Парламенттин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев кармалды. Экс-депутат “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы чуулгандуу коррупциялык иш боюнча кылмышка шектелүүдө.
ИИМдин дооматы...
Ички иштер министрлиги Шайырбек Ташиев мамлекетке ири суммада зыян келтирген деп маалымат таратты.
– Тергөө көрсөткөндөй, “Кыргызнефтегаздагы” мунай ортомчу компаниялар аркылуу өткөрүлүп, андан кийин мамлекеттик ишкана “Кыргыз Петролеум Компаниге” кайра сатылган. Бул мыйзамсыз киреше алуу менен коштолгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашат. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү керек,- деп билдирди министрлик.
Бул арада Шайырбек Ташиевдин сурак берип жатканы тартылган видео интернет желесине тарады. Видеодон анын “Кыргызнефтегазда” мунай бар экендигин угуп, алар менен мунай сатып алабыз деп келишим түзүүгө баргандыгын айтканын угууга болот.
Эске салсак, Шайырбек Ташиев 14-мартта депутаттык мандатынан ажыратылган. Бул арада ал бир нече жолу ИИМде сурак бергени жарыяланган. Ташиевдердин аты аталган чуулгандуу иш Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасы боюнча атайын иликтөө жасап, жарыялаган соң коомчулуктун талкуусуна түштү.
Теманы улай... Токторбаев да сурактабы?
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жакындарынын тегерегиндеги иштер боюнча үн ката элек. Анын уулу Таймурас Ташиев гана Ташиевдерге тагылып жаткан айыптарга макул эместик билдирип соцтармакта сейрек пост жазууда. Бул арада “ташиевчи” деп айтылып жүргөн Ош шаарынын экс-мэри Жеңишбек Токторбаев да ИИМде суракка алынып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы айрым ЖМКларда жарыяланды. Ал кайсы иш боюнча суралып жатканы ачыктала элек. Мэр кезинде Ош мэриясын карызга батырган деген маалыматтар чыккан буга чейин. Ош шаарындагы бир топ ишкерлер да анын үстүнөн арызданып жатышат.
Ишкер президентке кайрылды...
Белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов убагында УКМКдан запкы тартканын айтып, “кызымдын соода борбору Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүп кетти” деп айтып чыкты. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылды. Буга Таймурас Ташиев жооп узатып, “УКМК алган мүлктөр азыркы учурда кайда экенин комиссия иликтесин” деп билдирди. Ал эми президенттик администрация Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады.
Экс-депутат кармалды...
Экс-депутат Кундузбек Сулайманов да кармалып, камакка алынды. Ал Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу долбоору боюнча кыңыр иштерге тиешеси бар деп шектелип жатканы жарыяланды. Тагыраагы, депутат кезинде кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын алдыга сүрөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурганы айтылат.