Биз социалдык тармакта

Тотомидин Жолдошев, ырчы: “АШУУДА ТОРМОЗ КАРМАБАЙ КАЛЫП...”

Белгилүү ырчы Тотомидин Жолдошев менен бул жолу ыр, сахна, микрофон тууралуу эмес, техника дүйнөсү тууралуу пикир алыштык. “17 жылдан бери рулдамын” деген ырчы мырза темир тулпары менен тааныштырып, унаага болгон табити, жолдогу окуялары, бир өлүмдөн аман калган жол кырсыгы тууралуу айтып берди. 

Үлгүсү – Hyundai Santa Fe

Чыгарылган жылы – 2018-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400  сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 260 чакырым

Баасы – 15 миң доллар

“32 жашымда алгачкы унаамды алгам”               

– Менин рулда жүргөнүмө 17 жылдын жүзү болду. Мурда айылдык кесиптик-техникалык окуу жай (ред.: СПТУ) деген болор эле. Анда айыл чарбасы жана башка тармактар үчүн жумушчу адистерди, мисалы, айдоочу, тракторчу даярдап чыгарышчу. 9-класстан кийин ошондой окуу жайга тапшырып, 2 жылда айдоочулук кесипке ээ болуп чыккам. Окуп жүргөндө машина айдатып, жол эрежелерин үйрөтчү. Ошого кичинемден өзүмдүн унаам болсо деген кыялым бар эле. 32 жашымда биринчи унаам – Mercedes’тин рулуна отурганымда кубанып, шыр эле айдап кеткем. Кийин Honda, Toyota үлгүсүндөгү унааларды айдадым.

“Азыркы унаам заманбап, ыңгайлуу”               

Hyundai Santa Fe мага эмнеси менен жакты? Анткени ыңгайлуу, ишенимдүү, орто көлөмдүү кроссовер. Салону менен багажы кең, коопсуздук системдери, дизайны заманбап. Баасы да өтө кымбат эмес. Тетиктери табылат. Кыскасы, үй-бүлөлүк жакшы унаа. Айрым эркектер бар, унаа айдоого кызыкпайт. А мен башынан кызыгам. Унаа айдагандын өзүнүн ырахаты, азарты бар. Бирок ырчылыкка байланыштуу эки жакка көп чыккандыктан кээде айдагандан тажайм. Андайда чоң балама же достордун бирине айдатып алам. 

“Лексус, Тойота жол тандабастары жагат”

– Үйдө 1 эле унаа болгондо сенден чоң балаң, келинчегиң талашып айдап калат. Ошондуктан ар ким өзүнүкүн айдасын деп аларды да унаалуу кылгам. Келинчегимдики Кытайдан чыгарылган электромобиль, үлгүсү Weltmeister. Чоң уулум юридикалык академияда 2-курста окуйт, аныкы Mitsubishi Carisma.

Унаамда дайым көз айнек, сахнага кийчү кийимим, гитарам жүрөт. Айрымдар эми мындай, тигиндей үлгүдөгү унаа алышым керек деп жан талашып, улам алмаштырышат. Менде андай нерсе жок. Жылы жаңыраак, абалы жакшы болсо болду. Мага жол тандабастардан Toyota Highlander менен Lexus LX 570 жагат. Буюрган күнү аларбыз.

“Абдан аяп, кастарлай бербейм”                                  

– Мен үчүн унаалар статустан деле кабар бербейт. Азыр унаа ар бир үйдө бар, велосипед катары эле болуп калбадыбы. Абдан кымбат унаалар, мисалы, 100 миң долларлыктар гана статус бериши мүмкүн.

Унаамды абдан деле кастарлап карап, кам көрө бербейм. Себеби машинаны мингени алабыз да. Ошондуктан каалагандай колдоном, бузулса оңдотуп алам дегендей. Аптасына 3-4 жолу жуудуруп турам. Көңүлүм келсе өзүм ичин тазалап, жууп коём. Дөңгөлөк алмаштырам, анча-мынча жерлерин түшүнөм. Калганын устага тапшырам.

“Балдарыма секиргиле деп кыйкыргам...”

– Узак жол жүрүүнүн өзүнүн оорчулугу бар. Унааң бузулуп жолдо калышың же кырсыкташың мүмкүн. Мындан 2-3 жыл мурун Чаткалдан Таластын ашуусу аркылуу Бишкекке келе жатканбыз. Жанымда 2 балам бар болчу. Ашууда “колодкалар” ысып кетип, тормоз кармабай калса болобу?! Эптеп “ручникти” тартып, унаам 10 секунддай токтогон учурда өзүм өлсөм өлөйүн, балдарым аман калсын деп “секиргиле!” деп кыйкырдым. Секиришкенден кийин унаам менен барып жарды сүздүм. Машинам капталдап жатып калды. Ошондо бизди Кудай бир сактаган. 

“Эки жагын карабай эле далдактап чуркап чыгышат”                                       

– Айдоочулукка 2 жыл окугандыктан жол эрежелерин жакшы билем, этият айдаганга аракет кылам. Бирок кээде шашып жатканда айласыз ылдамдыкты ашырып айдаган учурлар болуп калат. Андайда камераларга түшөсүң, айып пул төлөйсүң. Негизи жакшы айдоочумун, рулда сабырдуумун. Айрымдарга окшоп сигналды удаа-удаа басып, сөгүнө бербейм. Негизи тажрыйбаң канча болсо да жолдо ар дайым этият болушуң керек. Азыр айдоочулар да, жөө жүрүүчүлөр да бир кызыктай. Кээде жөө жүрүүчүгө атайын токтоп жол берсең өтпөйт, бирөөлөр болсо эки-жагын карабай эле далдактап жолдун ортосуна чуркап чыга калышат.

“Чоң унааларды айдагандан корком”               

 – Жолдо айрымдар олдоксон айдашат. Андайда “праваны” сатып алган экен деп кейип калам. Жеңил унаадан башка техникаларды айдай албайм. Айрымдар КамАЗ, автобус, кран айдап көрсөм деп калышат го, а мен чоң унааларды айдагандан корком. Кээде дос-тааныштар бир жерге барып келейин деп унаамды сурап калышат. Андайда тажрыйбасы көп жана жакшы айдай алгандарына гана ишенип берем, көзүм жетпесе бербейм.     

“Жигитти пранкка салып оозун ачырдык”                                       

 – Жолдо кызыктуу окуялар көп эле болот.  Жакында эле “Таалай элеси” тобу менен түштүк тараптан Бишкекке келе жатканда бир кызык болду. Суусамырдан 30 жаштардагы бир жигит ала кет деп кол көтөрүп калды. Жолдо унаасы бузулуп, Кара-Балтадан керектүү тетик алып келмек болуптур. Токтоп, алып алдык. Бир жерге токтогондо топтогулар: Кенжебек, Сурма, тайманбаган уюштуруучу кызыбыз Айгүл болуп сүйлөшүп, тиги жигитти пранкка салмай болдук. Ошентип унаада тиги жигит сүйлөп жаткан учурда Айгүл биз сүйлөшкөндөй анын тизесинен, санынан кармап өзүнө тартып койду. Жигиттин оозу ачылып, көзү тостоюп калды. Биз болсо ичибизден күлүп баратабыз. Бир аз жүргөндөн кийин тиги жигит дагы сүйлөп баштаганда Айгүл жанагысын дагы кайталады. Жигиттин көзү алаят тимеле... Кара-Балтага жетип, жигит жолдон түшүп калганда пранк экенин айтсак, күлгөн бойдон калды.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1215, 3-9-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан