Алихан, ырчы: “УЗАК ТЫНЫГУУДАН КИЙИН САХНАГА КАЙТТЫМ”

Белгилүү ырчы Алихан сахнага кайтты. Убагында анын “Кыялымдан кетпес”, “Айталбайм”, “Ар дайым сен” жана башка ырлары хит эле. Өзү жаркырап жанып, топ жарып чыккан эстрада жылдыздарынын бири болгону эсиңизде болуш керек, окурман. Ортодо 10 жылдан ашык тыныгуу болуп, сахнадан алыстай түштү. “Күйөрмандардын колдоосун сезип, жаңы дем, жаңы ырлар менен сахнага кайтууну чечтим” деген Алихан мырза “Супер-Инфого” эксклюзивдүү маек куруп берди.    

 

– Саламатсызбы, Алихан мырза? Узакка тыныгуу алып, сахнадан алыстап кеттиңиз. Чыгармачылыкка кайтууга эмне түрткү болду?

– Саламатчылык, рахмат! Сахнадан алыстап кеткенде сахнанын баалуу экенин сездим. Сахнага чыкпасам да, тойлордо ырдап жүрдүм. Күйөрмандар “Эмнеге ырдабай калдыңыз?”, “Сиз ырдашыңыз керек” деп жатышты. Чыгармачылыкка кайтышыма элдин колдоосу себепчи болду десем болот. Ырчылык – менин миссиям экенин түшүндүм. Албетте, мурункудай чыгыш кыйын болот. Аракет кылып көрөлү.

– Эр жигиттин башына нелер келип-кетпейт. Сиз да чоң сыноодон өттүңүз, сынбаганыңыз кубантты...

– 2022-жылы башымдан өткөн окуялар да сахнага кайтышым керектигин сездирди. Мурда ырчылык менен бирге тергөөчү болуп да иштеп жүргөм да. Камакта отурганда мени баары тергөөчү эмес, ырчы катары таанып жатышты. Ошондо ырчылыкты улантышым керек экенин түшүнгөм.

– Кайра сахнага чыкканыңызда күйөрмандардын реакциясы кандай болду?

– Көптөр жылуу маанай, сүйүнүч менен тосуп алышты. Колдоо каттары, жагымдуу пикирлер жазылып жатат. Азыркы күйөрмандарым – жашы 30дан ашып калгандар экенин байкадым. “Биздин жаш кезибиздеги ырчы” дешсе, өзүмдү карып калгандай сезип, бир кызыктай болуп жүрдүм (күлүп).

Азыркы муундун күйөрмандарын өзүңүзгө тартуу үчүн кандай ыкмаларды колдонуп жатасыз?

– Абдан сонун суроо. Азыркы муун эмнени укса, кайсы ритмди тандаса, ошол талаптарга жооп берген ыр тартуулагым келет. Заман өзгөрдү, угармандын табити башкача азыр. Жаңыланып, жаңы агымдарды кабыл алуу маанилүү деп ойлойм. Ырга рэп, заманбап ритмдерди да кошуу ашыкча болбойт. Булар ырды жандандырып, угармандарга дем берет. Бирок мурунку стилим да жоголуп кетпеши керек. Жаңылануу менен түпкү тамырды айкалыштыруу – мен үчүн эң маанилүү.

– Демек, стилди өзгөртөм деп өзөгүңүздү жоготуп алгыңыз келбейт?

– Так ошондой. Албетте, өсүп-өнүккүм келет, бирок жан дүйнөмдүн добушун, баштапкы жолумдагы стилимди таштабайм. Жаңылыкка умтулуп, ордумду кармап туруу – мен тандаган жол.

– Мурдагы ырчы Алихан менен азыркы Алихандын айырмасы чоңбу?

– Сахнага 16 жашымда чыгып, 17 жашымда жеке концертимди бергем. 18 жаштан баштап жер кыдырып гастролдоп жүрдүм. Учурда 35 жаштамын. Айырма, албетте, чоң. Мурда эмоция, кол жеткис кыялдар көп болчу. Азыр эми көз караш, ой жүгүртүү, дүйнө тааным өзгөрдү. Ар бир иште акыл калчап, терең ойлонгон, ар бир кадамды таразалап таштаган ырчыга айландым. Мезгилдин талабына жараша иштөөгө умтулган Алихан болдум. Анан салмакта айырмачылык бар (күлүп).

– Бүгүнкү күндө өзүңүздүн потенциалга кандай баа бересиз?

– Өзүмө мыкты адис катары баа бере алам. Себеби 6 жыл милиция тармагында иштедим, бул мен үчүн эң күчтүү мектеп. Ал жакка тажрыйба топтоо үчүн барып, “шикарный опыт” алдым. А бирок кыргыз элиме ырчылык менен таанылдым. Андан соң башымдан чоң сыноо өттү. Мен сынган жокмун, тескерисинче, курчуп, сабырдуу болууну үйрөндүм. Тагдыр мени тарбиялады, өстүрдү. Өткөн күндөргө ыраазымын.

– Жаңы ырларды жаратууда кайсы темалар сизди көбүрөөк кызыктырып жатат? Сүйүүбү?

– Кыргыздын тарыхы, мекен, мекенчилдик деген темаларда ырдагым келип жатат. Албетте, сүйүү тууралуу дагы.

– Чыгармачылыктын жаңы этабында жаралган алгачкы ырыңыз эмне тууралуу болду?

– “Жүрөгүм” деген чыгарма. Сөзү Түмөнбай Байзаковго, обону Съездбек Искеналиевге таандык. Жан дүйнөмө жакын болгондуктан ушул чыгарманы тандап ырдадым. Бул ырда жашоомдун бир бөлүгү сүрөттөлгөндөй болду.

– Сизди абдан таасирленткен ырдын тексти кайсы?

– “Апакебай” ырымдын сөздөрү. Ырдаганда абдан толкунданып кетем. 

– Руханий жактан өсүү үчүн эмнелерди кыласыз?

– Китепти көп окуйм. Китеп – ойду тереңдеткен, адамды мыкты кылган, жан дүйнөнү тарбиялаган эң чоң булак. Кээде китептин бир барагын эле окуганда көз карашың өзгөрө түшөт. Өз элимдин тарыхын окуганды жакшы көрөм. Кыргыз тарыхы - дүйнөдө теңдеши жок мурас. Ушул улуу тарыхты даңазалаган китептерди үзгүлтүксүз окуйм.  Учурда жан дүйнөм комузга тартыла баштады. Комузда керемет күч бар.

– Сиз үчүн ырчыга маанилүүсү кайсылар: үн, мээнеткечтик, харизма же башкабы?

– Биринчиси – талант болуш керек. Андан соң харизма, жылдыздуулук, мээнеткечтик болсо ырчы идеалдуу болууга жакындашат деп ойлойм.

– Даярдоодо эң көп убактыңызды алган ырыңыз кайсы?

– “Кыялымдан кетпес” чыгармамды айтат элем. Бир жылга жакын убакыт кеткен элге чыгарууга. Бул аралыкта 4 жолу жаздыргам. Себеби ырды ийине жеткире ырдай албай жаттым окшойт. 

– “Мындан өткөн бакыт жок” деген ойлор сизге кандай учурда келет?

– Ата-эне, үй-бүлөң жана бир туугандарың маңдайыңда, ден соолугуң чың болсо мындан кымбат бакыт жок. Жакындарымдын курчоосунда ушундай ойлор келет. Чогуу болуу, коопсуздук, жылуулук, тынчтыктын өзү үй-бүлөлүк бакыт. Келинчегимдин аты Алтынай. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ханзаада, Ханбийке, Аделина аттуу сулуу кыздардын ата-энесибиз. Кыздарым мектепте окушат.

– Жубайыңыз экөөңүздөрдү бириктирген орток хобби барбы?

– Бар. Экөөбүз тең тоого жөө чыгууну жакшы көрөбүз. Эс алуу күндөрү сөзсүз чогуу болууга убакыт табабыз. 15-20 чакырым жол басып, таза абада жүрүү сонун ырахат. Велосипед тебебиз, спорт залга барабыз. Бул хобби гана эмес, убакытты бошко кетирбей пайдалануу боюнча жакшы адат.

– Үйдө ким күлкү, шаңдуу атмосфера жаратат?

– Келинчегим абдан позитивдүү адам. Кандай гана кырдаал болбосун маанайымды көтөрүп, күлдүрүп, энергия берип турат. Анын жайдары мүнөзү бизди бириктирген эң чоң күчтөрдүн бири. Жаркылдак мүнөзү биздин үйдө күндүн нуру сыяктуу.

– Бүгүнкү күндө эмнелер жөнүндө кыялданасыз?

– Мыкты чыгармаларды жаратуу жөнүндө кыялданам. Угармандарга жаңы дем, жаңы энергия, жаңы сапаттагы музыка тартууласам дейм. Концерт берип, андагы атмосфераны кайрадан сезүү – жан дүйнөмдүн каалоосу. Сахна – менин бала кездеги кыялым, бүгүнкү умтулуум. Жакшы чыгармаларды жаратуу – дем, жан дүйнө муктаждыгы.

МЭЭРИМ ДЕРБИШАЛЫЕВА 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан