Меркурий – Күн системиндеги эң кичинекей жана Күнгө эң жакын турган планета. Аталышы эң ылдам жүрүүчү соода Кудайы Меркурийдин атынан коюлган. Анткени ал калган планеталарга караганда асманда батыраак айланат. Өзүнүн огун 58,6 суткада, Күндү болсо 87,9 суткада толук айланып чыгат.
Меркурийде атмосфера жокко эсе. Бирок күн шамалы барган жерлеринде аргон, кычкылтек, неон, гелий, суутек бар.
Көрүнүшү боюнча Айга окшош. Метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон кратерлер, кырка тоолор, өрөөндөр бар. Эң чоң кратер – Калорис, диаметри 1300 чакырымдай. Жарыкты чагылдыруу жөндөмдүүлүгү жагынан Ай менен бирдей. Бизге таң алдында жана кечинде көрүнөт. 19-кылымдан тарта Меркурий Венера планетасынын спутниги болгон, кийин андан бөлүнүп калган деген көз караш өкүм сүрүп келет.
Туулуп эле ыйык 50 уйду уурдайт
Меркурий – соодагер, чабан, элчи, саякатчылардын Кудайы. Кудайлардын ичинен эң авантюралуу, ойноок жана шогу. Атасы жарыктын жана музыканын Кудайы – Юпитер, апасы – Майя. Меркурий үңкүрдө жарыкка келет. Зирек жана тапкычтыгын ошол эле күнү көрсөтөт. Апасы үргүлөп отурганда Аполлондун мал жайып жүргөн талаасына барып анын ыйык 50 уюн айдап кетет. Экөөсүн Кудайлар үчүн курмандыкка чалып, этин жейт. Апасы ойгонгончо кайра келип калат. Таш баканы өлтүрүп, анын чопкутунун баш жана аяк жагын тешип, уйдун ичегилерин тагат. Ошентип кылдуу лира аспабын жаратат. Аполлон уйларын издеп үңкүргө келсе, Меркурий уктап жаткан болот. Аны Кудайлардын алдына алып барып, күнөөлөйт. Алардын ичинде Юпитер болот. Ал баласынын уурулугун өз көзү менен көргөн, андыктан уйларды кайтарып бер дейт. Куу Меркурий лирада ойноп баштайт. Музыкага арбалган Аполлон уйлардын ордуна лираны сурайт, ал макул болот.
100 көздүү Аргусту өлтүрөт
Юпитер баласын өзүнүн чабарманы кылып шайлайт. Ал атасынан учуучу канаттары бар сандалия жана баш кийим, оролгон 2 жыланы бар сыйкырлуу таякты алат. Атасынын кабарларын ошентип керектүү жерге бат жеткирип турат. Ал барган жерлеринде тынчтыкты орнотуп, жолдо жүргөндөрдү кырсыктардан сактап кала баштайт. Адамдар узак сапарга чыгарда Меркурийге курмандык чалып, бизди сакта деп жалына турган.
Юпитер көптөгөн адамдардын кыздарын сүйгөн. Ио алардын бири эле. Юпитердин аялы Юнона күйөөсүнөн шекшип калганда ал Иону уйга айландырып салат. Юнона уйду кайтарууну 100 көздүү Аргуска тапшырат. Юпитер сүйүктүүсүнүн уй болуп жүргөнүнө жаны ачып, аны куткарууну Меркурийге дайындайт. Ал Аргусту сыйкыры менен уктатып, башын кесет. Атасы Иону кайра кызга айлантат.