Сандан сапатка өтүү учурда агрардык тармакта да актуалдуу болууда. Бак-дарактын улам жаңы сорттору чыгып, аларды өздөштүргөндөр аз эмес. Макаланы ушул темага арнап, Бишкектеги ботаникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын илимий кызматкери Тиллахан Имаралиевадан маалымат алдык. Учурда алмурут, алма жана гиластын кайсы сорту популярдуу?
КОКОН ГИЛАС
Гигант Ред
Бул сорттун өзгөчөлүгү – мөмөлөрүнүн абдан чоң жана таттуулугунда. Жамгыр жааганда мөмөлөрү жарылып кетпей сакталат.
Чыгарылган өлкөсү – Италия
Сорту – орточо кеч бышуучу, июндун аягында быша баштайт
Боюнун бийиктиги – 5 метр тегерегинде
Мөмөсүнүн салмагы – 15-20 грамм, диаметри 38 миллиметрге чейин
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 70-80 килограммга чейин
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – атайын муздаткычта 20 күн
Ташууда – бат бузулбайт, формасын жоготпойт
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка жана ысыкка чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – өзү менен өзү чаңдашат, бирок түшүмдүүлүк мол болушу үчүн ар бир 10 түптүн ортосуна гиластын кордия же бигарро бурлат сортун эксе болот
Кордия
Бул сорттун өзгөчөлүгү – мөмөсүнүн жүрөкчө формасында жана сырты жылтырап турганында. Ошондуктан сатылышы жакшы.
Чыгарылган өлкөсү – Чехия
Сорту – кеч бышуучу, 15-июлдан тартып быша баштайт
Боюнун бийиктиги – 5 метрдин тегереги
Мөмөсүнүн салмагы – 8-12 грамм, диаметри 30 миллиметрге чейин
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 30-35 килограмм
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – атайын муздаткычта 25 күн
Ташууда – бат бузулбайт
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка, ысыкка чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – өзү менен өзү чаңдашат, бирок түшүмдүүлүк мол болушу үчүн ар бир 10 түптүн ортосуна гиластын регина сортун эксе болот
АЛМУРУТ
Кыргыз кышкы алмуруту
Бул сорттун өзгөчөлүгү – жалбырактары катуу болгондуктан бактериалдык күйүк дартына чалдыкпайт.
Чыгарылган өлкөсү – Кыргызстан
Сорту – кеч бышуучу, октябрдын ортосунан баштап терилет
Боюнун бийиктиги – 4-5 метр
Мөмөсүнүн салмагы – 250-400 грамм
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 60-70 килограмм
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – атайын суздаткычта 7 ай
Ташууда – катуу болгондуктан бат бузулбайт
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка, ысыкка чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – жанына Просто Мария, Даликор, Сапфира, Яковлевская сортторун эксе түшүмү мол болот
Ноябрская
Бул сорттун артыкчылыгы – жалбырактары түктүү болгондуктан бактериалдык күйүк дартына чалдыкпайт.
Чыгарылган өлкөсү – Молдова
Сорту – кеч бышуучу, ноябрда терилет
Боюнун бийиктиги – 3-4 метр
Мөмөсүнүн салмагы – 250-300 грамм
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 50-60 килограмм
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – атайын муздаткычта 5 ай
Ташууда – бузулбайт
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка, ысыкка чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – жанына Просто Мария же Даликор сортторун эксе түшүм мол болот
АЛМА
Женева эрте бышуучу
Сорттун өзгөчөлүгү – эрте бышып, базарда башка жемиштер чыга электе сатылып, жакшы киреше алып келет. Көпкө сугарууну сүйбөйт. Даамы таттуу-кычкыл.
Чыгарылган өлкөсү – АКШ, Женева
Сорту – эрте бышуучу, июлда бышат
Боюнун бийиктиги – 3,5-4 метр
Мөмөсүнүн салмагы – 140-180 грамм
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 50-55 килограмм
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – 1 ай
Ташууда – кабыгы жука болгондуктан ташууда этият болуу зарыл
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка, ысыкка чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – жанына тигүүгө белая налив, розовая столовая сорттору жарайт
Пинк леди
Бул сорттун артыкчылыгы – атайын муздаткычтарда 8-10 айга чейин бузулбай сакталат. Даамына сакталып турган кезде кирет. Даамы таттуу-кычкыл, ванил менен токой жер-жемиштеринин даамына да окшошуп кетет.
Чыгарылган өлкөсү – Австралия
Сорту – кеч бышуучу, октябрда бышып, ноябрда терилет
Боюнун бийиктиги – 3-4 метр
Мөмөсүнүн салмагы – 180-190 грамм
Түшүмү – жетилген 1 түптөн 50-55 килограмм
Тергенден кийин сакталуу мөөнөтү – атайын муздаткычта 8-10 айга чейин сактоого болот
Ташууда – бузулбайт
Ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугу – туруктуу, суукка, ысыкка абдан чыдамдуу
Чаңдатуу үчүн – эң жакшысы Голден делишес. Ошондой эле гала, Виржиния Краб да жарайт
Отургузуу
• Көчөт отургузулуучу чуңкурдун тереңдигин 50, диаметрин 70 сантиметр кылган туура.
• Чириген кык же биогумус салынган чуңкурга көчөттү салып, кыйыштырылган жерин топурак жаап калбагыдай кылып көмөсүз.
• Көчөттү көмүүдө алгач жерди чукууда үстүнөн алынган топуракты, андан соң астынан алынган топуракты салган туура.
• Отургузган соң жакшы сугаруу керек.
Канымжан Усупбекова