КАКЫР АЙЫЛЫ – КҮРҮЧ ӨСТҮРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ 

Бул жолу күрүчү менен таанымал Өзгөндүн Какыр айылына саякатка чыгабыз. Айылдын өзгөчөлүгү, элинин жашоо-турмушу, сыймыгы менен көйгөйү тууралуу макалада айтып берели. 

 

Жайгашкан жери – Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Шоро айыл аймагы

Кожолуктун саны – 308

Элдин саны – 1080

Үсөн Бөкөев, айыл башчы: “Башында суусу жок, какыраган жер болчу”

– Айылыбыз Жазы дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Эң алгач 1920-жылдары дарыянын жээгине 5-6 үй-бүлө көчүп келип отурукташкан экен. 1940-жылдары чөлкөмдө чачкын абалда отурукташкандар топтолуп, 1 көчөдөн турган айыл түзүлөт. Сайдагы суу өйдөгө чыкпагандыктан айылда суу жок, какыраган жер болот. Ошого Какыр аталып кетиптир. Эл мал чарбачылыгы менен алектенип, сууну сайдан ташып ичип турушкан.    

Союз тарап, 1992-жылдан тарта жергиликтүү эл Жазы дарыясынын өйүзүнө шалы эге баштаган. Азыр дагы күрүч элибиздин негизги киреше булагы, элдин 95 пайызы эгет. Айылда жалпы 9 көчө болсо, борбордук көчөсү гана асфальтталган. Суу түтүк киргизилген, ичүүчү суу да, сугат суу да жетишерлик. 

Гүлнура Азиева, мугалим: “Жаңы мектепке муктажбыз”

– Эскилиги жеткен мектебибизде 340 окуучу окуйт. 1968-жылы ашар жолу менен курулган экен. Жаңы мектепке муктажбыз. Жер тилкеси бөлүнгөнү менен, иш баштала элек. Мектептин ашканасында талапка жооп бере турган шарт жок болгондуктан башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилбейт. Нан, токочу менен чай гана берилет. Андыктан өкмөт жаңы мектепти эртерээк куруп берсе дейбиз. 

Замирбек Кадырбаев, айыл тургуну: “Балдарды волейбол менен бекер машыктырам”

– 5 жылдан бери Өзгөн райондук Волейбол федерациясынын президентимин. Волейболго кызыгуум 8-класстан башталган. Өзүмдөн чоң балдарга кошулуп райондук турнирлерге катышчумун. 5 жылдан бери айылда волейбол, футбол ийримдерин жетектеп, балдарды бекер машыктырып келем. Максатым – жаштарды сергек жашоого үгүттөө, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү. Расписаниени жумуштан бош кезге ылайыктап түзөм. Учурда волейбол ийриминде 30 бала, 15 кыз бар. Айрымдары райондук курама командада ойношот. 

Венера Акматова, мугалим: “Коноктор күрүчүбүздү айтып тамашалашат”

– Адырдын түбүндө жашайбыз. Биздин үй-бүлө 15 сотых жерге күрүч эгебиз. Үйүбүзгө келген коноктор “биринчи тамакка да, экинчи тамакка да күрүч бересиңерби?” деп тамашалап калышат. 

Байыш Айдаркулов, айыл тургуну: “Чайканаларды күрүч менен камсыздайбыз”

– Шалы эгип келе жатканыма 30 жыл болду, учурда 3 гектар жерди иштетем. Апрелде жер айдалат. Шалы эгиле турган жерге тизеден кылып суу каптатабыз. Муштумдай кезек калбай тургандай кылып топуракты ботко кылып майдалатабыз.  Ал жердеги суу 2 күндө тунуйт. Бул арада күрүч уругун 200 литрлик бочкаларга салып 3 күн сууга чылап коёбуз. Анан мүшөктөргө салып күн тийген жерге койсок, ак соё болуп өнөт. Ошону шалы аянтка чачабыз.

1 гектар жерге 100 килограмм урук кетет. Бизде күрүчтүн Өзгөн-3, Муса-2 сорту эгилет. 120-130 күндө бышат. Оруп, дандуу баштарын ичкериге карай тегерете жыйып, күрүчтү “кызытабыз”. 15 күн дегенде дандары кызарып калат. Комбайнга салынып, даны сабагынан ажыратылат. Кургатуу үчүн “сушилкага” алып барабыз. 10-15 күндө кургайт. Анан ак жубазда сокуланат. 1 тоннасынан 500-600 килограмм таза күрүч алынат. Күрүчтү Өзгөн, Оштогу чайканалар үчүн сатып алып кетишет.

Нурлан Айдаркулов, жыгач уста: “Туюк жыгачтан ээр чабам”

– 30 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенем. Бул ишти атама кошулуп жүрүп 16 жашымда үйрөнгөм. Ээр чабам, камчы, жаа жасайм. Ээрди илгеркидей туюк жыгачтан чаап, сыртына тери каптап, оюу түшүрөм. 1 ээр 10-15 миң сомго сатылат. Көбүнчө Кара-Кулжа, Өзгөн районундагы көк бөрүчүлөр алып кетишет. Калгандарын базардагылар алышат. 1 жылда 100дөн ашык ээр чабам. 

 

Канымжан Усупбекова          

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан