Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыкты.
– Депутаттыкка талапкерлигимди көрсөткөндө БШК баарын текшерип, анан кабыл алышкан. Шайлоодо 6259 добуш алгам. БШКнын жетекчилиги мени 19 күндөн бери текшерип жатат. Соттук чечим болсо, ИИМ бир күндө эле маалымкат берет. Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт, алар Баш мыйзамга ылайык элдин талабын аткарышат. БШК 3 күн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19 күн болду. Мындай окуя эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес,- деди ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап.
Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. Анын ордуна алган добушунун саны боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек эле.
Айрым маалыматтарга таянсак, Айдарбековго укук коргоо органдарынын суроолору бар. Мандаттын берилбей жатышы ушундан улам экени айтылууда.