Биз социалдык тармакта

80-90 ЖАШ ЧЕК ЭМЕС! ГОЛЛИВУДДУН АКТИВДҮҮ АКСАКАЛДАРЫ

Бул адамдар 80-90 жашта төрдө отурууну эмес, тасма талаасында активдүү иштөөнү тандагандар. Биз билген көптөгөн тасмалардын көркүн ачкан, Голливуд кино индустриясына эбегейсиз салым кошкон адамдар тууралуу учкай кеп кылабыз. Сиз болсо кимисин тааныйсыз, кайсы тасмасын баалайсыз, ой бөлүшө кетиңиз

 

Клинт Иствуд – 96 жаш

Буюрса, май айында Клинт Иствуд 96 (1930-жылы төрөлгөн) жаш курагына кадам таштаганы турат. Кинодогу карьерасы 1955-жылы башталып, азыркыга чейин уланып келе жатат. 1960-жылдары жылдызы жанып, сулуулардын жүрөк оорусуна айланган актёр «Сыромятная плеть» аттуу сериал менен көпчүлүктүн көзүнө көрүнгөн. Ал эми “Доллар трилогиясында” Аты жок адамдын образында дүйнө жүзүнө таанылган. Иствуддун карьерасында да франшизага айланган тасмалар бар, “Доллар трилогиясынан” тышкары полиция кызматкеринин ролу жарашкан “Грязный Гарри” тасмаларын ошол муундун адамдары жакшы билет.

70 жылдан бери кино талаасында жүргөн актёр учурда да активдүү, жылына 1-2 кинону жарыкка чыгарат, актёр катары же продюсер же режиссёр катары. “Оскардын” 4 статуэткасынын ээси.

Жеке жашоосуна келсек, 6 аялдан 8 балалуу болгон. Айрымдар анын аялдарынын жана балдарынын саны мындан да көп болушу мүмкүн дешет, бирок актёр жеке жашоосун ачыктагысы келбейт. Ден соолугун чыңдоого байланыштуу жашынан катуу тартип коёт өзүнө, туура тамактануу: чийки жашылчаларды, мөмө-жемиштерди колдонуу, таттуу азыктардан, суусундуктардан баш тартуу деген сыяктуу. Андан сырткары спорт жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Учурда да анын фитнес менен машыгып, отжимание кылганын көрүп таң калгандар бар.

Роберт Дюваль – 95 жаш

Иствуддун замандашы, жашташы дейбизби, актёр Роберт Дюваль тууралуу да айтпасак болбойт. Классикага айланган “Крёстный отец” тасмасын көрбөгөндөр аз, дал ошол тасмада Том Хейгендин ролун Дюваль жараткан. «Нежное милосердие» тасмасындагы ролу үчүн “Эң мыкты актёр” номинациясында “Оскарга” ээ болгон. Дюваль аткарган ролдордун арасында саясатчы Иосиф Сталиндин да кейипкери бар. Амплуасы – драмалык актёр. Актёр, режиссёр, продюсер, сценарист, айтор, универсал адам. 95 жашына чейин кино талаасында активдүү болуп келди, чоң роль болобу же экинчи пландагы роль болобу, ийине жеткире аткарып. Болуп келди дегенибиз, быйыл 15-февралда 95 жаш курагында каза болду.

Аз эмес өмүрүндө Роберт Дюваль 4 ирет үйлөнгөн. Тилекке каршы, биринен да балалуу болгон эмес. Ошентсе да артында ал жараткан эмгектер калды.

Жуди Денч – 92 жаш

Мырзалардын арасына ардактуу карылыктагы бир айымды кошуп жибердик. Бетин бырыш басса да, сынынан, сыпатынан кете элек актриса – Жуди Денч. Актрисалык дебюту театр сахнасында “Гамлеттеги” Офелиянын ролу менен башталган. Ал эми актриса катары дүйнөлүк атактуулук алып келген “Жеймс Бонд” франшизасындагы Бонддун боссу – Мдин образы болду. Ал эми “Влюблённый Шекспир” тасмасында канайым Елизаветанын ролун аткарып, 8 мүнөткө созулган экрандагы образы үчүн “Оскар” сыйлыгына татыган. Жейн Остиндин «Гордость и предубеждение» романынын негизинде тартылган тасмада (2005-жылы чыккан) актриса леди Кэтрин де Бёрдун образында. Бул тасмаларды сиз да көрсөңүз керек, окурман.

1971-жылы актёр Майкл Уильямска турмушка чыгып, экөө кыздуу болушкан. 30 жыл чогуу жашап, 2001-жылы жолдошу өпкөнүн рак илдетинен улам каза тапкан. Актриса ошону менен эч кимди сүйбөйм деп ойлочу экен. Бирок 2010-жылы анын жүрөгүн багынткан адам пайда болду, Дэвид Миллс деген. Чыгармачылыктан алыс, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эмгектенген Дэвид мырза менен Жуди Денч учурда “кыз-жигит” мамилесинде.

Харрисон Форд – 84 жаш

90 жаштан өткөн актёрлор тууралуу сөз кылгандан кийин, аларга салыштырмалуу 84 жаштагы Харрисон Форд “жаш жигит” эле сезилип калат экен. Азыр да популярдуулугун жогото элек, азыр да “краштардын” катарындагы актёр 1942-жылы жарык дүйнөгө келген. Айтылуу “Индиана Жонс” (5 бөлүмдөн турат) франшизасынын башкы каарманы. Андан сырткары “Звёздные воины” (6 бөлүмүндө тартылган) тасмаларында Хан Соло болгон. 2025-жылы эле актёр катышкан “Капитан Америка: Новый мир” тасмасы жарык көрдү. Көптөгөн кино сыйлыктардын ээси болгону менен, арасында “Оскар” жок.

Жеке жашоосуна келсек, 3 ирет үйлөнгөн. Бул союздардан 4 уул жана 1 кыздуу болгон. 3 неберенин чоң ата-таятасы.

Майкл Дуглас – 82 жаш

Дагы бир таланттуу актёр, Голливуддун ветераны – Майкл Дуглас. Эң алгачкы ийгиликтүү ролу «Улицы Сан-Франциско» телесериалындагы инспектор Стив Келлердин ролу болгон. Анын карьерасындагы маанилүү долбоорлору деп: “Роковое влечение”, “Уолл-стрит”, “Основной инстинкт”, “За канделябрами” тасмаларын айтсак болот. Акыркы эмгектерине көз салсак, 2023-жылы “Человек-муравей и Оса: Квантомания”, 2025-жылы “Рыбалка для миллионера” тасмаларына тартылып, ушуну менен жакшы бир долбоор чыкмайынча кайтпайм деп кино карьерасы менен кош айтышкан. Ким билсин, канча убакыттан кийин кайтарын, балким, быйыл эле анын катышуусунда тасма чыгат. Же ушуну менен Майкл Дугласты жаңы кинолордон көрбөй калабыз. 2 “Оскардын” ээси, бирин продюсер катары алса (“Пролетая над гнездом кукушки”), экинчисин “Мыкты актёр” (“Уолл-стрит” тасмасындагы ролу) иретинде алган.

Майкл Дугластын жашоосуна келип-кеткен сулуулардын саны көп. Расмий түрдө 2 айымга баш кошуп, 2 уул, 1 кыздын атасы болгон. Актёрдун 2-жубайы өзүнөн ашпаса кем калбаган актриса Кэтрин Зета-Жонс. 2000-жылы экөө үйлөнгөндө бул нике аз убакытка гана созулат деп “төлгө” ачкандар көп болгон. Бирок 25 жылдан ашуун Майкл менен Кэтрин курган үй-бүлө жиби үзүлгөн жок. Ооба, кайсы бир учурда мына-мына үзүлөт деген көз ирмемдер болгон. Бирок баары оң жагына чечилди. Кэтрин Майклдан 25 жашка кичүү, бирок бул жаш аралык сезилбегенин айтышат жубайлар.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан