Кандын түсү эмне үчүн кызыл? Анткени анын курамында гемоглобиндер бар. Гемоглобиндин курамындагы темир кычкылтек менен аралашканда кызыл өңдү берет. Ошол эле учурда кандын башка түстүүлөрү да бар.
Жашыл кандуу сцинк
Жашыл кандуу сцинктер (кескелдирик түрү) Тынч океандын Жаңы Гвинея жана Соломон аралдарын байырлашат. Алардын канынан тышкары тили, ички органдары да жашыл өңдө. Анткени алардын канынын плазмасында жана ткандарында өттүн биливердин пигменти өтө көп өлчөмдө болот. Аталган пигмент башка жаныбарларда өлчөмдөн көп болсо өлүп калышат. Булар болсо өлбөйт, эволюцияда организмдери ыңгайлашып калган.
Каны түссүз балык
Булар эң суук Антарктиданын сууларында жашашат. Алардын канынын өңү жок, түссүз. Анткени канында кычкылтекти ташуучу гемоглобин да, башка белок да жок. Кычкылтек организмине териси, бакалоору аркылуу кирет. Ошондуктан кабырчыктары жок.
Көк кандуу осьминог
Башынан кийин эле 8 буту башталган осьминогдордун каны көк түстө. Себеби алардын канынын курамында гемоцианин белогу бар. Аталган белок жезди алып жүрөт. Осьминогдордун канындагы кычкылтек жез менен реакцияга киргенде көк, көгүлтүр өң берет.
Така сымал крабдар
Көрүнүшү такага окшоп кеткен крабдардын каны да көк түстө. Алардын канында кыймылдуу амебоцит клеткалары бар. Краб бактерияларга туш келгенде аталган клеткалар жабышкаак гелди бөлүп чыгарат да, бактериялар өлүп башташат. Крабдын мындай касиетин окумуштуулар XX кылымда ачышкан. Ошондон тарта вакцина даярдоого амебоцит клеткаларын колдонуу жаатында илимий эксперименттер жүргүзүлүп келет. Анткени эмдөө сайылган жерди коопсуз кылышы мүмкүн.
Канынын түсүн өзгөртүүчү брахиопод
Океандарды байырлоочу брахиоподдор канынын түсүн түссүздөн күлгүн, кызгылт-көккө чейин өзгөртө алышат. Алардын денесинде кычкылтекти гемэритрин белогу ташыйт. Андыктан канынын түсү түссүз же боз саргыч болот. Гемэритрин белогу кандагы кычкылтекке аралашкандан кийин канынын өңү күлгүн же кызгылт-көккө алмашат.