1-апрелден тарта Кыргызстан боюнча балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо башталды. Кабыл алуунун алгачкы күнү 15 626 бала 1-класска катталганын Агартуу министрлигинен билдиришти. Бишкекте 4478 бала, Ош облусунда 2630, Жалал-Абад облусунда 2505, Баткен облусунда 1641, Чүй облусунда 1582, Ысык-Көл облусунда 1104, Нарын облусунда 641, Талас облусунда 535, Ош шаарында 510 бала каттоого алынганы айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, мектепке баланы киргизүү эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда. Ал эми 1-июнда баштала турган экинчи этапта ата-энесинин каттоосу кайсы жерде экенине карабай баланы мектептеги бош орундарга кабыл алуу жүргүзүлөт.
Быйылкы окуу жылында 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Быйыл балдар 1-класска гана кабыл алынат, былтыркыдай дароо 1 жана 2-класска кабыл алуу болбой турганын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.