Жоогазын – популярдуу, суроо-талапка ээ жазгы гүл. Ошондуктан бул гүлдү өстүрүүгө кызыккандар, ишкерлер көбөйдү. Ишкер Самат Шабданкулов бул тармакка 9 жыл мурун баш багыптыр. “Дагы да үйрөнүүнүн үстүндөмүн, үйрөтүп да жатам” деген маектешим үй-бүлөлүк бизнеси, жоогазынды өстүрүү жолдору, киреше-чыгашалары тууралуу айтып берди.
Гүл сатуудан башталган кыял
Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлгөн каарманымдын атасы да дыйкан экен. Атасы алгачкылардан болуп айылына дарбыз эккенин айтат. Азыркы тапта Кызыл-Жар дарбызы менен атагы чыккан айылдардын сап башында турат.
– Окуучу кезимде эжелерим акча табуу максатында гүл алып-сатып калышты. Аларга мен да кошулуп сатып жүрүп гүлдөр тууралуу түшүнүк алгам. Ошол кезде “чоңойгондо гүлдөрдү, жоогазынды өзүм эгип өстүрсөм” деп кыялданып койгом. Кийин Бишкекке келип, үй-бүлө күтүп, базарда сатуучу болуп иштеп жүрүп баягы кыялымды эстеп, издене баштадым. Анда базарга орустар гүл өстүрүп келип сатышчу, алар менен сүйлөшүп, 2017-жылы эки миң даана жоогазын пиязын (ред.: түп, тамыр) сатып алдым. Алар “жерге отургузуп өстүрөсүң” деп, сырларын деле айтышкан жок. Келинчегим экөөбүз отургузуп, бирок “өлтүрүп албайлы” деген коркунуч менен сууну ысытып, чабыштырып сугарып жүрдүк. Коркуу менен туура эмес кадамдар башталыптыр. Ошого карабай бир карыш бойлуу жоогазындар гүлдөп, “Ош
базарга” алып чыктым. Алгач өтүмдүүлүгү жакшы болбой жатты. Анан желим стакандарга топурак салып, гүлдү отургузуп, сыртын пакет менен каптап койдум. Жанымда турган роза гүлдөргө кызыкпай эле, менин гүлүмдү ала башташты. Базарчымын да, 100 сом деп турган гүлдү 130-150-200 сомго көтөрүп саткам. Ошол жактан бир эженин “гүлдү орустар, дунгандар өстүргөнүн көрдүм эле, азаматсың. Гүлдөрүң мындан да жакшы өсүп кубантсын” деген жакшы сөзү дем берди. “Мындан да сонун жоогазындарды өстүрөм” деп ошондо өзүмө сөз бергем.
“200 миң даананын баары сатылды”
“Учурда төрт үйдө күнөсканам бар, бири өзүмдүн үйүмдөгү жер төлө болсо, калганы туугандарымдын үйүндөгү күнөсканалар. Кайсы тууганымдын үйүнөн бош жер көрсөм эле “ушул жакка жоогазын эгебиз” деп чыгам”,- деген ишкер кийинки жылкы март айына миллион жоогазын өстүрүп сатууну пландап жатыптыр.
– Былтыр үч жерде болсо, быйыл дагы бирөөнү коштук. Уругунун бир даанасын ноябрда 40 сомдон алып, январда 200 миң даана эккенбиз. 20га жакын сорту бар болчу. Дүң баада 75-80 сомдон бердик. Февралда эле буюртмалар менен иштеп баштайбыз, дүңүнөн алган дайымкы кардарлар бар. Ошол убакта телефон тынбай, марттын алгачкы күндөрү эле жоогазындар түгөнүп калат. Ишиме жубайым, жакындарым чоң жардамчы.
Уруктарды көбүнчө Орусиядан алдыртчубуз. Такай урук салган орус киши менен дос болуп, ошол жоогазын өстүрүүнүн сырларын үйрөттү. Былтыр болсо атайын Голландиянын гүл түрлөрүн өстүргөн, уругун саткан компаниянын чакыруусу менен мурунку депутат Замир Мамасадыков менен чогуу гүлдөрдүн көргөзмөсүнө барып келдик. Ал жактан өстүрүү технологиялары боюнча билим алып, жоогазындын сортторун тандап, уругун алууга келишим түзүп кайттык. Ноябрь айында уруктарын алдык.
“Уругун да өзүбүз өндүрсөк дейм”
Гүлдөрдүн 90 пайызы Кытай жана башка өлкөлөрдөн келет. Гүл өстүргөн, айрыкча жоогазын өстүргөн багбандар эми жайылып жаткан учур. “Бул тармакты өнүктүрүп, уругунан бери өзүбүз өндүрсөк болот” дейт Самат Шабданбеков.
– Менин максатым, кыялым – жоогазын гүлдөрү Голландия сымал ар бир айылда өстүрүлсө, уруктарын башка өлкөдөн сатып албай, өзүбүздөн өндүрсөк дейм. Кыргызстандын кайсы жери Голландиянын аба ырайына окшош деп иликтеп жатам. Келечекте ошол аймактарга отургузуп кооздукту жаратсак, уругун казып кайра өстүрсөк болот.
Жоогазын март айларында гүлдөгөндөн кийин түбүндөгү пиязы уруктуулугун жоготуп, сарымсак сымал бөлүнүп калат. Аларды бөлүп, кайра салкын жерге отургузулат. Булар жай мезгилинде гүлдөп, жалбырагы саргарып куураган соң пиязын казып алып, кургатып, ноябрга чейин эс алдырат. Ошондо гүлдүн сабагы узун, бутону чоң болот. Ушундай жол менен уругун өндүрүшөт. Мындай иш убакытты, мээнетти, каражатты талап кылат, ошондуктан азырынча оюмда бышырып жүрөм. Келечекте ишке ашырабыз деген ниеттемин.
“Гидропоникадагы сууну убагында алмаштырып туруу зарыл”
“Бул гүлдү өстүрүү жеңил элеби? Эмнелер талап кылынарын билгиси келгендер аз эмес. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?”- деп сурадым:
– Жоогазынды өстүрүү оңой деп айтпайм, бирок жолун тапса болот. Гүл ысыкты жактырбайт. Уругун алгач гидропоникага сайып, суу куюп, +5 градустагы температурада сакталат. Топуракка деле отургузса болот, болгону көбүрөөк эмгекти талап кылат. Январь айынан баштап күнөсканадагы температураны акырындан жогорулатабыз да, азот, калий, магний, кальций азыктарын сууга кошуп куябыз, жумасына 2-3 жолудан. Гидропоникадагы сууну карап, бозоруп баратса алмаштыруу кажет. Кадимки аба ырайы жылыгандай эле температура +15 градуска чейин акырындан көтөрүлөт. Гүлдөгөндөн кийин кайра +5 градуска чейинки салкында турат. Температураны, уруктун, сабактын өңүн күнү-түнү карап туруу кажет.
Гидропоника – бул топураксыз, сууда өсүмдүк өстүрүү ыкмасы. Керектүү азык-заттар сууга кошулуп, өсүмдүк ошондон азыктанып өсөт. Чака, челек, жашик сыяктуу түрлөрү бар.
Артыкчылыгы:
• Өсүмдүккө азык-заттар бат сиңет, курт жолобойт, таза продукт өсөт.
• Өсүмдүктүн өсүүсүн, гүлдөөсүн токтотуп турса, ошондой эле ылдамдатса болот.
• Түшүмдүүлүгүн жогорулатса болот.
• Өсүмдүктүн азыктанышы көзөмөлдөнөт.
Чыгаша, кирешеси
Жоогазын өстүрүп сатуунун киреше-чыгашасын Самат Шабданкулов менен бирге болжолдуу эсептеп чыктык. Кызыгып жаткандар үчүн алгачкы багыт болот деп ишенебиз.
Миң даана жоогазынды мисал кылып алдык, бирок күнөскананын аянтына карап өлчөмү көбөйтүлөт. Алгач жылыткыч, жарык берүүчү, шамалдатуучу жабдыктары менен күнөскана жабдылат. Миң даана 10 чарчы метрге батат.
1000 даана жоогазын пиязы х 40 сом = 40 000 сом.
Отургузуу үчүн гидропоника жашик керектелет. Мындай жашикке 100 даанага чейин батат. Миң даанага 10 жашик керектелет, баасы 500 сомдон жогору.
10 жашик х 500 сом = 5000 сом.
Январь айынан баштап азот, кальций, калий, магний сыяктуу азык-заттар бериле баштайт. Миң даанага жумасына азык-заттарга 1000 сомдун тегереги жумшалат. Январь айынан мартка чейин 9 жума.
9 жума х 1000 сом = 9000 сом
Жалпы чыгаша = 54 000 сом.
Өскөн соң дүң баада 1 даанасын 80 сомго чейин, чекене баада 100 сомдон жогору сатылат.
1000 х 80 сом = 80 000 сом
Чыгашаны алып салсак – 26 000 сом киреше
1000 х 100 = 100 000 сом
Чыгашаны алып салсак – 46 000 сом киреше
Даанасын көбөйтсөңүз, ошого жараша түйшүк жана киреше болот. Мисалы, 100 миң даанадан болжолдуу дүң баада 2 миллиондон ашык киреше тапса болот.
Асел Ишенбай кызы