АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарынын эң белгилүү району – Голливуд. Голливуд дегенди биз Америка киноиндустриясы жайгашкан аймак деп билебиз. Чынында эле бул райондо көптөгөн киностудиялар, театрлар, 2500дөн ашык атактуу адамдын ысымы түшүрүлгөн жылдыздар жайгашкан “Атак аллеясы”, мейманканалар жана башка оюн-зоок, эс алуучу жайлар бар. Андан сырткары биз кинолордон көрүп жүргөн айрым атактуу актёр-актрисалардын үйлөрү да ушул райондон орун алган. Бирок бул район башында кино дүйнөсү үчүн негизделген эмес.
Тарыхы
1853-жылы азыркы өнүккөн райондун ордунда бир кичинекей эле үй турган дешет. 1870-жылдан баштап бул жер айыл чарба үчүн пайдаланылып, дан эгиндерин өстүргөн кең талаага айланган. Голливуддун “атасы”, тагыраагы, районго Голливуд аталышын берген адамдын аты – Гобарт Жонс Уитли. 1886-жылы ал жаш жубайы Гиди менен бал айында жүрүп Лос-Анжелестин четинде жайгашкан дөңсөөлөргө чыгышат. Ал жактан шаардын көрүнүшүнө көз салып турушса, бир фермер тактай ташып бараткан болот. Гиди айым кызыгып фермерден “эмне кылып жатасыз?” деп сураса, ал "I'm hauling wood" (“жыгач ташып баратам”) деп жооп берген экен. Фермердин жообу “Hollywood" дегенге окшош угулуп, ошондон кийин район Голливуд аталышына ээ болгон экен.
Дагы бир уламышта ушул райондо курулуш иштери менен алек болгон курулушчунун аялы Даида Уилкокс күйөөсүнө районго Голливуд аталышын берүү сунушун айткан делет.
1-киностудия
Алгач жөн гана талаа, дөң болуп жатып, кийин кино ааламына айланган районго эң алгачкы киностудия 1911-жылы "Nestor films" компаниясы тарабынан салынган. Эмнеге бул район популярдуу болуп кетти? Аталган райондо киного керектүү бардык ресурс бар. Токой, бийик тоо, океан, чөл жана башка локацияларга жакын, кооз жаратылыш менен курчалган. Ал эми учурда Маунт-Ли дөңсөөсүндө турган HOLLYWOOD жазуусу 1923-жылы орнотулган.