Дүйнөдөгү эң абройлуу UFC уюмунун октагонуна чыгып, кыргыз байрагын желбиретүү – ар бир мушкердин тилеги. Бирок ал бийиктикке жетүү үчүн темирдей тартип жана тоодой эрк керек. Бул жолку биздин маектешибиз – UFC тарыхында сейрек кездешкен “иезекиель” ыкмасы менен атаандашын багындырып, спорт ааламын таң калтырган мекендешибиз Уран Сатыбалдиев. Биз Уран мырза менен анын спорттогу алгачкы кадамдары, чет жердеги кыйынчылыктары жана чемпиондук курдун жоопкерчилиги тууралуу кенен маек курдук.
Аты-жөнү: Уранбек Сатыбалдиев
Туулган жылы: 1995-жыл
Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району
Бою: 197 сантиметр
Салмагы: 93 килограмм
(жарым оор салмак категориясы)
Каймана аты: “Горилла”
Сүйүктүү тамагы: Беш бармак
Жактырган оюну: Улак тартуу
Машыккан спорт клубу: "Улуу кыргыз"
– Уран мырза, UFC’де дебют жана биринчи жеңиш – ошол күндөрү сиз өзүңүздү кандай алып жүрдүңүз?
– Андагы сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Дүйнөлүк арена, миңдеген көздөр, анан албетте, артымда турган элдин, өлкө желегинин жоопкерчилиги. Сүйүнүч менен кошо абдан чоң жоопкерчилик бар болчу. Жеңиштен кийин кубанып, сыймыктанып, көзүмө жаш тегеренди – бул менин эле эмес, мага ишенген кыргыз элинин жеңиши эле. Анан октагондогу бир нече мүнөттө келген жеңишке чейинки канчалаган эмгек, маңдай тердин текке кетпегендигинин тастыкталышы болчу. Бул нерседе, албетте, машыктыруучумдун да салымы чоң, алардын колдоосу, насааттары болбосо жеңишке жетиш кыйын. Кыйын гана эмес, ага жетүүчү жол дагы да узунураак болуп калат.
– Атаандашты “иезекиель” ыкмасы менен уттуңуз, UFC тарыхында мындай сейрек кездешет дешет. Бул ыкма сиз жактырган ыкмалардын бириби?
– Жогоруда айтып өткөндөй, ар бир жеңиштин аркасында биздин эле эмес, машыктыруучулардын дагы тоодой эмгеги турат. Бул ыкманы машыгуу учурунда көп кайталачумун. Ошол учурда атаандашымдын коргонуусунан боштук таап, ушул сейрек кездешүүчү ыкманы колдонууну чечтим. Көпчүлүк күткөн эмес, ошонусу менен бул ыкма эффективдүү болду. Инстинкт иштеп кетти десем болот.
– Кыргызстандан чыгып UFC’ге жетүү – бул миңдеген спортчунун кыялы. Ушул жолдо сиз үчүн эң кыйыны эмне болду?
– Эң кыйын нерсе – белгисиздик жана каржылык тартыштык болду десем болот. Башында эч ким сени тааныбайт, колдобойт. Чоочун өлкөлөрдө залда жатып, талыкпай машыгуу, үй-бүлөдөн алыс болуу – бул чоң сыноо. Ошол учурларда мени колдогон адамдардын бири Азамат Арапбаев агабызга терең ыраазычылык билдиргим келет. Тааныла элек, алдыда дагы көп нерсе белгисиз күндөрдө ишеним көрсөтүп, четжактарга болгон сапарларымда бардык чыгымдарымды көтөрүп колдоп жүрдү. Берген акчасынан да, көрсөткөн ишеними мен үчүн аябай маанилүү болду.
– Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып жатасыз. Азыркы статусуңуз сиздеги жоопкерчиликти көбөйтүп жатабы?
– Бул – сыймык жана оор жүк. Спортчу катары гана эмес, адам катары дагы күнүмдүк жашоодо жоопкерчилик чоң болуп калат экен билинбей эле. Анан көбүнчө сборлордо чет жактарда болобуз да, өзгөчө ошол жактан Кыргызстанды, кыргыздарды таанытып жаткандан кийин ошого өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө аракет кылам. Негизи сборлорду Кыргызстанда деле кылсам болмок, бирок менин салмагымда бул жакта балдар дээрлик жокко эсе, ошон үчүн чет жакта машыгууга мажбур болуп калып жатам.
– Спортто жүргөнүңүздү ата-энеңиз, жакындарыңыз колдошобу?
– Ата-эне баласын баары бир аяйт экен да. Анын үстүнө ММА өзүңүздөр билгендей, спорттун эң кооптуу түрлөрүнүн бири. Ушул себептен башында аябай эле каршы болушкан. Бирок мен кичинемден өжөр болгондуктан акыры тандоомду туура кабыл алышып, азыркы тапта колдон келишинче колдоп келишет. Апам ар бир таймашымда санааркап, дуба кылып турат.
– UFC’ге чейин сизге “мушкер боло албайт” деп эч ким ишенбеген учурлар болду беле?
– Албетте, болгон. Дүйнөлүк аренага чыгып, чоң жеңиштерге, байгелерге жеткенге чейин эле болуп жүрдү. Андай сөздөрдүн токтогонуна бир аз эле болду окшойт.
– Бүгүнкү кыргыз жаштары арасында UFC, ММА, бокско кызыккандар көп. Бирок баары эле дүйнөлүк аренага чыга албайт. Топтон суурулуп чыгуу үчүн биринчи эмне керек?
– Топтон суурулуп чыгуу үчүн биринчи кезекте темирдей тартип керек. Талант 10 пайыз гана, калган 90 пайызы – талыкпаган мээнет, маңдай тер. Жаштарга өзүңөрдү кара күч жактан гана эмес, моралдык, психикалык жактан да өстүргүлө дейт элем. Анткени октагондо элдин сүрү аябай күчтүү болот, залда машыгуу учурунда баарын сонун кылып жүрүп, мушташуучу аянтка чыкканда өздөрүн жоготуп койгондор жок эмес. Андыктан психикалык даярдык да абдан маанилүү. Эч качан артка кайтпагыла жана өзүңөргө ишенгиле. Эң негизгиси – арам жолго барбай, таза эмгектенүү зарыл.
– Сиздин жеңиштерди көрүп, сизге окшошкусу келген жаш балдар бар экен. Бул сизди кубандырабы?
– Абдан кубандырат. Ошол эле учурда кооптондурат дагы. Анткени алар менин жеңишимди эле эмес, адамдык сапаттарымды да көрүп жатышат. Демек, мен жүрүм-турумум менен дагы үлгү болуп, алардын үмүтүн акташым керек деп эсептейм.
– Айрымдар “спорт – жашоонун баары эмес” дешет. Сиз үчүн спорттон тышкары кызыктуу дүйнө кайсы? Эмне үчүн жашап, эмне үчүн күрөшөсүз?
– Азыркы учурда спорт мен үчүн жашоомдун баары десем болот. Анткени өзүмө сөз бергем, UFC’де чемпиондук курду тагынмайынча токтобойм деп. Ошондуктан азыр жашоомдун дээрлик 99 пайызын спорт ээлейт.
– Күч, ыкмадан тышкары жеңишке жетүүнүн эң негизги сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Сабырдуулук жана эч качан багынбоо. Эң оор учурда дагы бир кадам алдыга таштай билүү – мен үчүн жеңиштин сыры ушунда.
– Алдыңызда дагы кандай кыялдар, максаттар турат? UFC чемпиондук курун алгандан кийинки кадамдарыңыз кандай болот?
– (күлүп) Чынын айтсам, чемпиондук курду алгандан кийинки жашоомду ойлонуп көрбөптүрмүн. Алгач курга жете берейин, андан кийин калганын көрө жатарбыз. Менин оюмча, туулган жеримде эле, тынч өмүр сүрсөм керек.
– “Тынч өмүр сүрсөм керек” деп калдыңыз. Жеке жашоодо эмне кеп?
– Азырынча бойдокмун. Буюрса, жакынкы жылдары үй-бүлө курууга даярдык көрүп жатам.
– Уран мырза, маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат, жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Асел Нурбекова