Айзиректин өлүмү: Күйөөсүнө чыккан өкүм өзгөртүүсүз калды       

Ош облустук соту Айзирек Эралиеванын өлүмүнө айыпталып жаткан жолдошуна карата чыккан Өзгөн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Маалыматты 26-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Айта кетсек, Ош облусунун Өзгөн райондук соту 31-июлда шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү), 267-беренесинин 1-бөлүмү, 267-беренесинин 2-бөлүмү (Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Натыйжада ага мыйзамсыз курал-жарактарды колдонгону үчүн 100 миң сом айып салынып, киши өлтүргөнү үчүн 18 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, быйыл 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапканы белгилүү. Шектүүгө карата жогоруда аталган 2 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Райондук соттун өкүмүнөн кийин маркумдун жакындары кылмышка шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1198, 28-ноябрь-4-декабрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан