(Башы өткөн сандарда)
Илимдин качканы качкан. Өтмүшүнөн, жарасынын жаңыланышынан, а балким, тагдырынан да качкандыр. Балалыгы – анын айыкпас жарааты эле.
Ташталган бала эч качан өзүн толук кандуу сезип чоңойбойт беле же Илимдин ашыкча сезимталдыгынан беле, белгисиз. Бирок ичтен жеген курттай болгон санаасы тереңде кайнай берчү. Өз ата-энеси ким экенин баккан ата-энесинен бир нече жолу сурады. Бирок алар да Илимдин ата-энеси кимдер экенин билишпейт эле. Ысык-Көлдүн жээгинен эки жашар кезинде таап алышканын айтышты. Ким анын ата-энеси? Балким, алар жоготуп жибериштиби же аргасыз таштадыбы, туңгуюк болчу. Ал кичинесинен ушул жараат менен жашады. Чоңойгондо бул жүк жоголуп кеткен жок, азайып да калган жок, ичтен эзе берди. Тамчы жашоосуна келгенге чейин бул сыр менен жашоо жеңил эле. Бирок ал келгенден баары мурункудай болбой калды.
Илим бир нерсени гана жаштайынан үйрөнгөн. Сүйүүнү эмес, жоготпоонун жолдорун издегенди жакшы билчү. Ал балким, ийгиликке ошондон улам жеткендир. Жашоомдо эмне болсо, ошону жоготпосом болду дечү. Сүйүүдөн өтө коркор эле. Ал кимдир-бирөөгө жакындаганда, бир кызга жакшы көрүү сезими пайда болгондо ичиндеги коркуу ойгончу. “Эртең бул да кетет! Ата-энем таштап кеткенден кийин, демек, мени баары таштап кетет” дээр эле ички коркуусу. Мамиледе ошол себептен дароо качып баштачу. Бирок Тамчы менен баары башкача башталган. Ал кичинекей кыз, жардамга муктаж кыз деп олуттуу караган эмес. Ошол үчүн ар дайымкыдай “чегин” коргой албай калды. Башында достуктан башталган эле мамиле. Жок, тагыраагы, достук да эмес, жөн гана маектеш болчу. Кийин ачыла баштады. Анан такыр эле сырлары төгүлүп кетти. Мындай болот деп эч күтпөгөн эле. Ошондуктан мурунку ыкма менен качууну көздөдү. Бул жолу чындап качпаса болбой турганын да түшүнүп турду. Бирок адам эч качан өзүнөн качып кете албайт эмеспи. Тамчынын жанында Илим биринчи жолу өзүн коргобой койгон. Биринчи жолу... жүрөгүн катпай койгон. Ошол эле нерсе аны коркутту. Азыр эстеп көрсө, муну да сезимтал кыз сезип койгон экен эбак эле. Бир баарлашып отурганда айтканы бар.
– Сен дайыма жакшы сүйлөшүп баратып эле алыстап кетесиң. Бир күнү жакшы мамиле кылып, экинчи күнү тааныбагандай мамиле кыласың. Эмнеге?
Ал ушинтип сураган эле. Илим дароо жооп бере алган эмес. Бир аздан кийин ал акырын сүйлөгөн.
– Мен бирөөгө жакын болсом, жоготуп аламбы деп корком.
Тамчы унчуккан эмес.
Ал “андай эмес, мындай” деп талашкан жок. Анткени кээ бир коркуулар логикага баш ийбей турганын билет эле. Өзүндө да дал ошондой сезимдер жашайт болчу.
– Баары эле сен ойлогондой эмес,- деген ал акырын гана.
– “Баарын” мен билбейм. Болгону кеткендерди гана билем,- деген.
Ошол сүйлөшүүдөн кийин Илим кайрадан “туура” адам боло баштаган. Аралык сактаган, сезимди жашырган, “муздак маскасын” кийип алган адам боло калды. Акыры баары бир сыры атылып чыгып кетти.
ххх
Арадан бир топ убакыт өттү. Ар ким өз жашоосу менен алектей. Тамчы менен Илим Казат атанын бакчасынан кайрадан жолугуп калышты. “Арина менен тою болот” дегенден кийин ал кызды ата-энесине тааныштыргандан кийин жолугуша элек болчу. Илим ата-энесинин үйүнө келбей калган. Тамчы ошол күнү келгенинен кабары жок эле. Сабак окуп отуруп бакчага чыккан. Бакча бул жолу мурдагыдан да жымжырт болчу. Асман түнөрүп, муздак шамал болуп жаткан. Ичиркене кайра ичкери кире турган болуп бурулганда ал бакчада өзүн көздөй басып келе жаткан Илимди көрдү. Бурулуп басып кеткиси келди, бирок буттары аны укпагандай катты. Колдору титиреп, көздөрү өзүнөн өзү жашылданып кетти. Өзүн колго алды.
– Салам,- деди ал көз жашын көрсөтпөй жылмая берди. – Сенин келгениңди билбептирмин.
– Салам, уктай албай бакчага чыккам,- деди Илим. Үнү чарчаңкы эле.
– Кел, бир аз отурбайсыңбы?
Тамчы башын чайкап басып кеткиси келди. Бирок анте албай Илим көрсөткөн жерге отурду. Экөө бир аз унчукпай отурушту.
– Сабактар кандай?
– Болуп жатат...
– Хм, бирок китепканадан көп көрүнбөйсүң го...
Тамчынын деми токтоп калгандай болду. Демек, издептир да. Алыстан болсо да карап, эмне кылып жатканынан кабары бар экен да. Сүйүнүп кеткенине кыжыры келди, кайра ыйлагысы келди. Айтор, эмне сезип, эмне коёрун билбеген бир абал эле экөөнүкү.
– Үйдөн окуп жатам сабакты...
– Атам менен апам сени аябай жакшы көрүшөт, Тамчы. Аларды таштаба,- деди Илим эмнегедир.
– Мен да аларды жакшы көрөм. А сен?
– Эмне, мен?
– Аларды жакшы көрөсүңбү?
– Албетте, алар мага баарын беришти, келечегимди курушту. Жакшы көрөм...
– Бирок алыс жана муздаксың аларга, эмнеге антесиң? Карып калышты,- деди Тамчы ойлуу тарта.
– Мен дайыма ушундай болчумун.
– Жок, адам мындай төрөлбөйт. Сен болгону сезимдериңди жашырасың.
Илим башын ылдый салды.
– Жашырбасам... Сезимдеримди жашырбасам жашай албайм,- деди ал.
Тамчы унчукпай калды.
– Сен билбейсиң,- деди Илим акырын. – Мен үчүн “сүйүү” деген сөз дайыма оордук менен коштолот. Аны билдирүү андан да оор.
Тамчы көзүн ага бурду. Тиктеп калды. Көптөн бери мындай жылуу сезимди сезе элек эле Илим. Кыздан келген жылуулуктун толкундары денесин титиретип жиберди.
– Кичине кезимде...- деп баштады Илим, бирок токтоп калды. – Мен аябай коркот элем. Жоготуудан, жоголуудан коркот элем. Мен үчүн көчөгө чыгып балдар менен ойноо да кыйын болчу. А балким, мен кайра жоголуп кетем дечүмүн. Апамды (баккан апасы) жоготуп алам дээр элем оюмда. Бирок атам менин элден качканымды түшүнө алчу эмес. Атайылап коркуусун жоготсун деп мени паркка алып барып, адаштырып таштап салчу. Мен элеңдеп, коркуп, ыйлай баштаганда келип колумдан силкип уруша баштачу. “Эркек эч качан ыйлабашы керек, сүрт көз жашыңды” дээр эле. А мен жашымды токтото алчу эмесмин. Ичимдеги сезимдерди да түшүндүрө алчу эмесмин. Бир күнү көз жаш токтоду. Такыр ыйлабай калдым. Чоңойдум окшойт. Бирок азыр, тескерисинче, атам ыйлайт. Мен күчтүү деген адам, эч нерседен коркпойт деген адам эми мени көргөн сайын өзү ыйлайт. Кылгандарына өкүнөт, балким... Мен ичимден ага дайыма “ата, эркек ыйлабайт. Сен дагы ыйлаба!” деп айткым келет.
Үнү титиреп чыкты. Тынчтык оор сезилди Тамчыга. Жалбырактар акырын шуулдайт. Илим эч качан эч кимге айтпайм деген нерселерди эмнеге айтып жатканын билбеди. Айтылып кетти, айткысы келди, балким...
– Кичинемден... ким болбосун кетип калат деген сезим менен жашап калдым. Байлангым келбейт, сезимдеримди да билдиргим келбейт,- деди Илим.
– Ошон үчүн сен биринчи кетесиңби?- деди Тамчы.
Илим башын көтөрдү. Бул суроо дал бутага тийди. Оор болду моюнга алыш, бирок аргасыз эле.
– Ооба. Балким, ошон үчүн...
– Ата-энеңе тааныштырган, сен жар катары тандаган кыз...- деп улантты Тамчы. – Ал сен үчүн коопсуз көрүнөт, туурабы? Анткени ал сени таштабайт деп ишенесиң.
– Ал калат,- деди Илим ишенимдүү. – Менде ага керектүү нерсе бар, акыл, статус, ишенимдүү келечек, стабилдүүлүк. Ал нерсе аны байлай турганын билем. Андан башканы сурабайт дагы.
– Сенчи?- деди Тамчы.
Илим жооп берген жок.
– Сен өзүң каалайсыңбы аны?- деп кайра сурады Тамчы.
– Мен билбейм, эмне каалаарымды. Келечек көрсөтөт.
Тамчы анын сөздөрүн анализдеп жатты.
– Сен мени ошон үчүн тандаган жоксуңбу?- деди ал ачык эле. – Мен сенден көп нерсе сурай аларымды жана бере аларымды билген үчүн корктуңбу?
– Кыйнабачы мени, Тамчы. Ушундай болушу керек болчу.
– Мен белгисиз болчумун,- деди Тамчы. – Ал эми сен дайыма кепилдик издейсиң.
Илим көзүн жумду. Айткысы келди, айтты.
– Мен сени унута албай жатам. Кайда барбайын... ошол эле боштук. Бирок сен бар кезде...
Тамчы көзүн ала качты:
– Боштук сырттан толбойт.
– Бирок сен болгондо толот.
– Мен жокмун да сенин жашооңдо...
– Чарчадым...
– Сен коркоксуң, ошол үчүн чыныгы сезимден качасың.
– Качкан жокмун...- деди Илим алсыз.
– Качтың...
Экөө унчукпай отуруп калды. Көптөн бери ушул сөздөр ичтеринде айтылып келе жаткан. Бул жолу сыртка чыкты. Бирок экөө тең жеңилдик сезген жок. Тамчы туруп кетти, аркасына кайрылганда Илим шалдырап отурган экен. Ал ага канаты сынган куштай көрүндү.
(Уландысы кийинки санда)