Дүйнөдөгү эң ири жана абройлуу UFC уюмунда кыргыздын намысын коргоп, ак калпагын даңазалап келе жаткан мушкер Мыктыбек Оролбай уулу бул жолу бизде апта каарманы. Учурда ал дүйнөлүк рейтингдин эң мыкты 15 мушкеринин катарында. Көптөгөн жаш мушкерлер үчүн сыймыкка айлана алган Мыктыбек мырзадан мыкты маекти сунуштайбыз.
– Мыктыбек мырза, ар бир беттеш жеңил эмес, физикалык жактан да, психикалык жактан да оор. Учурда ден соолугуңуз кандай? Калыбына келүү процесси кандай жүрүп жатат?
– Кудайга шүгүр, азыркы учурда ден соолугум жакшы, баары жайында. Акыркы беттештен кийин калыбына келүү процесси абдан жакшы жүрдү. Олуттуу жаракаттарым жок. Негизи Орозо учурунда бир аз кыйналдык, анткени орозо кармап жатып машыгуу жана калыбына келүү бир топ күчтү талап кылат экен. Бирок Кудайга шүгүр, баарын жеңип, азыр өзүмдү абдан жакшы сезип жатам.
– Ар бир ийгилик белгилүү бир курмандыктарды талап кылат. Таанымал мушкер болуу үчүн сиз эмнелерден баш тарттыңыз же эмнени жоготтуңуз?
– Ооба, ийгиликтин артында чоң курмандыктар турат. Мен биринчи кезекте өзүмдүн убактымды курмандыкка чалдым десем болот. Туугандарым, досторум жана жакындарым менен чогуу өткөрө турган баалуу мүнөттөрдөн баш тартууга туура келди. Мисалы, жакындарымдын жакшылыктарына, той-топурларына катыша албай калам. Америкада жүргөндө ата-энем менен кенен убакыт өткөрө албайм. Мына ушул жакындарымдын жанында болуу бактысын спорт үчүн, алдыга койгон максаттарым үчүн курмандыкка чалдым.
– Сизди таптап, машыктырган устаттарыңыз жана машыккан клубуңуз тууралуу айта кетсеңиз?
– Менин спорттогу жолум 2017-жылы Ош шаарынан башталган. Эң алгачкы машыктыруучуларым – Тынчтык агай, Алтын агай болгон. Алар мени спортко байлап, алгачкы кадамдарымды шилтөөгө жардам беришкен. Ошол кезден баштап “Улуу Кыргыз” командасында машыгып келе жатам. Ал эми акыркы үч жылдан бери Америкада “Team Alpha Male” клубунда машыгам. Ал жакта Юрайа Фейбер (Urijah Faber) баштаган тажрыйбалуу агайларым жана командам бар. Бул чоң команданын эмгеги менин ар бир жеңишимде бар.
– UFC, октагондо мушташ тартуулоо – бул сиз үчүн азартпы?
– Октагонго чыгуу биринчи кезекте – сыймык. Бул спортко келген күндөн баштап алдыма чоң максат койгом. Менин эң чоң каалоом – өзүм гана эмес, башка кыргыз жигиттери да башына ак калпагын кийип, UFC октагонуна чыкса экен дечүмүн. КМШ өлкөлөрүнүн арасында кошуналарыбыздын мушкерлери бул уюмга чыгып жатышты, ал эми бизден ал кезде жок эле. Ошондуктан кыргыздын желегин желбиретип, калпагын таанытууну абдан каалачумун. Кудайга шүгүр, бул тилегим орундалды. Менден мурун деле күчтүү жигиттерибиз көп болгон, бирок Жараткандын буйругу менен мага биринчилерден болуп чыгуу насип этти. Калпак кийип октагонго кадам таштаганым – мен үчүн чоң сыймык.
– Өлкө желегин желбиретип, ак калпагын тааныта алдыңыз. Атактуулуктун таасири кандай экен, “жылдыз оорусу” менен ооруп калыш бат эле эмес бекен?
– Бул жактан өзүмдү жакшы эле тизгиндеп келем, демек, “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун. Албетте, атактуулуктун даамы таттуу болот. Бирок бизди карап өсүп келе жаткан муунга татыктуу үлгү болуш үчүн ар дайым өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө аракет кылам. Октагондо эле эмес, күнүмдүк жашоодо дагы.
– ММА сыяктуу кандуу спортту жактырбагандар да көп. Сизге эмнеси менен жагат бул багыт?
– Негизи, мурун ММА десе эле эрежесиз мушташ деп түшүнүп, коомчулукта терс пикирлер калыптанып калган. Бирок спортту түшүнгөн адам үчүн – бул эң татаал жана универсалдуу тармак. Эгер бокс, кикбоксинг же муай-тай менен салыштырсак, ММА кээ бир учурларда спортчу үчүн жеңилирээк да сезилиши мүмкүн. Анткени бул жерде бир эле сокку менен чектелбейсиң, күрөш бар, партердеги ыкмалар бар. Бул – акыл менен күчтүн айкалышы. Акыл менен күчтү бирдей иштетсең гана ийгиликке жетесиң.
– Беттештерде травма алуулар көп. Эрежесиз мушташта ден соолукка орду толгус зыян келтирип жатам деп чочулабайсызбы?
– Карьерамдын башында, КМШ ичинде чыгып жүргөндө, албетте, коркчумун. Анткени камсыздандыруу деген жок, эртең кандай болуп кетерин билбейсиң октагонго чыкканда. Спортто баары бир жаракат алуу коркунучу бар дегендей. Ал эми UFC’ге келгени менде андай коркуу жок, анткени бул жакта ден соолукка аябай кылдат мамиле кылышат. Октагонго чыгардан бир эки ай мурун эле ден соолугунду кылдат текшерип, жадакалса тамак-ашыңа чейин баарын карап турушат. Бир аз эле бир нерсе болсо, чыгарышпайт октагонго.
– Беттештерге жакын салмак кууп, арыктоо оорбу?
– Албетте, ар бир тармактын өзүнүн кыйынчылыгы бар. Мисалы, тамактанып жатканда жаныңдагылар жеп жаткан нерселерди сенин да жегиң келет. Бирок спортто эң негизгиси – дисциплина болгондуктан, бара-бара көнүп деле каласың.
– Тамактануу деп калдык. Мисалы, эмнени такыр жеп-ичпейсиз? Дегеле тамактануу эрежеңиз кандай?
– Бул жаатта бизде аябай катуу режим десем болот. Майлуу жана камыр тамактарды жылына бир-эки жолу жесем жедим, болбосо жок. Анткени октагонго чыгыш үчүн биринчи кезекте салмагың туура болушу керек. Ошондуктан режимди дайыма сактаганга аракет кылам.
– Азыркы учурда коомчулукта эркектер майдаланып кетти деген сын айтылат. Чыныгы мырза кандай болушу керек деп ойлойсуз?
– Менимче, чыныгы мырзаны биринчи кезекте анын сөзү менен ишинин бир болгону аныктайт. Эркек киши куру сөздөн качып, көбүрөөк аракет кылышы керек. Биздин ата-бабаларыбыз айткандай, “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” болушу шарт. Өзүнүн ар бир кадамына, сөзүнө жана үй-бүлөсүнө жооп бере алышы керек эркек адам. Кыйынчылык келгенде башкага шылтабай, чечим таба билиши зарыл. Өзүнүн гана эмес, элинин, жеринин намысын бийик тутушу кажет. Кайда жүрбөсүн, артынан жаман сөз ээрчитпей, үлгүлүү жүрүм-турумга ээ болушу керек, менимче.
– Бардык кесип ээлеринде кызыктуу окуялары болот. Сизде кандай кызыктар болгон?
– Кызыктар көп эле болот. Бир жолу беттешке эки ай аябай даярданып, машыгып, салмак куудум. Бирок аэропортко барып, учакка отурбай калып кеткем. Себеп – уйкусуздуктун айынан машыктыруучумду туура эмес түшүнүп алыптырмын. Ошондо бир аз өкүнүп, буйрук эмес экен деп кала бергем.
Бир жолу Баткенде өткөн таймашта чемпиондукту утуп, анан журналисттер “эмкиде сизди кайсы жактан көрөбүз?” дешсе, ойлонбой туруп эле “эмкиде океандын ары жагынан көрөсүздөр” деп койгом. Ошондон бир ай өтүп-өтпөй эле Америкага чакыруу алгам. Бул дал келүү мага аябай күтүүсүз жана кызык болгон.
– Спортто канча убакытка чейин жүрөм деп ойлойсуз. Пландарыңыз кандай?
– Дагы канча убакыт бул тармакта болорумду айтуу азыр кыйын. Азыркы учурда эң башкы максат – UFC’де алдыга жылып, чемпиондук курга жетүү. Учурда UFC’нин дүйнөлүк рейтингинде ТОП-15темин. Бирок бул чек эмес. Кудай буюрса, келишимдеги беттештерди ийгиликтүү өткөрүп, алтын курга кадам таштайбыз. Азыр бүт күч-аракетибиз ошол багытта.
– Маегибиздин соңунда сизге эркин микрофон берели...
– Рахмат. Биринчи кезекте мени ар дайым колдоп келген ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Кыргызстанда, Америкада жана дүйнөнүн башка бурчтарында мени сүрөгөн бардык агаларыма рахмат айтам. Чоң спортту сөзсүз колдоо керек, анткени каржылык жана моралдык колдоо жок жерде спорттун өсүшү кыйын. Мына ушундай агаларыбыздын жардамы менен биз ийгиликтерге жетип жатабыз. Ошондой эле өзүмдүн командама жана жалпы кыргыз элине ыраазымын. Көп өлкөлөрдө болдум, бирок биздин кыргыздай күйөрмандык кылган элди эч жерден көргөн жокмун. Социалдык тармактар аркылуу жазылган ар бир жылуу сөз, ар бир колдоо бизге чоң мотивация жана күч берет. Сиздердин ишеничиңиздер үчүн чоң рахмат!
Асел Нурбекова