Биз социалдык тармакта

Нуржигит Молдояр, ырчы, композитор: “НУР ЧОЛПОН ЭКӨӨБҮЗДҮ СҮЙҮҮ БИРИКТИРЕТ"

 



 

 

 

 

 














Эмгеги эл оозуна алынып келе жаткан таланттуу ырчы, композитор Нуржигит Молдояр менен таанышып алыңыз, окурман. Эл аралык сынактардан тажрыйба топтоо, чыгармачылык жолдун узун болушу, жандуу үн менен ырдоо жана башка темаларда пикир алыштык. Профессионалдык сапат – анын кол тамгасы десек жарашчудай болуп турат.  

– Салам, Нуржигит мырза! Кайсы жердин кулуну болосуз? Үй-бүлөдө чыгармачыл инсандар барбы?

– Талас шаарында төрөлүп-өстүм. №8 орто мектепти 9-класска чейин окуп, андан кийин Бишкекте Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырдым. Кийин Улуттук консерваторияда билим алып, музыкалык жолумду уланттым. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, эжем жана иним бар. Атамдын музыкалык угуу жөндөмү, апамдын тембри жакшы. Үйдө, жакындардын тойлорунда ырдап калышат. Бирок башка тармакта эмгектенишет.

– Музыка тармагынын кайсы багытында баратасыз?

– Музыкада үч багытта иштейм. Биринчиси – контрабасчы, Бишкек мэриясынын симфониялык оркестринде иштейм. Экинчиси – ырчылык, академиялык вокал, опера багытында билим алып, ырдап келем. Үчүнчүсү – композиторлук, өзүм чыгарма жазып, сынактарга катышып, айрымдарын концерттерде аткарып жатам. Алган билимимди, топтогон тажрыйбамды элге жеткирсем дейм. Талантты катпай, тескерисинче, элге сунуштап, сапаттуу чыгармалар аркылуу өз ордуңду табуу керек деп эсептейм.

– Жакшы. Жалпы чыгармаларыңыз канча болуп калды азыркы тапта?

– Аспаптык жана оркестр үчүн жазылган чыгармаларды кошпогондо, болжол менен 30га жакын ырларым, обондорум бар. Учурда ошол чыгармаларды китеп жыйнак кылып чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Буюрса, жакын арада окурмандарга сунуштайм. Алдыда жакшы пландар бар. Жеке концертимди уюштуруп, ошол эле учурда жогоруда айткан китебимдин бет ачарын өткөрөм.

– Жаш болсоңуз да, сизди тажрыйбалуу ырчылар менен салыштырып жатышат. Өзүңүздү жаш талант деп эсептейсизби же кесипкөй ырчы катарыбы?

– Мага үмүт артып, ишеним көрсөтүп, тажрыйбалуу ырчылардын катарына кошуп жаткан элиме ыраазычылык билдирем. Билинбей эле профессионалдык музыка тармагында эмгектенгениме 10 жыл болуп калыптыр. Бул аралыкта ар кандай концерттерге катышып, көптөгөн сахналарды көрдүм. Симфониялык оркестрдин артисти, композитор жана жеке ырчы катары иштеп келдим. Ар бир чыгармага жоопкерчилик менен мамиле кылуу – максатым. “Баарын билдим, бийик деңгээлге жеттим” деп айта албайм. Анткени билгенден биле элегим көп.

– Эл аралык сынактарга катышып жүрөсүз.  Ал жактан алган тажрыйба, эмоциялар жөнүндө айтсаңыз?

– Ар бир сынак – өзүмдү сыноо. Адам эл аралык сынактарга деңгээлин билүү үчүн катышат. Өз казаныңда эле кайнай бербей, башка өлкөлөрдөгү композиторлор кандай иштеп, кандай музыка жаратып жатышат, алардын деңгээлин көрүп, салыштырып, өзүңдүн ордуңду түшүнөсүң. Ошол эле учурда техникалык жактан да көп нерсени байкайсың. Бир катар эл аралык сынактарга катышып, Кудайга шүгүр, көпчүлүгүндө жеңүүчү болдум. Эмоциялар жөнүндө айтсам, өлкөңдүн  атын таанытып жатканың үчүн сыймыктанасың. Ошол эле учурда “демек, мен туура багытта баратыптырмын” деген ишеним пайда болот. Мындан тышкары өзүңдө дагы чоң дарамет бар экенин түшүнүп, андан ары дагы жакшы чыгармаларды жаратууга, профессионалдуулукту күчөтүүгө, көбүрөөк изденүүгө күчтүү мотивация аласың.

 

– Сахнада олуттуу, ишенимдүү көрүнөсүз. Жашоодо өзүңүздү кандай адам деп сүрөттөйт элеңиз?

– Ар кандаймын. Кээде өзүмдү гений сезип, чоң сүйлөп, оор басырыктуу болуп калсам, кээде, тескерисинче, өзүнө ишеними аз, эч нерсе колунан келбеген адамдай абалга түшүп кетем. Достордун арасында шайыр, тамашакөймүн, ал эми олуттуу болуш керек болгон жерде олуттуумун. Кээде уялчаак, тартынчаактыгым кармап кетсе, кээде, тескерисинче, ким болбосун оюмду ачык айтып, чындык үчүн күрөшүп кетем. Ошондуктан менин кандай экенимди ар ким ар башкача сүрөттөсө керек.

 

– Жаңыдан чоң сахнага кадам таштаган Нуржигит менен азыркы Нуржигиттин негизги айырмасы эмнеде?

– Айырмасы абдан чоң. Мурда көп нерсени толук түшүнчү эмесмин. Жашоого болгон көз карашым, дүйнө таанымым кыйла өстү. Күндөн-күнгө өзгөрүп жатканымды байкайм. Ошондуктан азыр бирөөгө пикир айтарда же кандайдыр бир көз карашты карманарда жети өлчөп, бир кесип дегендей, терең ойлоном. Бирөөгө туура эмес багыт берип койбоймунбу деп корком. Анткени жоопкерчилик – бул абдан оор жүк да.

– Ырчы Нур Чолпон менен үч жолу дуэт жаздырыпсыз. Сиздерди чыгармачылык гана байланыштырып турабы же башка да нерсе барбы?

– Бизди сүйүү байланыштырып турат. Бул – чыгармачылыкка, таза искусствого, профессионалдуулукка болгон сүйүү. Экөөбүздүн максатыбыз бир. Элдин жүрөгүнө жеткидей, купулуна толгудай ырларды жаратуу. Нур Чолпон дагы адискөй композитор, билимдүү ырчы. Идеяга аябай бай. Экөөбүздүн иштешип жатканыбыздын бир себеби ушул. Бирибиздин идеябызды бирибиз улап, байытып, кошумчалап, чогуу изденип, ортодо жакшы бир эмгек жаратканга аракет жасайбыз.

– Ырчы, музыкант катары негизги максатыңыз кандай?

– Ар бир адамдын максат, тилектери болот. Мен өзүм дүйнөгө белгилүү Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев, Сүймөнкул Чокморов, Калый Молдобасанов сыяктуу кыргыздын таланттарындай болгум келет. Чыгармачыл чөйрөнү тандагандан кийин ортозаар деңгээлде калып калуудан корком.Негизги максатым – жан дүйнөмдү чыгармачылык аркылуу ачуу. Анткени мен үчүн музыка – жөн эле кесип эмес, бул жашоомдун бир бөлүгү. Ырдабай же музыка жазбай коё албайм. Мисалы, бир нече күн ырдабай калсам эле маанайым түшүп кетет. Кайсы жерде болбосун ырдап алсам жеңилдеп, энергия алып, жандана түшөм.

– Кесипкөйлүктү айтпаганда, жаш ырчылардан сизди айырмалантып турган өзгөчөлүгүңүз эмне деп ойлойсуз?

– Атайын бир сыр же стратегиям деле жок. Негизги өзгөчөлүгүм – композиторлугум, көбүнчө өзүмдүн чыгармаларымды аткарам. Башында академиялык, оор басырыктуу чыгармаларга басым жасачумун. Азыр көптөр жеңил ырлар менен бат таанылып жатышат, бирок алар кээде тез эле унутулат. А мен узак жашай турган, жылдар өтсө да угармандын жүрөгүнөн өчпөй турган ырларды жаратууга аракет кылам. Мен үчүн ырдын баасы анын убакытка канчалык туруштук бере алганында.

– Тойлордо, концерттерде жандуу үнбү же фонограммабы?

– Тойлордо мүмкүнчүлүк болсо жандуу ырдаганга аракет кылам, анткени жандуу аткаруу мага да, элге да көбүрөөк эмоция тартуулайт. Бирок шартка жараша өзгөрөт, кээде тойкананын акустикасы же аппаратурасы жакшы болбой калат, кээде ден соолукка байланыштуу да жагдайлар болот. Концерттерде толугу менен жандуу ырдайм. Телеэфирлерде көбүнчө фонограмма талап кылынат, анткени эфирде үн таза, сапаттуу чыгышы керек деген эрежелер бар.

– Шоу-бизнес жана маданият, кайсынысына жакынмын деп ойлойсуз?

– Шоу-бизнестин эмес, искусство тармагынын өкүлүмүн деп эсептейм өзүмдү. Жүргөн чөйрөмдө композиторлор, академиялык деңгээлдеги ырчылар, акындар, жазуучулар, сүрөтчүлөр сыяктуу чыгармачыл адамдар бар. Алар менен кеп-кеңеш кылып, талкуулап, идеяларды чыгармачылыкка байланыштырам. Өз тармагымдагы профессионалдар менен иштеймин.

– Философиялык суроо: жашоодо маанилүүсү эмне?

– Потенциалды толук ачуу жана өмүрдү өкүнбөгөндөй жашоо. Өмүрүңдү өзүң каалагандай өткөрүү маанилүү. Адамгерчилик биринчи орунда. Эң башкысы чынчыл болуп, таза ниет менен алдыга жылуу.

– Бар болуңуз! Элдин эсинде түбөлүк калчу эмгектерди жарата бериңиз. 

 

Мээрим Дербишалыева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1213, 20-26-март, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан