Биз социалдык тармакта

“ҮЧ АЙДА 25 КИЛОГРАММ ТАШТАДЫМ...” Спорт менен машыккан жылдыздар сүйлөшөт

Спортту жашоосунун бир бөлүгүнө айлантып, ден соолугуна, келбетине кам көрүп жаткан чыгармачыл инсандарды көрүп силер да дагы бир жолу кол чабасыңарбы? Эркти сынаган спорт менен “дос”, “сапарлаш” болуп келаткан өнөр адамдары менен баарлаштык. Телефон менен компьютер үстөмдүк кылып турган заманда бул адамдардын айткандары сизди да спорт менен сапарлаш болууга түртөт деп ойлойбуз.

 

Самат Муратбеков, ырчы: “Спорт аркылуу жашоону иретке салса болот”

– Фитнес залга барып машыгып жатканыма үч жылдын жүзү болду. Бала чагымда спортко кызыкчу эмесмин. Бирок “Жебе” тобунда ырдап жүргөнүбүздө Кенже эже “залга баргыла, машыккыла” деп турчу. Анда деле көп барган жокпуз. Анан үйлөнгөндөн кийин курсак чыгып, кара түстүү кийим кийсең деле билинип ыңгайсыздык жарата баштады. Ошол учурда келинчегим менен блог алып бара баштаганбыз. Кийимдерди жарнамалоого буюртма алалы десек, мага жок дешет. Ошондо кемчиликти өзүмдөн издеп, фитнес залга барууну чечкем. Эл адамы болгондон кийин келбетке кам көрүү үчүн, кийимдерим жакшы отурушу үчүн ушул спорт түрүн тандадым. Ошондон бери калтырбай машыгып келем. Залга баргым келбей калган убактар болбойт, жадакалса жолугушууларды да жылдырып, биринчи машыгууну тандайм.

Спорт аркылуу жашоону тартипке, иретке салса болот экен. Машыгып жатканда мээдеги иштебеген клетканын баары иштеп баштайт, кээде чечилбей жаткан маселелер болсо залда тер төгө машыгып жатып эле телефон аркылуу сүйлөшүп бүтүрүп койгон учурлар болот. Азыркы жетишип жаткан ийгиликтериме спорттун таасири бар. Жан дүйнөмдү намаз менен, денемди физикалык көнүгүүлөр менен чыңдап келем.

Алымкул Мамырбаев, ырчы: “25 килограмм таштап, сөлкүлдөгөн бала болуп калдым”

– Өзүм мурун спортчу болчумун, такай футбол, волейбол ойноп, маданият адамдарынын башын бириктирип, турнирлерди уюштуруп жүрчүбүз. 2020-жылы ошондой турнирдин биринде денемди жибитпей эле футбол ойной калып, бутумдагы тарамыш үзүлүп кеткен. Андан соң спорттон такыр алыстап, жумушум да отуруп иштеген иш болгондуктан билинбей салмак кошуп алдым. Арыктайын деп залга да барып, жалгыз болгонго уланта албай койдум. Мындан үч ай мурун УТРК Спорт каналынын “Жаңы дем” деген салмак таштоо боюнча долбоору тууралуу билип, катышып калдым. 110 килограммдан жогору салмактагылар катышты. Меники 128 килограмм болчу. Азыр үчүнчү айдын жүзү болду, 25 килограмм таштап, сөлкүлдөгөн бала болуп калдым (күлүп). Атайын диетолог, машыктыруучу, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатабыз, бардык анализдерди тапшырып, ошого жараша диета жазып, аны менен катар күн сайын тер төгө машыгып арыктадык. Мурунку спортчулар, альпинисттер, телевидениенин кызматкерлери катышты, чыгармачыл адамдардан мен элемин. Жыйынтыгы чыгарына аз калды, буюрса, биринчиликти алайын деп аракет кылып жатам. 

Спорт – мен үчүн өзүн-өзү сыйлоо дегендик. Өзүңдү, ден соолугуңду сыйлап убакыт бөлүү керек экен. Толук кезимде аябай ачуулуу болуп калгам, спорттун аркасы менен салмак таштагандан кийин жан дүйнөмө тынчтык келип, аалам тегиз болуп калды. Жакындарымдан, жумуштагылардан, аялымдан күнүгө комплимент угуп жатам. Буюрса, долбоор бүткөндөн кийин да залга барууну күзгө чейин узартам. Муну менен катар таштап койгон волейбол, футбол ойноону улантам.

 

Улан Эсенакунов, актёр: “Футбол – үй-бүлөмдөн кийинки эле орунда турат”

– Футбол – жашоомдун жарымы десем болот, үй-бүлөмдөн кийинки эле орунда турат. Кичине кезимде сыналгыдан футбол көрүп отуруп, ушул спорт түрүнө кызыгып калгам. 1-класстан 8-класска чейин профессионалдуу түрдө футболго барып, кийин Ак-Өргөө жакка көчүп, турмуш-шартка байланыштуу уланта албай калдым. Таштап койгонума өкүнгөн кездер болду. Ошол учурда профессионал футболчу болуу чоң кыялым эле. Бала чакта биз менен атаандаш болуп ойноп жүргөн Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Мирбек Акматалиев азыр эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт. Таштабаганымда ошолордой болуп мен да улуттук курамда ойномок белем деп калам.

Футбол мага бир салмакты кармоо үчүн, оору арттырып албоо үчүн, чарчап турганда маанай көтөрүп, стресстен арылуу үчүн керек. Футбол мүнөзүмө да таасирин тийгизди. Бала кезде машыктыруучулар машыгууда “туура эмес кылып жатсаң да аягына чык” деп үйрөткөн, ошого азыркыга чейин ишимди аягына чыгарам. Машыгуу, турнир, лагерлерге барганда кечикпей барыш керек эле, ошол да адат болуп калыптыр, убакытка такмын. Капа болуп, ачууланып турсам чуркап, ойноп чыгарам. Мындан сырткары ортодон 2020-2021-жылы фитнес залга да такай барып жүрдүм. Учурда футбол менен машыгуудамын.

 

Аксай Мукамбет уулу, ырчы: “Ашка эмес, залга баралы деп турушубуз керек”

– Окуучу кезде күрөшкө барсам окшошпой, көңүлүм тартпай койду. Бокско барганымда гана ушул меникиндей туюлуп, кызыгуум ойгонгон. Ошол кызыгууну мындан 10 жыл мурун ишке ашырып, мушкерлик менен үзгүлтүксүз машыгып келем. Башкы максатым – ден соолукта болуу, формада жүрүү, анан бирөө бирдемке десе жооп бергенге да керек (күлүп). Бирок бул жаатта 2-3 ай машыгып алып колу кычышып, күчүн сынагандар болот. Менде андай жок, болгону өзүмө ишенимдүү жүрөм. Көп машыккан сайын бокс тартипке, сабырдуулукка үйрөтөт.

Учурда “Сүймөнкул” мюзиклинде Курал Чокоев экөөбүз баш каармандын образындабыз. Ал киши чап жаак, ашыкча эти, майы жок адам болгон экен. Ошондуктан да Курал экөөбүз форманы сактап жүрөбүз.

Мындан сырткары стресс, депрессияны, башка жаман абалдарды “груша” ургулап чыгарып салам. Негизи эле спорт менен машыгып тердеп турган адам шайдоот жүрөт, жалкоолуктан арылат, ой жүгүртүүсү кеңейет, мээси иштеп турат. Жаткан кишиде энергия жок, чөгөт. Ошондуктан спорт менен машыккыла, орто жолдон таштап салбаш үчүн спортту кесип, жумуш кылып алгыла демекчимин. Болбосо азыр “Каякка барабыз? Ашка барабыз...” деген заман болуп жатат. “Каякка барабыз, залга барабыз” деп турушубуз керек.

Асел Ишенбай кызы        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1215, 3-9-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан