Кыштан жазга өтүп, организмде витаминдердин жетишсиздиги байкалып жатабы? Кайсы азыктар бат калыпка келүүгө жардам берет?
1. Кызылча
Күнүгө сууга, бууга бышкан же чийки кызылчадан жасалган салат жеңиз. Кызылча – канды тазалоочу уникалдуу азык. Таза кан – бүт организмдин саламаттыгына, теринин сапатына таасир этет. Кызылча В жана С витаминдерине бай, андан сырткары фолий кычкылы, темир жана клетчатка иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Курамындагы нитраттар кан тамырларды тазалап, кан басымды калыпка келтирет, а бетаин заты боордун функцияларын жөнгө салат.
2. Брокколи
Негизи капусталардын кандай түрү болбосун, организмге пайда алып келчү азык-заттарга бай келет. Арасынан брокколиде белок эң көп деп саналат. Курамындагы клетчатка организмдеги шлак, токсиндерден арылууга жардам берет. Ашказан-ичегилердин иштешин жөнгө салат, тамакка болгон табитти арттырат. Брокколини үзгүлтүксүз колдонуу көз торчосунун ден соолугун чыңдайт, ал эми капустадагы тартрон кычкылы арыктоодо эң сонун табигый жардамчы болот. Калориясы аз бул азык организмди тазалап, тамак-аш сиңирүүнү тездетет.
3. Жаңгак
Жаңгак түрлөрү – бул пайдалуу майлардын (Омега-3, Омега-9), өсүмдүк белогунун, Е витамини, клетчатка жана антиоксиданттардын булагы. Бул пайдалуу заттар жүрөк-кан тамыр системин бекемдейт, холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, мээнин иштешин жакшыртат, тери, чач, тырмак жана башкалардын сапатына жооп берет. Андыктан күнүнө 50 грамм жаңгактын кандай түрү болбосун тамак-аш рационуна кошуу керек.
4. Эт
Жазында организм алсырайт. Андыктан ага энергия керек. Эт – энергиянын булагы. Майы аз уй, кой, жылкы эти, тоок, үндүк эттери, деңиз азыктарын ченеми менен күнүгө колдонсоңуз болот. Эт белокко, аминокислоталарга, В группасындагы витаминдерге бай. Канды көтөрүү, мээнин иштешине көмөк көрсөтүү, иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Эттин күнүмдүк нормасы – 130-180 грамм.