубанып, эмне болорун тынчсыздануу менен күтүп жана башка) билдирүүгө жарап калат. Андыктан кыска сюжеттүү жомокторду кошобуз. Ак менен кара эмне экенин ажырата билдирген жомокторду. Жомоктордун каармандары жаныбарлар жана адамдар болсун. Өз үй-бүлөңөрдүн мисалында каармандарды аралаштырсаңыз болот, баланын кабыл алуусу жеңил өтөт. Анан да жомок окууну адатка айлантыңыз, кайсы жомок жакканын, эмнеге жакканын сурап туруңуз. Жомокту монотондуу үн менен эмес, каарманга жараша үндү өзгөртүп, эмоция кошуп окусаңыз бала кызыгат. Эртеси да күтөт. 

6 жаштан өтүп, мектепке бара баштаган баланы кыйнап китепке көндүрүүгө болбойт. Анткени бала жаңы дүйнөгө баш багып жаткан учур. Андыктан баарын өз мисалыңызда көрсөтүңүз. Өзүңүз китеп окуңуз, кызыктуу болуп жатканын эмоциялар менен билдириңиз. “Эмне жөнүндө?” деп сураса “ишиң болбосун, бар сабагыңды оку же ойно” деп кагып салбай, кыскача түшүнүк бериңиз китеп жөнүндө. Ал кайсы багытка (спорт, жаныбарлар дүйнөсү, география, робототехника жана башка) кызыкканын байкап, ошол темадагы балдарга арналган китептерди сатып бериңиз. Биринчи өзүңүз окуп көрсөтүңүз. Бала окуп жатса, кызыгып сураңыз эмне жөнүндө экенин. Бул мезгилде бала көргөнүн жасайт. Демек, сизди көрүп китепке болгон кызыгуусу, сүйүүсү ойгонот. Анан да кечинде кыска-узун сюжеттүү жомок окуу адат болушу керек.

Жомок окуп берүү балага кандай таасир берет?

Эмоционалдык бекем байланыш. Күнүгө кечкисин 15 мүнөт же жарым саат гана убакытты жомок окуп берүүгө бөлүңүз. Бул бала менен ата-эненин ортосундагы эмоционалдык байланышты бекемдейт. Алгач кичинерээк кезинде ата-энесин коргоочу катары кабыл алат. Эс тарткан сайын “ата-энеме керекмин, мага көңүл буруп жатат, мени күнүгө эстейт, жакшы көргөнү үчүн окуп берип жатат” деген ой менен чоңоёт. Кийин чоңойгондо “ата-энем мени карачу деле эмес” деген сыяктуу психологиялык жаракатка алып келчү нерселерден алыс болот. Ата-энесинин жомок окуп бергенин өмүр бою унутпай, жылуу сезимдер менен эстеп жүрөт. Жомок окуу процесси үй-бүлөнү бириктирген сыйкыр процесс десе жарашат.

Тынчтандырат. Бала күнү бою активдүү абалда болуп, кеч кирери менен тынчтанып дароо уктап калуусу чанда кездешет. Күнү бою көргөнүн, жасаганын ата-энеси менен бөлүшкүсү, анализдегиси келет. Мээ тынчтануусу, эс алганга камынуусу үчүн убакыт керек. Андыктан “үнүңдү бас, көзүңдү жум, укта бол!” деп баланы кыйноо жарабайт. Баланын көңүлүн жомокко буруңуз, кызыктуу сюжет аны алаксытат, ата-энесинин үнү аны тынчтандырат, өзүн коопсуз сезет. Окуу күндө кайталанганда тынчтанган жан дүйнөсү ата-эненин үнү менен уктаганга көнөт.

Жакшы сапаттарды ойготот. Кызыктуу жомок балада түрдүү эмоцияларды жаратат, мисалы, боорукерликке үйрөнөт, жардам берүү, уурулук кылбоо, алдабоо, алсызды урбаш керек, коргоо керек, сүйүү, достук эмне экенин билет. Чоочун адамдар менен кетпеш керек, эшик ачпаш керек, адамдар менен учурашуу, ыраазычылык билдирүү, сак болуу жана башка көптөгөн сапат, кыймыл-аракеттерди ажырата баштайт.

Фантазиясы күчтүү болот. Ооба, жомок уккан баланын фантазиясы күчтүү, ой чабыты, логикасы кенен болот. Стандарттан сырт ой жүгүртүү баланын келечегине да жакшы таасир берет.

Сөз кампасы кенен. Дайыма жомок уккан баланын сүйлөө речи жакшырып, сөз кампасы да кенен болот. Өзү сүйлөм түзүп, оюн так, көркөм жеткирет. Мектепке барганда да сабакты бат түшүнүп, мугалим менен бат байланыш түзөт, оюн коркпой, так, түшүнүктүү айтат.

Эске тутуусу бекемделет. Жомок уккан баланын эске тутуусу жакшы болот. Ал үн аркылуу толук сюжетти кабыл алат, аны анализдейт, ой жүгүртөт, эсинде сактап калат. Башкача айтканда, мээси дайыма “машыгууда” болот.

Дүйнө таанымы кеңейет. Жомоктор балдарга жаңы дүйнөнү ачып берет. Жомок аркылуу көптөгөн жаныбарларды тааныйт, көп мамлекет, көп улут бар экенин билет. Түрдүү элдердин каада-салты, жеринин аба ырайы, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү, аба ырайындагы өзгөчөлүктөр тууралуу кабардар болот.

Чоң жашоого даярдайт. Жомоктогу түрдүү кырдаалдар, тоскоолдуктар, кыйынчылык, жакшылык жана башка окуялар балдарды алдын ала чоң жашоого даярдайт. Чыныгы жашоодо бир кырдаалга туш келгенде бала салыштырганга мүмкүнчүлүк жаралат, андан кантип чыгуу керектигин, эмне жасабаш керек, чоңдорго айтуу зарыл деген сыяктуу базалык көндүмдөргө ээ болот.

Китеп тандоо

Жомок тандоо чоң мааниге ээ. Мисалы, кээ бир жомоктор аркылуу ата-энени сыйлоо, кам көрүү керек. Бир туугандар ортосундагы ынтымактын маанисин түшүндүрүп берет. Кээ бир жомоктор аркылуу коркунучтуу окуялар жашоодо болорун, ал учурда эмне кылуу керектигин үйрөтөт. Негизгиси тарбиялык мааниси бар, пайдалуу жомок тандоо зарыл.

Андан сырткары жомокторду тандоодо баланын темпераментине, мүнөзүнө да көңүл бөлсө болот. Мисалы, гиперактивдүү балага жай мазмундагы жана тентек балдар тууралуу жомок алыңыз. Ал эми жоош, коркок балдарга эр жүрөктүүлүк, баатырдык, тайманбастык тууралуу жомокторду окуп берген оң. Маанилүүсү, ата-эне өзү жомоктун мазмунун акырында кыскача түшүндүрүп бере алгыдай болсун.

Жомокто гана калат...

Жомок окуп берүүдө ата-эненин алдында дагы бир маанилүү милдет бар. Бала кээ бир көз ирмемдер жомокто гана болорун билиши керек. Мисалы, ханбийкени өлтүрүп койсо болот, аны ханзаада өпкөндө ал тирилип кетет дегендей учурларды. Реалдуу жашоодо болбой турган нерселерди ачык айтып, акырындан аң-сезимине түшүндүрүү керек.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1197, 21-27-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан