Эңилчек – Союз кезинде түстүү металл өндүрүүчү комбинаттын жумушчулары үчүн курулуп, СССР кулаган соң унутта калган айыл эле. Акыркы жылдары айылдын турмушу кайра жанданып жатканы айтылат.
Эңилчек тууралуу айыл тургуну Аида Исаева айтып берет.
Кожолуктун (түтүн) саны – 38
Калктын саны – 148
Айылда – балдар бакча, башталгыч класстар үчүн мектеп, ФАП, китепкана, маданият үйү, спорт комплекси бар
Аталышы эмнеге байланыштуу?
– Айыл бийик тоолор арасында жайгашкан. Абасы салкын жана таза аймактарда таштын үстүнө, аска бетине жабышып өсчү эңилчек өсүмдүгү көп болгондуктан айыл Эңилчек аталып калган дешет. Илимде аталган өсүмдүк таш доорунда жаралган деп айтылат.
Кенчилер үчүнкурулган шаарча
– СССР учурунда Кытай менен чектешкен жерге вольфрам, калай, молибден жана башка баалуу металлдарды өндүрүүчү Сары-Жаз тоо-кен комбинатын куруу чечими кабыл алынган. Комбинат жумушчулары үчүн 1980-жылы Эңилчек шаарчасы курулуп баштаган. Үйлөр, мектеп, оорукана, спорттук аянтчалар ошондо салынган. Борборлоштурулган жылуулук системи, канализция, алтургай бомбадан коргонуучу жай дагы болгон. Шаарчаны куруу 1989-жылы аяктаган. Ал жерге 20 миңден ашык адамды жайгаштыруу пландалган. Курулуш иштери бүткөндөн кийин СССРдин булуң-бурчунан жаштар агылып келе баштап, Союздун кулашы менен кайра баары токтогон. Жумушсуздук өкүм сүргөндүктөн шаарчада жашоо кыйындап, эл кайра көчүп кете баштайт. Шаарча каралбай, баары четинен талкаланууга өткөн.
Туристтер Европадан бери келишет
– Акыркы жылдары айыл кайрадан жандана баштады. Айылдыктар аз-аздан кайтып келип үйлөрүн оңдоп-түзөп, мал чарбачылыгы менен алектенишүүдө. Кышында да кышташат. Топоз баккандар да бар. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендер кийизден сувенирлерди жасап сатыкка чыгарышат.
Жолдошум экөөбүз тең Эңилчектен болобуз. Учурда айылда 4 конок үйү болсо, бири биздики. Мерцбахер көлүн, Эңилчек мөңгүсүн көрүүгө, 7 миң метр бийиктиктеги Жеңиш, Хан-Теңир чокуларын багынтканы келген туристтерди тейлөө менен да киреше табабыз. Үйлөрдү, аттарды ижарага берип, тамак-аштарын жасап беребиз. Башкача айтканда, айыл туристтик база катары кызмат кылат. Туристтер жайы-кышы келе беришет, албетте, жайкысын көбүрөөк. Европадан көп келишчү. Акыркы жылдары Сингапур, Кытай, Норвегиядан көбүрөөк келишүүдө.
Жаңы жол, тоннель курулары күтүлүүдө
– 2025-жылы августта айылга президент Садыр Жапаров баштаган делегация келип, эл менен жолугушту. Ажобуз айылга чейин жаңы жол жана ашуунун астынан өтүүчү 10 чакырымдык тоннель куруларын маалымдады. 2026-жылдын 8-апрелинде айылда жаңы бала бакчанын ачылышы болду. Учурда минипарк курулуп жатат. Азыркы бийликтин биз билгени кен казуу, туризмди өнүктүрүү жаатында жакшы пландары бар.
Айылга жетүү үчүн 3800 метр бийиктиктеги ашуудан өтүүгө туура келет. Катаал климаттык шарт жана жолдун татаалдыгы – айылдын негизги көйгөйлөрүнүн бири. Кышкысын суук -40 градуска чейин жетет. Кар аз жаап, бат эле эрип кетет. Бирок суугу сөөктөн өткөн карандай шамал жүрүп турат. Тоо арасында асканын түбүнөн чыккан, температурасы +50 градуска жетчү ысык суу бассейни бар. Туристтер ошого да кызыгышат. Ал жерге илгери Кыдыр ата келип кеткен деген уламыш бар.
Ар бир үйдө душ, интернет бар
– Айылда аз эле түтүн болгонго абдан ынтымактуубуз. Майрамдарда бири-бирибизди чайга чакырып турабыз. Быйыл Ноорузда улуттук тамак-аштарды жасадык. Айылдан 18 чакырым алыстыктагы заставанын кызматкерлери менен биргеликте сармерден өткөрдүк. Кышкыга деп согум союп алабыз. Айрымдар бозо салышат. Айылда суу мунарасы курулган, андагы суу түтүктөр аркылуу ар бир үйгө киргизилген. Үйлөрдө душ, даараткана бар. Электр жарыгы, интернет менен камсыз болгонбуз. Көчөлөр оңдолуп, жарыктандырылган. Айыл көрктөндүрүлүп, бак-дарактар отургузулуп жатат.
Кышкысын мешке көбүнчө тезек жагабыз. Бийик тоолуу жерде тезек пресстелип, көмүрдөй эле таптуу болот. Тоолорубузда илбирс, аюу, карышкыр, сүлөөсүн, арка-кулжа жана башкалар бар.
Канымжан Усупбекова