Биз социалдык тармакта

Эркек ыйлабайт, ал сынат...

Кеч кирген сайын ичимде бир боштук пайда болот. Ал боштук үнсүз, бирок салмагы оор. Ал мени муунтуп келе жатканына көп болду. Терезенин жанында отурам. Сыртта жашоо уланып жатат: машиналар өтөт, адамдар шашат, бирөөлөр күлөт. Ал эми мен... мен ошол жашоодон сыртта калгандаймын. Баары эмнеден башталды? Мен бир кезде такыр жоголбой, унутулбай, адамдардын көңүл сыртында калбай турган адаммын деп ойлочумун. Балким, ошол текебердик мени сындырды бекен? Бизнес кылчумун, жогорку билимим, үй-бүлөм, балдарым бар. Бизнести бирөөнү алдабай, таман акым менен кургам. Бирок бир күнү ушундай болду, баарынан кол жуудум. Бир эмес, үч фура менен Москвага товар жөнөткөм. Бирок алдамчылардын тузагына түшүп калган экенмин. Баарын майдалап айтыштын кереги жок, болор иш болду. Мен ошол катамды түздөйм дедим. Улам кредит ала бердим, бирок бир үзүлгөн жип кайра бекем уланбайт экен. Жиним келип шаша-буша аракет кылып жаттым. Ошону менен карызга белчемден батып отуруп калдым. Баары кетти. Заңгыраган үйдү сатып, карызымды төлөп, бир кичине үйдү кармап калдым. Бардар жашоого көнүп бүткөн келинчегим бул нерсени көтөрө албады. Ажырашам деди. “Мейли” дедим. Анткени депрессияга катуу түшүп кеткем, балдарды аялым экөөбүздүн урушубуздун күбөсү кылгым келбеди. Алардын батирине жете тургандай, орточо жашай тургандай акча таап, салып турам. Ошол гана... Калган убактымды эмнеге коротуп жатам, өзүм да билбейм. 

– Балам, эр кишинин башына эмне гана келбейт. Башыңды көтөр!- дей турган апам каза болуп калган. Ошол күчтүү аялдын деми менен көп нерсеге жетишсем керек. Билбейм....

Жеңишке ишенчүмүн. Өзүмө ишенчүмүн. Үй-бүлөмө таяныч болом деп, эч качан сынбайм деп ойлочумун. Бирок адам сынбайт экен — акырындап ичинен урандыга айланат экен. Ошол ураган адамдардын биримин. Биринчи жолу кулаганымды эч ким байкаган жок. Мен да көрсөтпөдүм. Анткени мага күчтүү болуу керек эле. Мен эркек болчумун. Таяныч болчумун. Менде алсыроого укук жок болчу, ыйлаганга дегеле жол берилбеш керек эле. Мен өзүмдүн сезимдеримди  жашырчу элем. Күлүп жүрдүм. Бир тууган, жоро-жолдошко “баары жакшы” деп айттым. Бирок ошол “жакшынын” ичинде эң жаман абалда калган мен элем. Ичимде бир үн бар эле — ал үн мени сактап калгысы келчү. Бирок мен аны укпай койдум. Бир күнү ал үн тынчып калды. Ошондон бери мен жалгыз калдым.

Мен көп нерсени жоготтум. Үмүттү, ишенимди... Эң оор жоготуу – өзүмдү жоготтум. Адам башкаларды жоготкондо ыйлайт экен. Ал эми өзүн жоготкондо үнсүз калат тура. Азыр ыйлай албайм. Жаным ооруйт, ошол ооруну да толук сезе албайм. Сезимдерим өчүп бара жаткандай. Мен тирүүмүн... бирок жашабай эле тургандаймын. 

Кээде ойлоном, балким, жардам сурашым керек беле? Балким, бирөөгө “мен чарчадым, алсызмын” деп айтсам болмок беле? Бирок тарбиям менен мүнөзүм жардам суроого жеткирген жок. Жок болуп баратканымды эң жакындарым да билбеди, колдободу, түшүнбөдү. Бул бир айласын таап чыгат дешти. Мен алардын үмүтүн актай албадым. Азыр баары кеч сыяктуу... Азыр менде сөз жок. Менде үн жок, чай коюп ичкенге күч жок. Менде мен жокмун.

Баарынан эң коркунучтуусу эмне, билесизби? Эртең да мен ушундай эле ойгонорумду билем. Жашоо улана берет. Мен болсо ошол жашоонун ичинде жок адамдай жашай берем. Бул – менин трагедиям. Үнсүз. Көрүнбөгөн. Бирок күн сайын кайталанган трагедия...

Айтайын дегеним, эң күчтүү көрүнгөн эркек, тескерисинче, тез сынат экен. Аялдарга айтарым, талап эле коё бербегилечи. Робот эмес эркектер! Алар да ката кетиришет, жыгылышат, турушат. Аларга силерден жардам, таяныч, түшүнүү, кайгысын бөлүшүү керек экен. Мендей абалга туш келген жакындарыңар болсо аягыла, акылыңарды айткыла, аны бул кудуктан чыгаргандын бардык түрүн кылып көргүлө. Анткени эркектердин көбү жардам сурай албайт...

   Арсен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1215, 3-9-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан