Темирлан Ырысбаев, авиадиспетчер: “АСМАНДАГЫ УЧАКТЫ БАШКАРУУДА 1 СЕКУНД ДА МААНИГЕ ЭЭ”

Авиадиспетчерлер. Аба жолдорунун коопсуздугу алардын колунда. Алардын уруксатысыз учак ордунан жылбайт, абага көтөрүлбөйт, асманда өз алдынча өйдө чыгып же ылдый түшпөйт. Асмандагы “көрүнбөс жолдорду” тескеп, тынч кабинетте отурса да, миңдеген жүргүнчүлөрдүн тагдырына жоопкерчилик алгандар. Бул жолу “Манас” аэропортунун авиадиспетчери Темирлан Ырысбаев жумушу тууралуу айтып берет.

 

– Темирлан мырза, абдан жоопкерчиликтүү жумушта иштейсиз. Стресс абалы көп болобу?                                            

– Стандартка карап иш кылсаң стресс деле болбойт. Ар бир кырдаалдын өз процедурасы бар. Жумушка эмоционалдык эмес, акыл калчап, логикалык мамиле жасоо зарыл.

– Баары бир эмоция тартуулаган кырдаалдар болот да? Мисалы, ичтен дүрбөлөң түшкөн учур...                              

– Албетте, болот. Ошондо деле жоопкерчилик биринчи орунда. Татаал маселени тез жана туура чечкенде ички канааттануу болот. Андагы эмоцияны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө тез ойлоном. Бул чукул кырдаалды кабыл ала билүүдө чоң жардамчы. 

– Радардан күтүүсүз өзгөрүүлөр көрүнсө, биринчи эмне кылуу керек?                     

– Биринчи – абалды дароо баалап, бат чечим чыгаруу керек. Учактардын ортосунда коопсуз аралык сакталышы шарт. Зарыл болсо учактын бийиктигин алмаштырууга уруксат берүү керек болот.

– Учкуч менен диспетчердин ортосундагы байланышта эң маанилүү нерсе эмне?               

  – Биздики командалык иш да. Учкуч учакты башкарса, авиадиспетчер аба мейкиндигин көзөмөлдөйт. Экөөнүн бирдей иштеши гана туура жыйынтык берет. Ошондуктан кыска, так, туура байланыш, ыкчам иш алып баруу коопсуздуктун негизги бөлүгү.

– Аба ырайын башкаруу мүмкүн эмес. Бороон-чапкын же тумандуу мезгилдеги учууларды башкаруу кыйынбы?                

– Биз баарына даяр болушубуз керек. Мисалы, аймактардагы аба ырайын алдын ала баалап, учкучтарга альтернативдүү маршрут түзүп беребиз. Эң коопсуз эшелон же күтүүнү сунуштайбыз. Биз аба мейкиндигин жакшы билгендиктен учкучтарга эң жакын жана коопсуз багыттарды айтабыз. Секторду оптималдаштырып, так көрсөтмө беришибиз керек.

– Учкучтун үнүнүн тембри, интонациясынан анын кандай абалда экенин билсе болобу?                              

– Болот, ооба. Тажрыйба көбөйгөн сайын учкучтарды жакшы билип каласың. Сиз айткандай, интонациясынан эле анын тынч же стресс абалда экени байкалат.

– Жагымсыз аба ырайында каттамдын коопсуздугу боюнча акыркы чечимди ким кабыл алат, диспетчерби же учкучпу?   

 – Учкуч кабыл алат. Андан соң биз аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоого көмөктөшөбүз.

– Эң оор жумуш күнүңүздү эстесеңиз?       

  – Ал күнү аба ырайы начарлап, бир нече учак күтүү зонасында туруп калган. Бирок команда менен координация жакшы болгондуктан конуулардын баары ийгиликтүү болгон.

– Сиз башкарган аба мейкиндигинде бир учурда эң көбү канча учак болушу мүмкүн?                                

 – Сектордук түзүмүнө жараша бир учурда 10-15 активдүү трафикти башкарган учур болгон. Бул жоопкерчилик абдан чоңойгон окуя десем жарашат. Элестетиңиз, жогорку трафикте бир нече учак бир эле эшелондо келе жатат. Алардын ортосундагы интервалдарды так сактап, бардыгын коопсуз аралыктан өткөрүү менин милдетим. 

– Эгер авиация болбосо, сизди кайсы тармактан көрүшүбүз мүмкүн эле?

– Эгер авиация болбосо, балким, IT тармагына же спортко байланышкан активдүү тармакка кетмекмин. Мага өнүгүүнү, динамиканы жана кыймылды талап кылган иштер абдан жагат.

– Бош убактыңызда спорт, чыгармачылык же саякаттын кайсынысын тандайсыз?

– Бош убактымда спорт менен алектенем. Машыгуу залына туруктуу барып, ден соолукка кам көрүп турам. Биздин кесип көп отурууну талап кылгандыктан, денени активдүү кармоо мен үчүн маанилүү. Мындан тышкары сейилдөөнү, тоого чыгып келүүнү, кээде саякаттоону жактырам. Себеби чарчоо сезими жоголуп, ойду тазалайт.

– Чарчооңузду жазган хобби кайсы?

– Тынч отуруп музыка угуу. Ушул нерсе энергияны кайра толтуруп берет. Анан мааниси терең китептерди жана подкасттарды окуп-угуп турган жагат. Биздин кесипте үзгүлтүксүз окуу керек.

– Бул кесипке кызыккан жаштарга кандай кеңеш бересиз?                                   

 – Оор кесип, жумуш жеңил эмес. Ошол эле учурда сыймыктуу кесип. Сабырдуулук, жоопкерчиликтүүлүк жана англис тилин билүү талап кылынат.

– Эгер авиадиспетчердин ишин бир сөз менен сүрөттөш керек болсо, ал кайсы сөз болмок?                          

  – Жоопкерчиликтүүлүк.

– Бир эле секунд кечигип кабыл алынган чечим көп нерсени өзгөртүп жиберет деп айта аласызбы?                                 

 – Мисал келтирип айтсам, конуу тилкесинде аралыгы абдан кыска болгон конуулар көп кездешет. Албетте, чечимдин бир секунд эрте же кеч кабыл алынышы маанилүү.

– Бул кесипте иштөөнү өзүңүз тандагансызбы же кайсы бир шарт ээрчитип келдиби?                               

 – Бул кесипти мектепти бүткөндөн кийин тандадым. Терең изилдеп, жоопкерчиликтүүлүгүн жана маанилүүлүгүн сезгенден кийин чечимди так кабыл алгам. Реалдуу убакытта трафикти башкаруу, анализ жүргүзүү жана коопсуздукту камсыздоо иши мага кызык сезилди. Бул тармактагы өзгөчө динамика мени өзүнө тартып алды.

– Сиз эң алгач көзөмөлдөгөн аба каттамы эсиңиздеби?                                 

– Биринчи көзөмөлдөгөн каттам старт секторунда болгон. Толкундоо сезими болгон. Бирок инструктордун колдоосу менен стандартка ылайык иштегем. Ал күн унутулгус мен үчүн.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
talaa11
2025-12-06 00:31:00
Dhhff
0
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан