Коомчулукка 75 адамдын каты деп белгилүү болгон кайрылуу парламентке кантип киргизилгени айтылды. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында маалымат берди. Маматалиев спикер болуп шайланган күнү эле каттын чоо-жайын териштиргенин айтты. Кат парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетине түшкөнү аныкталган.
– Комиссия кагаз кантип бул жакка келгенин жана кантип комитетке киргенин аныктап чыгып, жыйынтыгы ИИМге берилген. Ал катты Жогорку Кеңеште кадимкидей эле күтүп тосуп алышкан. Эмнегедир, кат мурдагы төрагага жардамчылары аркылуу колуна берилген. Андан соң тийиштүү тапшырмалар берилип, тийиштүү комитеттин кароосуна жиберилген,- деди Маматалиев.
Эске салсак, 9-февралда 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан. Бул окуядан улам өлкөдө саясий кризис орун алып, өлкө жетекчилигинде олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр жасалган.