(Башы өткөн сандарда)
Стамбул. Бул шаар Тинатин үчүн жөн гана картадагы чекит эмес эле. Бул – анын ичиндеги эң жашыруун тилек, көп жылдан бери жүрөгүндө үнсүз жашап келген кыял дүйнө болчу. Ал бул жакка биринчи жолу келгенде эле шаар аны тааныгандай сезилди. Көчөлөрү, шамалы, деңиз жыты, баары “сен келишиң керек болчу” деп шыбырап тургандай. Автобус акырын жээктен алыстап бара жатканда Тинатин терезеге жабышып карап отурду. Деңиз жоголгон сайын жүрөгүнүн бир бөлүгү ошол жакта калып жаткандай болду. Бирок ошол эле учурда ичинде бир күч ойгонуп жатты, коркуу эмес, ишеним.
“Мен Кыргызстанга кетсем дагы, бул шаарга кайра кайтып келем... Жөн гана турист болуп эмес” деди ал ичтен.
Экскурсия бүткөндөн кийин баары жатаканага тараганда да, Тинатин уктабай көпкө чейин терезеден Стамбулдун түнкү жарыктарын карап отурду. Шаар жымыңдап күйүп турган миңдеген жарыктар менен дем алып жаткандай сезилди. Ар бир жарык – бир мүмкүнчүлүк, бир сыноо, бир тагдыр сыяктуу. Ошол түнү ал чечим кабыл алды.
Эртеси таң эрте туруп, китептерин ачты. Түрк тилиндеги сөздөр, грамматика, тексттер... баары башында оор сезилсе да, ал артка кайткан жок. Мээси чарчаганда да, көзү ооруп кеткенде да токтогон жок.
– Мен кала алам... Мен сөзсүз кала алам...- деп кайталай берди ал, үнү кээде шыбырап, кээде ичтен жарылып чыккандай.
Күндүзү экскурсияга чыгышса, кечинде окуу башталды. Кыздардын күлкүсү, достордун шаңы бар эле, бирок Тинатиндин ичинде бир башка дүйнө ачылып жаткан. Ал дүйнөдө ал жалгыз эмес, өзүнүн максаты менен бетме-бет турган кыз эле.
Бир күнү кечинде, жамгыр акырын жаап жатканда, ал кайра жээкке чыкты. Шамал чачын жайып, көзүнө жаш аралаш жамгыр тамчылары тийип жатты. Деңиз жак караңгы, бирок толкундуу болчу. Ошол учурда жүрөгү күтүүсүз ооруп кетти. Бекзат көз алдына тартылды. Карагаттай кара көздөр, жагымдуу жылмаюу, жээктеги ошол биринчи көз караш... Жана телефон номерин жазып колуна карматкан кичинекей кагаз. Тинатин чөнтөгүн кармалап, кагазды тапты. Ал дагы эле ошол жерде болчу. Бирок азыр аны кармоо башка сезим эле.
– Эгер мен кала алсам...- деди ал акырын, көзүн деңизден албай. – Балким, бир күнү кайра жолугушабыз.
Жүрөгү экиге бөлүнгөндөй болду: бир жагы – кыялы, Стамбул, келечек. Экинчи жагы – ал түшүнбөгөн, бирок унутулгус болуп калган бир кара көздүү жигит. Жамгыр катуулап, шамал күчөгөндө Тинатин артка кайтты. Бирок бул жолу ал мурункудай кыз эмес эле. Бул жолу ал өз тагдырына каршы эмес, аны кууп бараткан кыз болчу.
Стамбулдун кечи акырын гана түшүп келе жатты. Жатакананын терезесинен көрүнгөн шаар бул жолу мурдагыдай жарык эмес, бир аз булаңгыр көрүнүп турду. Көчөлөрдө унаалар өтүп, алыстан азан үнү аралашкан шаардык шамал акырын үйлөп жатты. Тинатин столдун алдында отуруп, китептерин барактап жаткан. Бирок анын көңүлү текстте эмес эле, ойлору башка жакта, алыс бир дүйнөдө жүргөн. Дал ошол учурда эшик акырын тыкылдады.
– Кир,- деди ал акырын.
Эшик ачылып, Айгүл кирди. Анын жүзү кадимкидей эмес эле, олуттуу, бир аз шашылганы байкалат.
– Тинатин, сен отурасыңбы?- деди ал үнүн акырын чыгарып.
Тинатин башын көтөрдү.
– Ооба, эмне болду?
Айгүл бир аз үнсүз туруп калды. Анан терең дем алып, түз эле айтты:
– Мени кудалап коюшуптур...
Ортодо бир саамга жымжырттык орноду. Сааттын чыкылдаганы да катуураак угулгандай болду. Тинатин ордунан тура калды.
– Эмне? Качан? Кимге?- деди ал ишенбей.
Айгүл колун кысып, көзүн жерге салды.
– Кечээ. Бирөөгө, жакында келип сөйкө салып кетишет дешти.
Тинатин үнсүз калды. Анан акырын гана сурады:
– Сен каалабайсыңбы?
Айгүлдүн көздөрү бир заматта жашка толуп кетти.
– Мен, билбейм, Тинатин. “Жакшы бала, Стамбулда окуйт, келечеги бар” дешти...
Тинатин бир кадам жакындап келди.
– Стамбулдабы?- деди кызыга.
Айгүл башын ийкеди.
– Ооба. Ошондуктан мен сага келдим. Мен жалгыз баргым келбейт жолугушууга, корком. Мени менен барасыңбы?
Тинатин бир аз унчукпай калды. Анын ичинде өз дүйнөсү бар эле, кыялы, университет, Стамбулга болгон максаты... Бирок эми бул сөздөр баарын башка нукка буруп жаткандай болду.
– Мен экзаменге даярданып жатам,- деди ал акырын.
Айгүл жакыныраак келип, анын колун кармады.
– Тинатин, сен барбасаң мен корком. Мен ал баланы тааныбайм. Баары мага жат көрүнөт, сен гана жанымда болчу.
Тинатиндин жүрөгү кысылды. Ал терең дем алды.
– Качан келет?- деп сурады.
– Жакында, бир нече күндө.
Тинатин терезеге карады. Шаардын жарыктары мурдагыдан да жакын, мурдагыдан да кызыктуу көрүнүп жатты. Анан акырын кайрылды:
– Макул, мен сени менен барам. Бирок кийин сен да менин экзамениме жардам бересиң, жарайт?
Айгүл сүйүнүп кетти.
– Макул, макул! Тинатин, рахмат сага!
Экөө бири-бирин кучактап калышты.
Тинатин ичинен шыбырады:
“Стамбул... Сен мени сынап жатасыңбы?”
Ал эми шаар болсо унчукпай гана жарык чачып турду. Алардын тагдырын күтүп жаткандай.
xxx
Эртеси күнү Айгүл менен Тинатин таң эрте базарга чыгышты. Экөөнүн маанайы бир аз жеңилдеп, кечээги оор сүйлөшүүдөн кийин шаарды көрүп, көңүл ачып жүрүштү.
– Кел, бул жакта көйнөктөр жакшы экен,- деди Айгүл толкунданып.
– Макул, сен кире бер, мен жегенге бирдеме алып келейин,- деди Тинатин жылмайып.
Айгүл колун шилтеп, кийим саткан дүкөнгө кирип кетти. Ал эми Тинатин жакынкы кичинекей дүкөнгө кирип, суу жана жегенге бир нерсе алмакчы болду. Дүкөндүн ичи бир аз тар, кардарлар да көп. Тинатин телефондон бир нерсе карап, кассага жакындап калганда күтүүсүздөн бирөөгө катуу тийип кетти.
– Ай!- деди ал башын көтөрүп.
Тагдырдын тамашасын кара, баягы көздөр. Карагаттай кара, терең, тааныш көздөр. Бекзат! Аба да оорлоп кеткендей сезилди Тинатинге. Бирок бул жолу Бекзатта мурункудай жылуулук жок эле. Жөн гана тааныштай аны карап турду.
– Абайлабайсыңбы,- деди бир аз орой сүйлөп.
Тинатин дароо эле артка чегинди.
– Жолдун ортосуна туруп алыпсың го?- деди өзүнө жараша жооп узатып.
Бекзат бир аз унчукпай карап турду. Анан муздак үн менен:
– Сен дайыма ушундайсыңбы? Же мага гана ушундай көрүнөсүңбү?
Бул сөз Тинатиндин жүрөгүнө тийди.
– Мен сага кандай экенимди түшүндүрүүгө милдеттүү эмесмин!- деди кыска.
Андан кийин дүкөндү аралаган бойдон андан ары басып кетти. Бекзат болсо ошол жерде туруп калды. Анын жүзүндө ачуудан да көбүрөөк түшүнбөстүк бар эле.
Тинатин сыртка чыкты. Демин терең алып, жүрөгү катуу согуп жатты. “Эмне үчүн мен анын жанында дайыма өзүмдү жоготуп коём?”
Ошол учурда арт жактан Айгүл чуркап келди.
– Тинатин! Кайда кеттиң? Мен сени издеп...
Бирок Тинатин жооп бербей, жөн гана басып кетти. Көзү бир жакта, ойлору таптакыр башка жакта болчу. Ал эми дүкөндүн ичинде Бекзат өз ойлору менен алышып жатты. Тинатин дүкөндөн чыгып кеткени менен, анын ичиндеги толкун басылбай жатты. Стамбулдун ызы-чуусу мурдагыдай эле, бирок анын кулагына баары алыстап угулуп жаткандай сезилди.
Айгүл артынан жетип келип, анын колун кармады.
– Тинатин, эмне болду сага?
Тинатин бир аз унчукпай турду. Анан акырын гана:
– Жөн эле, чарчадым,- деди.
Айгүл анын көзүн карады, бирок ишенген жок. Бирок азыр сурабай турууну чечти. Ошол учурда дүкөндүн ичинен Бекзат чыгып келди. Ал алыстан эле Тинатинди көрдү, экөөнүн көз карашы кайра бир секундга кездешти...
(Уландысы кийинки санда)