Кант – башкы азыктардын бири болуп саналат. Ал чай, кофеден тышкары, түркүн кондитердик азыктарга, соустарга, салаттарга чейин кошулат. Тарыхта ал алгач кант камышынан алынганы маалым.
Кант кантип алынат?
Кант камышынын боюнун бийиктиги 4-6 метр. Тамыры кыска, бирок топуракка бекем жабышып өсөт. Жалбырактары жүгөрүнүкү сымал ири, жазы. Узундугу 60-150 сантиметр, жазылыгы 4-5 сантиметрге жетет. Деңиз деңгээлинен 500-700 метр бийиктикте жана +25-30 градустагы температурада жакшы өсөт. Эгилгенден кийин 6-8 ай токтобостон өсөт. Андан кийин кургактык болушу абзел, себеби дал ошол мезгилде камышта кант топтолот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – бир эгилип, көп жыл бою өсө бергенинде. Кант өндүрүү үчүн гүлдөгөнгө чейин сабактары кесилет. Сабагында 8-12 пайызга чейин клетчатка, 18-21 пайыз кант, 67-73 пайыз суу жана белок заттары, туз болот. Камышты жыйноодо баш жана этек жагы кесилип, орто бөлүгү жыйналат. Жыйналган сабактары ишканада оор аппараттар менен бастырылып, ширеси сыгылат. Ширени иштетүү менен кант бөлүнүп алынат. Түшүм жакшы болгон жылдары 1 гектардан 1 жылда 100-150 тоннага чейин кант камышынын сабагын жыйноого мүмкүн. Кант камышынан алынган кант дүйнө боюнча өндүрүлгөн канттын 65 пайызын түзөт. Башкы экспорттук товар.
Мекени Индия жана Кытай
Мекени деп Индиянын Батыш Бенгалия, Бихар аймактары жана Кытай эсептелет. Ал жакта кант камышы биздин заманга чейин эле өстүрүлүп, андан алынган кант “саркура” аталган. Байыркы Европа жазуучуларынын чыгармаларында “сахарум” деп да аталып, ал сейрек жана кымбат зат катары бааланганы жана дары ордуна колдонулганы жазылган. Александр Македонский биздин заманга чейинки 327-жылы Индияга барганда кант камышы менен алгач ирет таанышкан. Акырындык менен азыркы Иранга жана Египетке жеткирилип, кийинчерээк Испанияга, Африкага чейин тараган. Атактуу деңиз саякатчысы Христофор Колумб Американын Санта-Домингосуна болгон саякатында кант камышынын көчөттөрүн ала барып, ал жакта да өстүрүлө баштаган.
Кайсы өлкөлөр лидер?
16-кылымда кант камышы Бразилияда, анан Мексика, Гвинеяде өстүрүлөт. Европада аны өстүрүү өөрчүгөн эмес. Анткени өндүрүүдөн көрө сырттан сатып алуу арзанга түшкөн. Кызылчадан кант алуу өздөштүрүлгөн соң Европада кант камышын өстүрүү токтотулган.
Учурда кант камышын эң көп өстүргөн өлкөлөр – Бразилия, Индия, Кытай, Таиланд, Пакистан, Мексика, Индонезия, Түштүк Африка Республиксы жана Куба.