Жыл сайын кыш келерде өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоо маселеси күн тартибине чыгат. Быйыл да Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырып, “кыш кыйын болот” деп эскертүүдө. Канчалык кыйын болот? Кайсы өлкөдөн, канча көлөмдө электр энергиясы импорттолгону жатат?
Сандар сүйлөйт...
Кыргызстанда учурда 1,5 миллиондон ашык абонент бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. Өлкө жылына орто эсепте 17 миллиард киловатт-саат көлөмүндө электр жарыгын пайдаланат.
Кайталанган убада, кечиккен жыйынтык...
Суунун башында жайгашкан Кыргызстан энергетикалык кризистен дагы деле чыга элек. Президент Садыр Жапаров быйыл 27-октябрда Кара-Көл кичи ГЭСинин ачылышында кыйын кырдаалдан чыгууга дагы 2,5 жыл бар экенин айтты. Айтымында, өлкөдө завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала бакчалар көп курулуп, ушул себептүү өлкө электр энергиясынын тартыштыгын кууп жете албай жатат. “2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой, 30 жыл чыдаган жаныбыз дагы 2,5 жыл чыдап коёлу” деп сооротту президент. “Энергетикалык көз карандысыздыкка аз жылда жетебиз, чыдап койгула” деген мурдагы бийликтердин убадаларына көп жолу оозу күйгөн эл бул убадага да ишенерин же ишенбесин билбей турат.
Раимбек Мамыров, энергетика боюнча эксперт: “Кризис дагы 4-5 жылга чейин уланат”
"Электр энергиясынын тартыштыгынын чыныгы себеби эмнеде?" деп суроо узатып, эксперттен төмөнкү жоопту алдык:
– Электр энергиясынын тартыштыгы илгертен эле бар. Акыркы кездерде электр кубатын пайдалануучу жаңы объекттердин саны өсүүдө. Алар жаңы салынган мектептер, өндүрүш ишканалары, бала бакча, оорукана, жеке жана көп кабаттуу үйлөр. Электр энергиясынын тартыштыгынын башкы себеби – Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы. Курулган кичи ГЭСтер өз жемишин берүүдө, бирок баары бир азыркы тартыштыкты жаба албайт. Өкмөт электр энергиясын чектөө, үнөмдөөгө басым жасоодо. Бирок бул дагы аз эле жыйынтык берет. Өлкөнү свет менен камсыз кылуу үчүн ГЭСтерди курууну көбөйтүү зарыл. Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кара-Кече ЖЭБи тезирээк ишке киргизилсе, тартыштыктын жарымын жабышы мүмкүн. Жакынкы 4-5 жылда светтин өчүшү, чектөөлөр баары бир болот. Анткени ГЭСтердин курулушу тез бүтпөйт, 4-5 жылдан кийин гана жемишин берет.
Жаныбек Кулумбетов, энергетика боюнча эксперт: “Тартыштыкты жабуу үчүн күн энергиясын пайдалануу зарыл”
“Электр энергиясынын тартыштыгын жабуунун кандай жолдору бар?” деген сурообузга KyrSEFF программасынын адиси, энергоэффективдүүлүк боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов минтип жооп берди:
– Кыргызстан агып жаткан суулардын 10 пайызын эле колдонуп жатат. Сууларыбызда кубаттуулугу 142 миллиард мегаваттка чейинки электр энергиясын берүү потенциал бар. Демек, ГЭСтерди көбүрөөк курушубуз керек. Электр энергиясын алуунун башка булактары да бар. Күн, шамалдын энергиясынан, таштандыларды кайра иштетүүдөн электр энергиясын алууга болот. Кыргызстанда 3 миллиондон ашык имарат бар, алар бизнес объекттери. 1 миллиону жеке жактардыкы. Алар 2000-жылга чейин курулгандыктан жылууланган эмес. Жылытуу үчүн көп көмүр, көп газ, көп электр энергиясын талап кылат. Аларды комплекстүү жылуулатсак, электр энергиясы азыркыдан 2 эсе аз коротулмак.
Кымбат алып, арзан сатып...
2024-жылы Кыргызстан Орусия, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан жалпы 3 миллиард 634,4 миллион киловатт-саат электр жарыгын импорттогон. Тартыштыкты жабуу үчүн импорт быйыл да улана турганын 19-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев соцтармактагы баракчасына жазды. Айтымында, электр энергиясы кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон сатып алынып, элге 1 сом 37 тыйындан берилип жатат.
– Ортодогу айырма кайра эле “Улуттук электр тармактары” ишканасынын моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президент “импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы энергетика тармагынын калган 25 миллиард сом карызынан кутулгула” деп тапшырма койгон,- деди министр.
Мажбур чаралар...
Өлкөдө өкмөттүн буйругу менен электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди. Ага ылайык, саат 18:00дөн 6:00гө чейин электр энергиясы төмөнкү мекемелерде өчүрүлүүгө тийиш:
• Министрликтерде, мекемелерде, мамлекеттин үлүшү бар чарбалык жайларда (өзгөчө мааниге ээ стратегиялык жайларды, анын ичинде күнү-түнү иштеген жана коргонууну, коопсуздукту, медициналык жардамды жана калктын турмуштук маанилүү функцияларын, анын ичинде саламаттык сактоо мекемелерин, социалдык коргоо мекемелерин, авариялык-куткаруу жана кыйроодон куткаруу кызматтарын камсыз кылуучу объекттер жана мекемелерди кошпогондо).
• Билим берүү уюмдарында окуу процесси аяктаган учурдан кайра башталганга чейин (имараттын эксплуатациясын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инженердик системдерди жана жабдууларды кошпогондо).
Кафе-ресторандардын иши
Ал эми кафе-ресторандагы тойлор саат 22:00дө бүтүшү керек. Бул электр жарыгын үнөмдөөнү гана эмес, “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын да көздөйт. Айрым аймактарда көчө жарыктары да өчүрүлүп жатат.
Светтин баасы канча?
Катардагы абоненттер 700 киловатт- саатка чейин керектөөдө 1 киловатт-саатына 1 сом 37 тыйындан төлөп жатышат. 700 киловатт-сааттан ашканда ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 60 тыйындан эсептелет.
Бийик тоолуу аймактарда жашагандар 1 киловатт-саат үчүн 1 сом 37 тыйындан төлөшөт, лимит жок.
Коммерциялык керектөөчү 1 киловатт- саат үчүн 3 сом 96 тыйындан төлөөдө.
«Супердин» сурак бурчу. Электр энергиясын чектөөлөргө оюңуз кандай?
Бардагүл Качканакова, Талас:
– Кышында күндүз, иш маалында свет өчпөшү үчүн эртең менен жана кечки убак чектеп, үнөмдөө туура. Ошондо электр чубалгыларына да, көмөк чордондорго да күч келбейт. Мөңгүлөр азайып, суу сактагычка суу аз топтолууда. Күн жылыганда светке талап азаят, ага чейин чыдап коёлу.
Үсөн Токтосунов, Жалал-Абад:
– Негизи үнөмдөөгө макулмун, бирок эртең менен жана кечкисин чектөө туура эмес. Элдин баары ишке, окууга жөнөгөндө, кайра кечинде үйгө келгенде өчүп жатпайбы. Тамак бышыруу, кир жуу сыяктуу иштер бар. Электр энергиясы 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин кымбат төлөө да карапайым элге оордук келтирүүдө.
Исираил Казыпаев, Баткен:
– Эл туура эле кабыл алууда. Айылда светти шаардагыдай көп пайдаланбайбыз. Светти өчүрүү боло элек. Үнөмдөсөк, чөнтөгүбүзгө да жакшы. Бирок чектөөдөн үйүндө көмүрү, отуну жоктор кыйналып жаткандай. Электр жылыткыч сая албай калышты да.
Данилбек Тойчубеков, Ош:
– Үнөмдөө туура. Биротоло караңгыда отуруп калгыча чектеп, үнөмдөгөн жакшы да. Кара-Суу районунда күндүз айылдарда свет кезеги менен убактылуу өчүрүлүп жатат. Анан “чексиз” тарифин жокко чыгаруу керек кышкысын. Болбосо үйдөгү полун, мончосун электр кубаты менен жылыткандар бар.
Айылчы Орозалиев, Бишкек:
– Мөңгүлөр азайып, анын үстүнө быйыл жаан-чачын аз болуп суу сактагычка суу аз чогулду. Ажобуз энергетикалык тартыштык 2,5 жылда чечилет деп жатат. Андыктан чектөөнү колдошубуз керек. Үнөмдөө үчүн өлкөдөгү компьютердик жана түнкү клубдардын баарын жабуу зарыл.
Сонунгүл Жылтырова, Ысык-Көл:
– Чектөө туура эле, анткени электр чубалгылары эски. Эл светти бир маалда тегиз көп колдонгондо көмөк чордондорго күч келип авариялар болот. Бирок эртең менен, кечкисин 3 киловатт кылып чектеп элди жүдөтпөй, 5 киловатт эле берип, калган убакта көбүрөөк өчүрүшсө болмок деген пикирлер бар.