Адатта канаттуулар чөп-чар, курт-кумурска, тамак-аш калдыктары менен тамактанышат. Бирок жемин суу түбүнөн таап жеген да чымчык бар. Ошол канаттуу тууралуу маалымат берели.
Суусу шар аккан дарыя жээгин байырлайт
Суучул кара – тоодогу токойлордун арасындагы жээктери аскалуу, таштуу, суусу тунук жана муздак, шар аккан дарыя, өзөн жээктерин байырлаган канаттуу. Көбүнчө суунун түбүнө чумкуп, түбүндө басып, чуркап жүрүп жемин таап жейт. Тамагы – суудагы курт-кумурскалар, рак сымалдар жана майда балыктар, балыктардын икралары. Жээктерден ийнелик жана алардын личинкаларын, суу курттарын да таап жейт. 1 метрге чейинки тереңдикке чумкуп, суунун түбүндө 15-30 секунд кармала алышат. Суунун түбүндө кыска канаттарын жайганда суунун агымы, басымы аны суунун түбүн көздөй кысат. Анын үстүнө күчтүү буттарындагы манжалары менен суунун түбүнө бекем жабышып басат. Ошондуктан суунун бетине калкып чыгып калбай жемин табат. Канаттарын майлап тургандыктан аларга суу жукпайт. Канаттарын жыйганда суунун бетине калкып чыгат да, анан учуп кетет.
Жылына 2 ирет балапан чыгарат
Кыргызстанда бул канаттуунун кадимки жана андан көлөмү чоңураак күрөң өңдөгү түрү жашайт. Булар тоолуу капчыгайларда көп кездешет. Денеси тоголок, куйругу кыска келет. Алыс жактарга көп учпай, бир жерди байырлап жашашат. Эгер кыш жылуу болуп, дарыя, өзөндүн суусу тоңбосо, анда жемин өзүнүн айланасынан таап жей берет. Эгер кышкысын суунун бети тоңуп калса, анда жем үчүн суунун агымынын ылдый, тоңбогон тарабына учуп барууга туура келет.
Жуптар башка жуптардан 100 метрден кем эмес арылыкта уялашат. Чоңдугу футбол тобундай келген уясын суудан алыс эмес жердеги аскалардын урандыларына, шаркыратманын тегерегиндеги таштарга, суу жээктеги жарларга чөп-чар, мох, тамырлардан салышат да, түбүнө кургак жалбырактарды төшөшөт. Буга 2 аптадай убакыт кетет. Кээ бир уялар бир нече жыл колдонулат.
Ургаачысы жазында жумурткалап, 3-5 балапан басып чыгарат. Балапандары уяда 27-29 күн болот, аларга тамакты ата-энеси экөө тең ташыйт. Алар качан учканга, жемин таап жегенге жарап калган соң жуптар башка уя салып же ошону эле колдонуп 2-ирет балапан чыгарууга камдана башташат. Табиятта суучул каралар 7 жылга чейин жашашат.