Орус шоу-бизнесинде жаштар арасында кайсы ырчы популярдуу? Бул суроого сөзсүз Akmal’ деп жооп бергендер чыгат. Бирок бул ырчы жаштар арасында эле эмес, орто, улуу муундан да көп күйөрман күткөн. Буга, балким, шансон жанрындагы чыгармаларды жактырып, репертуарына кошкону себептир. Былтыр Akmal’ Кыргызстанга да келип, концерттери аншлаг менен өткөн эле. Таланттуу адамдын жашоосундагы сүртүмдөргө көз жүгүртүңүз.
Аты-жөнү: Акмаль Ходжаниязов
Туулган жери: Түркмөнстан, Байрамали
Туулган жылы: 2003-жыл, 23-ноябрь
Жылдыз белгиси: жаачы
Бою: 176 сантиметр
Кесиби: ырчы, автор
Белгилүү чыгармалары: «Мир нам завидовал», «Шутка», «Птицы», «Раневская», «Из-за тебя», «Ты мне покажи» жана башка
Жубайы тууралуу
Akmal’дын жашоосундагы акыркы чоң жаңылык, көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн Александра аттуу бийкечке үйлөнүүсү болду. Башынан эле ырчы мырза эрте үй-бүлөлүү болгусу келерин айтып жүрчү.
– Александра – менин жашоомо келген чоң белек болду. Кичинемден ата-энемди көрүп, чоң үй-бүлөнүн баалуулугун билип чоңойдум. Анан эрте үй-бүлө курсам экен, өзүмдүн адамыма жолуксам экен деп кыялданчумун. Кыялым орундалды. Кечинде чарчап үйгө келгенде маанайымды көтөргөн, капаланып турганда маңдайымдан сылаган, чыгармачылыкка эргүү берген, мени эч нерсеге карабай сүйгөн, колдогон адам Саша болду. Чоң той бере элекпиз, ал пландар али алдыда. Азырынча расмий түрдө үйлөнүп, документ алып койдук.
Үй-бүлөсү тууралуу
Акмаль көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Тагыраагы, өзүнөн улуу агасы, иниси жана карындашы бар. Өмүр баянында туулган жери Түркмөнстандын Байрамали шаары деп жазылган. Чынында эле Байрамалиде жарык дүйнөгө келген, бирок кийин Өзбекстандын борбору Ташкентке көчүп кетишкен экен. Балалыгы дал ошол Ташкент шаарында өткөн.
– Ташкент шаарында жашап калганыбыздан бизди өзбекстандык деп ойлошот. Анын үстүнө азыр да ал жакта туугандарыбыз, досторубуз көп болгондуктан бат-баттан барып турабыз. Үй-бүлөбүз ынтымактуу, ата-энем балдарынын бардык кадамын колдогон адамдар. Ошондуктан ар бирибиз өз каалаган кесип менен алек болууга мүмкүн болду окшойт. Үй-бүлө кандай болорун, анын макетин, үлгүсүн ата-энем көрсөттү. Буюрса, мен дагы ошондой үлгү болорлук мамлекет курсам дейм.
Чыгармачылык тууралуу
Орусияга көчүп келишкенинин себепкери – агасы. Айрымдар билет, айрымдарга белгисиз. Акмалдын агасы Жамалдин Ходжаниязов профессионал спортчу. Ал орустардын белгилүү “Зенит” футбол клубунда, кийин “Динамодо” ойногон. Жамалдиндин жанында болуу максатында үй-бүлө Орусиянын жарандыгын алып, Санкт-Петербург шаарына көчүп келишкен.
– Менин алдымда эки тандоо турду: бири агамдын жолун жолдоп футболчу болуу, экинчиси өзүм сүйгөн музыка менен алек болуу. Ыр, музыка – мен эс алган дүйнө эле. Өз алдымча нота жаттап, синтезатордо ойногонду үйрөнүп алгам. Мектепте 9-класска чейин гана окудум. Андан кийин музыкалык колледжге өтүп кеттим. Бул кадамым менин музыканы тандаганымдын белгиси болчу.
“Голос. Дети” тууралуу
2018-жыл. Орусиянын Биринчи каналында “Голос. Дети” музыкалык долбоорунун 5-сезону старт алган. Устаттардын креслосунда белгилүү ырчылар Пелагея, Валерий Меладзе жана Баста отурган эле. Сахнага 15 жаштагы Акмаль аттуу өспүрүм чыгып ырдап, ага устаттардын бардыгы “сени тандадым” деп креслолорун бурушкан. Алардын арасынан Бастанын командасына кошулуп, долбоордун финалына чейин жеткен.
– Негизи аябай уялчаак жан элем. Чыгармачылык менен алектенгендерге керексиз сапат. Уялганымды жоюу максатында кавер ырдап, блогер болумуш болгон вайндарды тартып соцбаракчама жүктөчүмүн. Азыр ошол вайндарды көрсөм күлкүм келет, ырас эле Кудай мени ырчылыкка буруптур, блогер кылбай. Уялчаак болчумун дебедимби, “Голос” долбоорун сүйүп көргөнүм менен, ага катышуу тууралуу ойлоно да алчу эмесмин. Анан 2017-жылы өткөн кастингге агам Жамалдин менин атымдан өтүнмө жөнөтүп жибериптир. Кызыгы, долбоордон чакыруу келди. Эсимде, кастингге барып, толкунданганымдан ырымдын сөзүн эле эмес, кимге таандык чыгарма экенин да унутуп айта албай койгом. Болду, мен уят болдум, сынакка чакырышпайт деп келгем үйгө. Бактыга жараша чакырышты, сынакта Жеймс Браундун ырын ырдадым. Устаттардын баары бурулганда сүйүнгөнүмдү айтпа.
Чоң энесинин жоолугу тууралуу
Акмалдын чыгармачылыгына көз салып жүргөндөр билет, ал дайыма микрофонуна жоолук байлап коёт. Бул ырчы тандаган стиль же фишка эмес, башка терең мааниси бар.
– Чоң энем болбосо, балким, чындап футболду тандап кетмекмин. Ал: “Биздин үйгө бир эле футболчу, ал алган жаракаттар, көк ала тактар жетет. Сен ырдаганды билесиң, сени мен сахнада микрофон менен көрүп турам. Андыктан ырда, балам...” деген эле. Менин ырчы болуп чоң сахнада ырдаганымды, ырларымды сүйгөн күйөрман топтогонумду көрбөй кетти. Жашоомдогу эң жакын адамдарымдын бири болгон чоң энемдин урматына анын жоолугун элестетип микрофонго жоолук байлап чыгам.
Кайгылуу ырлар тууралуу
Кумир туткан адамы – Майкл Жексон, ырчынын “лунная походка” кыймылын кичинесинен эле жаттап алган. Орустардан Елена Ваенга, Любовь Успенская сыяктуу шансон стилиндеги ырчыларды жактырат. Репертуарында көбүнчө өзүнө таандык ырлар. Дуэттери да бар: Григорий Лепс, Юлиана Караулова, JALAGONIA менен. 4 жыл мурун чыккан «Из-за тебя» автордук ыры Ютубда 70 миллиондон ашык көрүү топтоп, Акмалды тааныткан чыгарма болуп калды.
– Менден эмнеге жалаң кайгылуу, лирикалуу ырларды чыгара бересиң деп көп сурашат. Негизи ыр жаратуу эргүүсү мен меланхолияга батып, маанайым жок, кайгырып турган маалда келет. Позитивдүү маанайда эргүү деген нерсе алыс качат. Ошондуктан да кайгылуу ырларды жазсам керек.
Асыл Орозбекова