Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын өтөшөт. Адам өлтүргөндөр, террорист, экстремист, педофил, рецидивист жана башкалар... Буларда да үмүт жашайт, ал кандай үмүт? Аталган мекеменин башчысынын кадрлар жана тарбия иштери боюнча орун басары Таалайбек Эшимов эң оор жаза алгандар отурган жайдын иши тууралуу айтып берди.
– Кандайсыз, Таалайбек мырза? Бул мекемеде канча жылдан бери иштеп жатасыз?
– Жакшы. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №19 мекемеде 2 жылдан бери иштеп жатам. Буга чейин Молдовановкадагы №27 мекемеде 9 жыл иштегем. 11 жыл ичинде көзөмөлдөөчү кызматкерден мекеменин жетекчисинин кадрлар жана тарбия иштери боюнча орун басарлыгына чейин жеттим. Үй-бүлөлүүмүн, 2 балабыз бар. Келинчегим тигүү фабрикасында иштейт.
– Кызмат ордуңуз боюнча кандай милдеттерди аркалайсыз?
– Мекеменин өздүк курамы, мага тиешелүү бөлүмдөр, психологдор менен иш алып барам. Соттолгондордун жеке жана юридикалык көйгөйлөрү боюнча да иш жүргүзөм. Соттолгондор үчүн тарбиялык максатта адеп-ахлак, мыйзамды сыйлоо, патриотизм боюнча лекциялар окулуп, фильмдер көрсөтүлөт, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам соттолгондордун көбү өздөрүнүн кетирген каталарын, күнөөлөрүн моюндап, өкүнүшөт. Кыскасы, биздин милдет – соттолгондордун аң-сезимин оңдоо жана өстүрүү, коомго коопсуз адам кылып тарбиялоо.
– Өмүрүнүн аягына чейин соттолгон канча киши бар учурда сиздерде?
– Учурда 300дөн ашык адам отурат. Эң жашы 29да, эң улуусу 72 жашта. Бул Кыргызстандагы эң коркунучтуу абак. Отургандардын 90 пайызы адам өлтүргөндөр, алардын ичинде аялдарды зордуктап, кескилеп же кыйнап өлтүргөндөр да бар. Полковник Толкунбек Шоноевди, Баткенде прокурорду атып өлтүргөндөр да ушул жерде. Терроризм, экстремизм боюнча отургандар атайын каттоого алынып, ар бир 2 саат сайын текшерилип турат. Биздин абакта отургандар – жашоо үчүн берилген жалгыз мүмкүнчүлүктү жоготуп алгандар. Ар бири эркиндиктин баасы чексиз экендигин моюндашат. Айылын, балалыгынын изи калган көчөсүн, бактылуу мүнөттөрү өткөн үйүн көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Жакындарынын бактылуу мүнөттөрүндө чогуу болушпайт. Туугандары көз жумса топурак сала алышпайт. Абактан сөөктөрү гана чыгат.
– Аларга көзөмөл, талап катаал болуш керек?
– Албетте. Абактын бардык жеринде видеокамералар бар, тартылган видеожазуулар 24 саат бою көзөмөлдөнөт. Соттолгондорду мончого, сейилдөөгө же башка жакка алып чыгарда колдоруна кишен салып, эңкейген абалда бастырып алып барышат. Бир кылмышкерди 2ден кем эмес кызматкер коштоп жүрүшү шарт. Күндүз жатканга, уктаганга болбойт. Абакта медициналык бөлүм, стоматология бөлмөсү бар. Айрым абактардагыдай тигүү, нан бышыруу цехтери азырынча жок. Бош убактыларын көнүгүү жасоо, китеп окуу менен өткөрүшөт.
– Кармоо шарттары кандай?
– Соттолгондор катаал, жөнөкөй жана жеңилдетилген шартта кармалышат. Катаал шартта жаңы келгендер кармалышат. 5 жыл отурат, ошол 5 жылдын ичинде бир да тартип бузбаса, жүрүм-туруму жакшы болсо, жабырлануучуга кылмыш менен келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун төлөп берсе (жакындары төлөйт) жөнөкөй шартка өткөрөбүз. Катаал шартта 1 жылда 5 жолу (15 мүнөттөн) телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жакындары менен 2 жолку узак, 5 жолку кыска мөөнөттүү жолугушууга укуктуу. Жөнөкөй шартта да 5 жыл отурушат. 1 жылда 6 жолу телефон менен сүйлөшүүгө жана туугандары менен 6 кыска, 3 узак мөөнөткө жолугушууга уруксат берилет.
Жөнөкөй шартта отурганда да такыр мыйзам бузбай, жүрүш-турушу жакшы болсо, анда жеңилдетилген шартка которулат. Анда 1 жылда 8 жолу телефон менен сүйлөшүүгө, 8 кыска жана 4 узак мөөнөттөгү жолугушууга укуктуу.
Узак мөөнөттүү жолугушууга үй-бүлөлөрү келишет. 3 сутка 1 бөлмөдө чогуу жашашат. Бөлмө мейманкана сыяктуу, ичинде ажатканасы, жуунучу, тамак жасоочу жайы бар.
Жүрүм-туруму жакшы болсо, маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышса, сыйлык иретинде кошумча 3 кыска мөөнөттүү, 2 узак мөөнөөттүү жолугушуу кошумча берилет. Ошого күн тартибин, мыйзамды сактаганга, жүрүм-турумун оңогонго, иш-чараларда активдүү болууга аракет кылышат.
– Сырттан тамак-аш киргизүү жагы кандай?
– 1 жылда мынча жолу гана тамак-аш киргизсе болот деген чектөө жок. Болгону 1 жолку берилменин салмагы 100 килограммдан ашпашы керек. Киргизүүгө болот жана болбойт дегендердин атайын тизмеси бар, ошол боюнча текшерилип, киргизилет.
– Качууга аракет кылып кармалгандар болобу?
– Мен иштеген 2 жыл аралыгында боло элек. Камералар бекем кулпуланат. Мекеменин тегереги бир нече дубалдар менен тосулган. Абакты аскерлер кайтарышат. Молдовановкадагы №27 мекемеде иштеп жүргөнүмдө жердин астын казып, качып кеткендер болгон.
– Эркиндиги абдан чектелип, 4 дубал ортосунда көп жыл отуруу психикалык жактан абдан оор болуш керек. Соттолгондор абак кызматкерлерине кол салышы мүмкүнбү?
– Булар кызматкерди өлтүрүп коюшса деле эч нерсе жоготушпайт. Мурда берилген жазасын улантып отура беришет. Анын үстүнө бул жерде ашынган кылмышкерлер отургандыктан кызматкерлердин өмүрүнө сөзсүз коркунуч бар. Абактын ар бир кабатында узундугу коридордун баш-аягына жеткен “тревога” зымдары бар. Алар колду созсоң жеткидей аралыкта илинип турат. Кокус кызматкерге кол салуу же баш аламандык болуп кетсе, ошол зымды тартса мекеме кызматкерлери заматта жетип келишет.
Өмүр бою отургандыктан жашоонун кызыгы кетип, айрымдар суицидди көздөшү да мүмкүн. Бирок кызматкерге кол салуу, суицид, камералашын өлтүрүү сыяктуу окуялар боло элек, болбой эле койсун. Айтылгандардын алдын алып биз жогоруда айткандай тарбиялык иштерди жүргүзөбүз. Буюрса, цехтер ачылып калса, иштеп алаксышат. Ишибиз стресс менен коштолот. Психологдор абак кызматкерлери менен да иш алып барышат. Бир кезде үйдөгүлөр “иштебей эле койбойсуңбу?” дешкен. Анда мен “патриот катары элди, жерди сактоо – менин милдетим. Абакта иштөө менен элимдин тынчтыгын, коопсуздугун сактап жатам” деп жооп бергем. Азыр келинчегим да, башка жакындарым да мени колдоп турушат.
– Мурун абактарда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү абдан таасирдүү эле деп айтылат. Андагы “смотрящий”, “положенец” дегендер дагы деле отурушабы?
– Ооба, отурушат. Бир кезде алар каалаган тамактарын киргиздирип, уюлдук телефондорду колдонушкан. Кийин мыйзам катаалдады. Азыр мыйзам менен эсептешет, үстөмдүктөрү жок калган.
– Абакта отуруп каза тапкандардын сөөгү жакындарына берилеби?
– Ооруп өлгөндөрдүн сөөгү өлүкканага жеткирилет. Андан ары жакындары алып кетишет. Күтүүсүз кайтыш болгондордун деле сөөгү жакындарына берилет. Терроризм, экстремизм менен отургандардын сөөгү берилбейт.
– Өмүр бою соттолгондордун жазасы канча бир жылдарга алмаштырылышы мүмкүнбү?
– Алардын ырайым кылууну суранып арыз жазууга укуктары бар. Мекеменин жетекчилиги арызды карап көрөт. Андан ары президенттик аппараттын ырайым кылуу комиссиясында каралат. Президент ырайым кылса, жазасы канча бир жылдык жаза өтөө мөөнөтүнө алмаштырылышы мүмкүн. Бирок мындай нерсе өтө чанда гана кезигет. Абактагылар мыйзамдар өзгөрүлүп кетсе же президент ырайым кылса эркиндикке чыгып калабызбы деп үмүттөнүп жашашат.
– Соттолгондордун окуялары, тагдырлары ар түрдүү. Айрымдарын айтып берсеңиз...
– 2010-жылы жаш келинди зордуктап, өлтүрүп, анан үстүнө бензин куюп өрттөп жиберген 2 адам ушул абакта отурат. Ошол кезде бул окуя ири резонанс жараткан.
2017-жылы Ош шаарындагы аскер бөлүгүнүн биринде иштеген 2 кызматкер кылмыш кылып кармалган. Экөө бир жигитти өлтүрүп, унаасын айдай качып из жашырышкан. Кылмыштын бети ачылган соң экөө өмүр бою абакка кесилген.
Каймана аты Пикассо аттуу киши адам өлтүрүп соттолгон. Жогорку билимдүү, сүрөтчү. Мекемеде өткөрүлүүчү спорттук, маданий иш-чараларда сүрөт тартып, жазууларды жазып берет. “Жалгыз эрмегим – сүрөт. Тарткан сүрөттөрүм кийин мен өлгөндө мени эстетип турсун” деп айтып калат.
Ооганстанда кызмат өтөп, кийин 2 айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 35 жашында абакка түшкөн экен. Учурда 62 жашта.
Канымжан Усупбекова