Кыргыз театрынын азыркы алптарынын бири Темирлан Сманбеков биздин маек төрүбүздө. Азыркы учурда “Атанын тагдыры” спектакли театрларда көрүүчүнү ыйлатып, толкундантып, сыймыктантып жаткан учур. Ал спектаклде Темирлан ага Акылбек карыянын образын мыкты ачып бергени үчүн элден мактоолорду угууда. Бул жолу каарманыбыз менен кеңири темада, анын ичинде ата тууралуу кенен баарлаштык.
– Саламатсызбы, Темирлан ага? Учурда популярдуу болуп жаткан “Атанын тагдыры” спектаклинде сиз жараткан образ көптөрдүн көз жашын агызууда. Ушул роль тууралуу айтып берсеңиз...
– Саламатчылык. Менде бул ролду ойнойм деген ой такыр болгон эмес. Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театрында иштеп жаткам. Кыргыз драма театрына да чакырып, “агай, бул жакка келип иштеп бериңиз” деп калышты. Ошентип эки театрда тең жарым ставка менен иштеп жаткам. Бир күнү биздин таланттуу режиссёр, актёр Арнис Кыдырмышев “агай, жакшы долбоор бар, иштешели” деп калды. Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” спектаклин жаңылап койгону жатыптыр. Мага аксакал Акылбектин ролу берилди. Сценарийди окуганда эле ыйладым, анткени жакшы жазылыптыр. Бул спектакль 1960-жылдары коюлуп, Акылбектин ролун Муратбек Рыскулов ойногон. Андан кийин жаңыртылып эки-үч жолу коюлса керек. Бирок акыркы 30 жыл аралыгында коюла элек эле. Ошону жаңылап иштеп чыктык. Эл абдан жакшы кабыл алууда, билет таппай калгандар мага чейин телефон чалып билет сурап жатышат.
– Бул жерде эки сюжеттик линия бар эмеспи. Согуштан кайтпай калган уулун күндө көл жээгине барып күткөн ата, анан небересин жоготкон ата. Сиз үчүн кайсы трагедия таасирдүү болду?
– Сюжеттеги үмүт мени катуу таасирлентти. Уулунун өлгөнүнө ата такыр ишенбейт, аны күндө кеме менен келип калабы деп күтөт. Бир күн көлгө барбай койсо эле, анын ошол үмүтү кумга сиңип кетчүдөй коркот. Ошентип жылдар бою көл жээгине бир убакта баруу анын адаты. “Сен келгиче өлбөй тирүү жүрө берем” деп жатпайбы. Ээсин күткөн иттин трагедиясын дүйнө жүзү кеп кылат, ал эми бул атанын трагедиясы такыр жан чыдагыс. Бул жерде логика бар, Акылбек акылсыз адам эмес эле. Анткени ал учурда “кара кагаз” келгени менен өлбөй, аман-эсен үйүнө кайтып калгандар да көп болгон. Экинчи тарабы – үмүт. Ата жалгызынан калган небересин күтөт, жок дегенде ошону эрмектеп турайын десе, аны да алып кетип жатышпайбы. Адамдар жакшылыктан эч качан үмүтүн үзбөшү керек. Мурун энелердин азап-тозогу, кайгысы көп чагылдырылса, бул спектаклде атанын да энеден кем калбаган арманы. Бул нерсе мени абдан таасирлентти.
– Образ мыкты чыгыптыр, бул сиздеги көп жылдык тажрыйбанын жемишиби же мыкты даярдыктанбы?
– Экөө тең. Анан билимди да кошуп кетет элем. Мен Москвадан актёрлук кесипти 5 жыл окуп келгем. Бул образды көп ойлондум, өзүмдүн мүнөзүмө таандык жактарын карап көрдүм. Бышырып, ийлеп отуруп ушул нерсени чыгардык.
– Ата жөнүндө сөз кылып калбадыкпы, ушул жерден сиздин атаңыз тууралуу да сурагым келди...
– Менин атам кыйын киши эле, башкарма, агроном болуп, жетекчилик кызматта жүргөн адам болчу. Кичи пейил, боорукер, баласаак эле. Бизди катуу айтып, уруп-тилдеп тарбиялаган жок, зыңкыйып жүргөнү менен эле үлгү болуп койчу. 75 жашында дүйнөдөн өттү. Атамдын аты Камаш болчу. Апам азыркы учурда 90 жашта, Кудайга шүгүр, акылы тунук, заманбап апам бар.
– Өзүңүз катаал атасызбы же жумшаксызбы?
– Үч уулум бар. Небере кыздарым бар, келиндеримди өзүмдүн кыздарымдай эле көрөм. Мен кандай ата болдум (ойлонуп)? Катаал деле болгон жокмун, бирок коомго пайда алып келе турган уулдарды тарбияладым десем болот. “Силер актёр Темирландын эле балдары эмессиңер, кылымдардан бери келе жаткан кыргыз деген кыйын элдин балдарысыңар” дечүмүн. Шүгүр, балдарым тууралуу эл оозунан мактоо сөздөрүн укканда “ии, жаман ата болбоптурмун” деп калам. Көп убактым жетекчилик кызматтарда өтүп, үйдө көп болбодум. Сырткы тарбияны бердим, балдарды апасы көбүрөөк тарбиялады.
– Жетекчи катары көп театрларда иштедиңиз. Сизди аймактарга которо беришет, ушунун бир сыры барбы?
– Ооба, туура айтасыз (күлүп). Алгач Нарын театрына которушкан, кийин Ысык-Көлгө жетекчи кылып жиберишти. Нарын театрын эл аралык деңгээлге жеткидей кылып көтөрүп бердим. Ысык-Көлдө да учурда дүңгүрөп жаткан спектаклдерди койдургам. Баш-аягы жети театрга жетекчи болдум. Бардыгынын деңгээлин көтөрүп бердим десем жаңылышпайм. Министрликтен суранып “бул жак артта калды, барып иштеп бериңиз” дешет, макул деп кетем. Эми бул мактануу эмес, чындык.
– Бир учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттандыңыз эле. Бул чечим саясатка кызыгып калганыңыздан улам болгонбу?
– Жок, ал учурда саясатка кызыгып кеткен жокмун. Максатым – маданият тармагын өстүрүү эле. Маданият жаатында бизде эки-үч эле мыйзам иштейт, ушул боюнча жакшы мыйзам долбоорлорун киргизсем деген жакшы ойлор болгон. Өз тармагымды көтөрө ала турган иш кыламбы деп, мени катарына чакырган партияларга макул болгом. Сөзсүз депутат болушум керек деген деле укмуш көксөө болгон эмес.
– Бир жылдары театрларга көп көңүл бурулбай калганы чын. Бирок азыр театрга, кино тармагына көптөгөн акчалар бөлүнүп жатканы жарыяланууда. Мурункудан шарт жакшырды деп айта аласызбы?
– Кудай ушуну кут кылсын, азыр аябай жакшы шарттар түзүлүп жатат. Театр жаркырап, жаңы технологиялар менен спектакль коюлууда.
– Адатта “сахна жаштыкты сүйөт” деп айтылат. Негизи минтип чектөө туура эмеспи?
– Чектөө болбошу керек. Мага азыр кинолорго сунуш көп түшүп жатканынан улам ушундай ойдомун. Театрга келсек, Сабира Күмүшалиева 94 жашка чейин театрда роль ойногон. Ошондуктан роль болсо аткара беребиз. Анткени бизде жаштарда жок тажрыйба бар. Бай тажрыйбаны элге кызмат кылуу менен пайдалануу туура деп ойлойм.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат! Сизден дагы да жакшы ролдорду күтөбүз!
Нуржамал Жийдебаева