Өлкөдө эт кымбаттап, козудан кийинки эле орунду үндүк ээлеп калды десек жарашат. Демек, үндүк багуунун эбин тапкан кишиге бул иш сонун киреше булагы болуп берет. “Кыштын камын жазда көр” демекчи, бул санда окурманга кеңеш берели дедик.
Каныкей Замирбек кызы, Сузактын Барпы айылынын тургуну: “Жөжөлөрдү 4 маал жем берип бактык”
– Жолдошум экөөбүз былтыртан бери үндүк багып келебиз. Кирешелүү иш экен, анткени жумурткасын, балапанын, өзүн сатсаң акча. 2025-жылдын февралында чёрный принц породасындагы 4 короз менен тихорецк (кызыл шыйрак деп да аталат) породасындагы 20 ургаачы үндүктү сатып алдык. Бул породадагылар этти көп берет. Багууда эске ала турган жагдайлар бар. Мисалы, үндүктөргө жумуртка бастыргыча котур оорусуна жана кенеге каршы үндүккананы сөзсүз дезинфекция кылыш керек. Сууга неоцидол дарысын кошуп чачуу шарт. Былтыр апрелде 10 күрп үндүктүн ар бирине 20дан жумуртка бастырдык, 28-29 күндө жөжө чыгарышты. Жөжөлөрдү күндүз энелерине кошуп, түнкүсүн суукта ооруп калбасын же апасы тепсеп өлтүрбөсүн деп 20 күн бою коробкаларга салып үйгө киргизип жүрдүк. Үйдөгү жылуулук 25 градустан кем болбошу зарыл. Жөжөлөргө 2 күн эч нерсе бербейбиз, 3-күндөн баштап кайнатылган суу (30-40 градус жылуулукта) жана атайын жем бериле баштайт. Ал үчүн жүгөрү жана күрүч акшагын сууга бышырып, ага сууга бышкан 4 жумуртканы сүргүчтөн өткөрүп кошуп бере баштадык. Жеми суюк да, абдан коюу да болбошу керек. Андай жемди 2 ай үзбөй күндө 4 маалдан бердик. Муздак суу жөжөлөргө 40 күндөн кийин гана берилет. Суу куюлган идиш чуңкур болбошу керек, антпесе балапандар түшүп өлүп калышы мүмкүн. Бара-бара жемди 2 маал, анан 1 маал бергенге өттүк.
“Эртең менен шүүдүрүм аралатууга болбойт”
– Жөжөлөргө 20 күн болгондо энелерине кошуп жайытка жайып, түнкүсүн чогуу калтыра баштадык. Талаадан чөп-чар, курт-кумурска терип жешет да, жемден акча үнөмдөлөт. Жөжөлөрдү эртең менен шүүдүрүмдү аралатууга болбойт, суук тийип ооруп калышат. Ноябрдан тарта 2 маал бүкүлү жүгөрү, буудай бергенге өттүк. Декабрда союшка жарап калышты, сата баштадык. Тирүү кезинде короздору 10-14, ургаачылары 9 килограммдын тегерегинде болду. Ургаачыларын 3500 сомдон, короздорун 6000-7000 сомдон саттык. Жалпы алганда, жумурткадан чыккандан сатканга чейин 1 үндүктүн чыгашасы 1000 сомдой болду. Оорутпай баксаң кирешеси жакшы экен.
Ветеринардык кеңеш
• Кокцидиоз – ичегиге кирип кеткен мителер козгоочу оору. Үндүктүн тамактануусу начарлап, ичи өтөт. Жөжөлөргө 5 күн болгондо аталган ооруга каршы 1 литр сууга тромексин антибиотигинен 1 грамм кошуп, ичкенге коюлат. Бул 3-5 күн берилет. Жөжөлөргө 14 жана 45 күн болгондо кокцидиоз оорусуна каршы 1 литр сууга байкокс дарысынан 1 миллилитр кошуп, ичкенге коюу кажет.
• Ньюкасл (чума) – үндүктүн буттарын шалга айлантуучу дарт. Жөжөлөргө 10 күн болгондо буга каршы “Ла-Сота”, “Бор-74 ВГНКИ” вакциналарынын бирин сууга аралаштырып мурдуларына тамчылатуу кажет. 30 күн болгондо дагы бир жолу ушинтиш керек.
• Иммунитетин көтөрүү үчүн 25-28 күн болгондо Чиктоник
БАДы сууга кошулуп, ичкенге коюлат. 5 күн берүү зарыл. Андан кийин аптасына 1 ирет берип туруу кажет.
• Канаттуулардын сасык тумоо ылаңына каршы сентябрда Флу протект H5 же ГриппарМ вакцинасы төш терисине сайылат.
• Кышында чечек оорусу күтүлөт. Үндүктүн башына, оозуна жара чыгат. Бициллин-5 МЗ антибиотигине физрастворду кошуп аралаштырып, санына саюу кажет.
Кошумча кеңештер
Үндүккана. 20 үндүккө 10 чарчы метр аянттагы темир торлуу короо, кечкисин түнөй турган жай үчүн 5,6 чарчы метрлик аянт керек. Жумурткалашы үчүн уяга да 1 чарчы метр аянт зарыл. Күл жана кум аралашмасынан турган ванна үндүктөрдүн мите курттардан тазаланып туруусуна шарт түзөт. Ай сайын мите курттарга каршы акиташ менен хлордун аралашмасын сууга чылап, чачып чыгуу керек.
Температура. Жумурткадан жаңы чыккан балапандар 5-6 күнгө чейин +27 градустан төмөн эмес жайда болушу зарыл. Анан жылуулукту күнүгө 1-2 градуска төмөндөтүп отуруу кажет.
Тоюттандыруу. Жумурткадан чыккандан кийинки күнү сууга бышкан жумуртка майдаланып берилет. 3 күндөн кийин жумуртканын өлчөмүн азайтып, майдаланган буудай же жүгөрү даны менен чөп-чар бере баштаса болот. 5-6 күндүк балапан 1 күндө орточо 10 грамм жем, 3 грамм чөп-чар жана 3 грамм жумуртка жейт. Алгачкы 10 күндүктө ар бир 3 саат сайын жем берүү кажет. 1 айлык болгондо 3-4 маал жем берилет.
Чыгаша. Үндүкканадан сыртка чыгарбай бакканда 1 баш үндүк 1 жылда 55 килограмм жем (арпа, буудай, жүгөрү), 100 килограмм жашылча (кызылча, сабиз, картошка, көк пияз) жейт. Айылда же шаар сыртында бакса, чөп-чарды талаадан терип жегени үчүн жемден үнөмдөө болот. Жемдин 1 килограммын орточо 22 сом деп алсак, 1 үндүктүн чыгымы 1200 сомдун тегерегинде болот. Буга дары-дармек чыгымдары кошулат. Эгер 6 айда эле семиртип сатам десеңиз, анда чыгаша бир топ азаяры анык.
Канымжан Усупбекова