Биз социалдык тармакта

Клара Оролбекова, ырчы: “ҮНҮҢ ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН СӨЗ ШЫКТАНДЫРДЫ”

Кавер ырдап эл оозуна алынып, эми автордук ырларга басым жасоого киришкен жаш ырчы Клара Оролбекова менен тааныштырабыз. Айылдан чыккан жөнөкөй кыздын чоң сахнага болгон арзуусу, ата-энесинин ишеничи, чыгармачылыгы жана башкалар тууралуу баарлаштык.

 

– Салам, Клара! Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

– Саламатсыздарбы! Мен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынан болом. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин 4-курсунда билим алып жатам.

– Кандай үй-бүлөдөн чыккансыз, сизден башка да таланттуулар барбы үйдө?

– Ата-энем айылда турат, дыйканчылык менен алектенишет. Эмгекчил, жөнөкөй, сонун адамдар.Үч бир тууганбыз, байкем жана иним бар. Үйдө менден башка чыгармачылык менен алектенгендер жок. Бирок тай жагымда таланттуулар көп. 

– Сахнага болгон сүйүү сизде качан ойгонду?

– 9-класста окуп жүргөндө Таласта жаштар арасында ыр сынакка катышкам. Ал концертте “үнүң жакшы экен” деген сөздөрдү угуп, ошондо сахнага болгон кызыгуум ойгонгон.

– Анан кавер ырдай баштадыңыз?

– Ооба, 11-класста окуп жүргөндө Instagram, TikTok баракчаларыма жүзүмдү көрсөтпөй эле гитара менен ырдап жүрдүм. Студент болгондон кийин камера алдына чыгып, ачык ырдай баштадым. Ата-энем колдоо көрсөтүштү. “Каалаган кесибиңди танда, өзүңдү ушул тармактан тапсаң каршы эмеспиз” дешти. Алардын ишеничи мен үчүн абдан кымбат.

– Алгачкы жолу сахнага чыгуу, андагы таасирлер тууралуу айтып берсеңиз?

– Толкундануу, кубануу, сүрдөнүү жана балалык аруу таза сезимдер болгон. Сахнанын адамды сүрдөтүп турчу өзгөчөлүгү бар. Казак ырларына абдан жакын элем. Биринчи жолу Таласта өткөн сынакта казак ырчысы Эрнар Айдардын  “Сагындым” аттуу ырын ырдап чыккам.

– Кайсы ырларыңыз аркылуу элге таанылдыңыз?

– “Менин досум”, “Жүрөгүм”, “Сүйөм деп айта албадым” деген кавер ырлар аркылуу таанылдым деп ойлойм. Эң көп көрүлгөн ырым – “Жүрөгүм”.

– Гитара черткенди качан үйрөндүңүз?

– 1-курста Ютуб аркылуу өз алдымча үйрөнө баштагам. Азыр деле үйрөнүп келе жатам.

– Чыгармачылыктан киреше таба баштадыңызбы?

– Ооба, шүгүр. Ютуб, иш-чаралар аркылуу киреше табууга болот. Башында хобби катары карасам, азыр муну жумушум катары кабыл алып калдым.

– Жандуу үнбү же фонограмма?

– Албетте, жандуу үн. Анткени дал ошол учурда артисттин чыныгы сезими, энергиясы ачылат. Бирок айрым чоң сахналарда же шарттарга жараша фонограмма да керек болот. Бул көбүнчө техникалык сапат үчүн колдонулат.

– Сизге дем берген инсан ким?

– Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова. Анын “жумшак болбо, аракет кыл” деген кеңеши эсимде. Азырынча атактуу эмесмин, бирок көчөдөн таанып, жылуу сөз айткандар шыктандырат.

– Өзүңүзгө жаккан сапатыңыз?

– Жумшактыгым, боорукердигим. Адамдын жаман жагын издебейм, а бирок жакшылыгын эстеп калам.

Кайсы адатыңызды өзгөрткүңүз келет?

– Абдан ишенчээкмин жана кээде жалкоолугум кармап калат. Ушул сапаттарымды өзгөртүүгө аракет кылып жатам. 

– Сахна же үй-бүлө?

– Мен үчүн экөө тең маанилүү. Бирөөсү жан дүйнөмдү толтурса, экинчиси жашоомду толуктайт. Экөөнүн тең орду өзгөчө.

– Эсиңизде калган күйөрманыңыз болдубу?

– Москва шаарындагы жердештерге концерт койгону барганда кыргыздар менен иштеген улуту орус күйөрманым өзү  пицца жасап, белектерин берген. Ал менин ырларымды жакшы көрүп уккан күйөрманым экен. Ошол окуя жагымдуу учур катары эсимде калды.

– Кандай белек алууну жактырасыз?

– Белектин чоң-кичинеси эмес, аны ким бергени маанилүү. Жакындагысын айтсам, 8-мартта гүлдөрдү жана таттууларды алып, абдан кубандым.

– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?

– Каверден алыстап, автордук ырларга басым жасайын деп турам. Кавердин келечеги жок, анткени ал бирөөнүн эмгеги. Ар бир чыгармачыл инсандын жеке ыры болушу керек. Азырынча жалпы 15-16 ырым бар, анын төртөө өзүмдүкү. Өзүмдүн үстүнөн иштөө,  сахнада ордумду табуу, талыкпай эмгектенүү. 

– Хейтерлерге көз карашыңыз кандай?

– Көбүнчө маани бербейм. Ал эми негиздүү сынды туура эле кабыл алып, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам.

– Азыр үч тилек айтууга мүмкүнчүлүк болсо, эмне тилек кылат элеңиз?

– Тынч жүрөк, туура жол жана эч качан сынбаган күчтү сурамакмын. Анткени адам өзүн жоготпогондо, ал каалаган бакытты өзү эле кура алат деп ишенем.

– Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Тилектериңиз орундалсын.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1215, 3-9-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан