Белгилүү ырчы Курал Чокоевдин сахнадагы жаңы образы көрүүчүнү таң калтырды. “Сүймөнкул” мюзиклинде башкы каарман – залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун ролун аткарып, анын жаңы өнөрү көрүүчүлөрдө жылуу пикирлерди жаратууда. Маекте Курал мырза бир кезде ырчылыкты таштагысы келгенин, бирок кайра чыгармачылыктын жаңы бийиктигине аттанганын баяндады.
– Саламатсызбы, Курал мырза? Атактуу Сүймөнкул Чокморовдун ролун аткаруу оңой болбосо керек. Сунуш кимден түштү, бул ролго кантип тандалдыңыз, маекти ушундан баштасак...
– Саламатсыздар, мына, мюзикл үчүнчү күн коюлуп жатат. Көрүүчүлөр жакшы пикирлерин айтып жатышат. Баса, бүгүн биринчи айым Айгүл Жапарова сыйлуу коногубуз болот, даярданып жатабыз. Сүймөнкул атанын ролу мага бир жыл мурун эле бекитилген. Тандалып калганымдын себеби – ага бир аз түспөлдөш болгонумдан окшойт. Чачым түшүп, мурут койгондон кийин достор, тааныштардын “сен Сүймөнкулга окшошсуң” дегендерин угуп калчумун. Андыктан анын өмүрү тууралуу тасма тартылса, башкы каарманды ойносом деген кыял пайда болгон. Тилегим аткарылып, тасмада болбосо да мюзиклде ойноп калдым. Кастинги жок эле ролго дароо мен бекитилгем. Баарыбыз билгендей, Сүймөнкул Чокморовдун эки ардактуу кесиби болгон, бири сүрөтчүлүк, экинчиси актёрлук. Ошондуктан мен сахнага анын актёрлук чеберчилигин алып чыксам, Аксай Мукамбетов анын сүрөтчүлүгүн алып чыгууда. Экөөбүз тең аябай аракет кылдык, бир топ салмак таштадык дегендей. Анткени ал чап жаак киши болгон да. Эми өнөрүбүздү эл сынына коюп жатабыз.
– Каарманыңыз жөнөкөй киши эмес, бул образдан сиз тапкан өзгөчөлүк эмне болду?
– Сүймөнкул атабыздын жеке жашоосу эмес, чыгармачылыгы гана сюжет катары алынды. Ал өз жашоосун жашыргандай сезилет. Улуу адамдын урматы үчүн жеке жашоосун тим коюп, чыгармачылыгын алганыбыз туура чечим болду деп ойлойм. Жеке менин табылгам – ал киши мага окшоп шайыр-шатман жүргөн адам болгон экен (күлүп). Аны тааныган, билген адамдар менен баарлашып, изилдеп отуруп ушул нерсени таптым. Ошол кезде социалдык тармактар болгондо анын курч тамашалары эл оозунда калса керек эле. Олуттуу да болгон экен, СССРдин Эл артисти наамын көтөрүп жүрүү оной эмес да.
– Буга чейин “Жамиляда” Даниярдын ролун аткаргансыз. Адатта ырчылар той-топурдан бошобой калышты, сиз өнөрдүн бул тарабын да ала кетейин деп чечкен окшойсуз?
– Менин деле той-топурдан башым чыкпай калган. Чыгармачыл адам изденип турат да, той-топур менен жүргөнүмдө такыр эргүү жок болуп калган. Ырдагым келбей, баарын жыйыштыргым келип, эки-үч жыл кризис абалында жүрдүм. Бизнеске кетейин деген ойлор болгон, бирок ачык айтсам, бизнестен мага эч нерсе буюрган жок. Балким, чыгармачылык тартып туруп алдыбы, айтор, иштер жакшы кеткен жок. Ошентип жүргөндө филармониянын директору Кыргызбай Осмонов жумушка чакырып калды. Ойлонуп “бул ишти деле кылып көрөйүнчү” деп макул болдум. Келген жылы эле Даниярдын ролу берилди. Бул мага чоң түрткү болду, издендим. Эргүү пайда болду. Дагы бир кыялым – оркестр менен ырдоо эле, бул дагы ишке ашты. Анан роль аркасынан роль сунушталып жатты. Эмгек жамаат кабыл албаса иштеш кыйын, бактыга жараша иштешип кеттик.
– Социалдык тармактардан эркин, каалаганын жасаган адамдай көрүнөсүз. Бирок азыр негедир токтолуп калгандай сезилип жатасыз?
– Эки жогорку билимдин ээсимин, маданиятты алып жүрүүчүмүн, андыктан өзүмдү туура эле алып жүрөм деп ойлойм. Ал эми талкууга түшкөн видеолор тууралуу айтсам, бул – атактуулукта керек курал. Элдин назарын өзүңө буруу, аудиторияны кармап туруу үчүн кылган аракеттер. Атаандаштык чоң, ошондуктан талкуу жаратчу нерселерди кылып турбаса да болбойт. Замандын агымы менен эле кетип баратам. Токтоолук болсо жаш өткөн сайын пайда болот экен. Мурун бир рамкага түшкүм келбей жүрсөм, эми бир аз болсо да рамкага сыйганга аракет кылып калгандаймын. Жалпы жонунан айтсам, мен табиятымдан шайыр-шатман жүргөн адаммын, инстаграмда кандай болсом, эмгек жамаатта деле, үйдө деле, жашоодо деле ошол эле Куралмын.
– Атактуулуктун жоопкерчилиги оор, азгырыктар көп коштойт дешет. Сиз баарын тең салмакта кармап келе жаткандарга кошуласызбы?
– Баарына эле маалым, ырчылар толтура. Бирок арасынан суурулуп чыгып элге таанымал болуу чоң күчтү, ички күрөшүүнү, эмгекти, тажрыйбаны талап кылат. Психикалык жактан күчтүү болуу талапка ылайык. Анткени биздин жашоо секириктер менен коштолгон. Бир кезде жаркырайсың, бирде төмөн түшөсүң. Мындай абалда өзүңдү таштап да жибербешиң керек, көтөрүлүп да кетпешиң керек. Менин бир калыпта жүрө алганымдын себеби – көп изденем. Бир убак болду психологиялык китептерди көп окуп жүрдүм. Кенен ой жүгүртүп, позитив менен жүрүп стрессти жеңем.
– Бизде ырчылардын жубайлары адатта блогер, коуч же актрисалыкты тандап жатышат. Ал эми сиздерде жагдай кандай?
– Жубайым өзүнүн баракчасын алып барат. Мурун актриса болууну каалачу экен, учурда жеке мага актриса (күлүп). Мени таң калтырып, күлдүрүп, кайра мотивация берип турган адам ошол. Анын шайырдыгынан уламбы, кыздарым да таасирленишти. Улуусу азыр “Сүймөнкул” мюзиклинде “Кызыл алмадагы” кичинекей Анаранын ролун ойноп жатат. Элге жүгүнүп, кол чабууларга таасирленүүдө, менимче, ага жакты. Аялыма деле эч кандай чектөө койбойм, бирок ичимден мени менен жарышып сахна адамы болушун каалабайт элем. Анткени мен үйгө бардык нерседен чарчап, эс алганы барам. Анын ошол тылды бекемдеп турганы оң го.
– Кызыңыздын алгачкы ролу кут болсун! Сиздин чыйыр менен кетишин каалайт белеңиз?
– Мен чыгармачылыкты нөлдөн баштагам. Аябай кыйын болду, ошол кыйынчылыкты кызымдарыма каалабайт элем. Бирок эми дың бузулуп, атасы эл адамы болгондуктан, балким, аларга бул жол жеңил болот болуш керек. Династия уланткандай болушу мүмкүн. Эгерде өзү каалап, күйүп-жанып турса макул болсом керек.
– Уул-кыздарыңыз сиздерге жардамчы болуп калышкан чыгар...
- Уулум чоңойду, азыр иштеп, өзүн издөөдө жүрөт. Кайсы кесипти тандаса да колдойм. Кыздарым болсо мени өзгөрттү. Жубайымдын айтуусу боюнча, мен мурун башкача экенмин. Мага билинчү деле эмес. Башында орой, катуу адам болсом, кыздарымдын төрөлүшү менен кыйла жумшарганымды айтып калат. Үч кызымдын үч башкача мүнөзү бар, аларды карап отуруу мага кызыктуу, кээде ушундай бир ырахат тартуулайт. Улуусу тың, дайыма алдыга дей турган мүнөзгө ээ. Ортончусу токтоо, өз дүйнөсү менен алектенген кыз. Кичинекейим азырынча билине элек.
Нуржамал Жийдебаева