Биз социалдык тармакта

Эламан Урумканов: “БАЛАМДЫ АК ЖЕРИНЕН УУРУ ТУТПАСА АСЫНМАК ЭМЕС”

Нарын районунун Ийри-Суу айылында кейиштүү окуя катталды. 7-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, учурда каргаша тергелүүдө. Нарын райондук ички иштер башкармалыгы факт боюнча кылмыш ишин козгоду. 14 жаштагы Эрбол мектепте 110 сом уурдоого айыпталгандан кийин өз жанын кыйган деп айтылып жатат. Баланын атасы Эламан Урумканов “мектептин директорунун орун басары баламды ак жерден каралап, коркутуп күнөөнү моюнуна алдырбаса, балам тирүү калмак. Тергөө адилет жүргүзүлүшүн, айыптуу тарап жаза тартышын талап кылам” дейт. Окуя кандай болгон? 

 

“Коркутуп түшүнүк кат жаздырыптыр”

– Мен учурда 57 жаштамын. Үй-бүлөм менен Нарын районунун Ийри-Суу айылында жашайм. 5 балам бар болчу, минтип каргашадан улам биринен ажырап отурам. Каза тапкан уулум Эрбол Абийиров 7-класста окуп жаткан. Балдарымдын эң кичүүсү эле.

2026-жылдын 1-апрель күнү таң эрте иштер менен Нарын шаарына кеткем. Эрбол 9-класстагы агасы жана 11-класстагы эжеси болуп жакшынакай эле мектепке кетишет. Саат 14:30дарда Эрбол үйгө маанайы жок келет. Үй кийимин кийип короого чыкса, 9-класстагы уулум кампанын артын тазалап жаткан болот. Эрбол агасына “биз класста китептердин ижара акысына деп акча чогултуп жатканбыз. Анан андан 110 сом жоголуптур, аны мен алган эмесмин. Бирок директордун орун басары болуп иштеген, дене тарбиядан сабак берген агайыбыз мени ары алып барып суракка алды. Алган жокмун десем болбой, коркутуп-үркүтүп моюнума алдырып, түшүнүк кат жаздырып алды. Мени алды деп классташ кызыбыз А. айтыптыр” дейт. Агасы “кыйнаса эле моюнуңа ала бересиңби?” дейт. Эрбол “сиз бул жакты тазаласаңыз, мен короону тазалайын” деп ары басып кетет. Анан эле бир аз убакыт өткөндөн кийин кызым менен улуу балам Эрболду сарайда асынып алган жеринен көрүшөт. Мага чалып кабарлашты.

“Акча директордун орун басарынын баласыныкы экен”

– Эрболду директордун орун басары камера жок жерден суракка алып, коркутуп-үркүтүптүр. Мектептин социалдык кызматкеринин катышуусунда гана сурак алыш керек болчу, антпептир. Анын баласы да Эрбол менен бир класста окучу. Кыйнап жатып жоголгон 110 сомду моюнуна алдырыптыр. 11-класстагы кызым буларды айтып берди бизге: “3-сабак бүткөндө танаписте бир кыз мага  “Эрболду бир мугалим жулкулдатып жатат” деп айтып келди. Мен тентектик кылып бир нерсе кылып койсо, агайы урушуп жаткан го деп койдум. Анан 4-5-сабактардын танаписинде ар кандай сөздөр тарады. Билишимче, Эрболдун классы китептин ижарасына деп чогулткан  акчадан 110 сом жоголот. Эрболдун А. аттуу классташ кызы Эрбол менен директордун орун басарынын баласы экөө акча санап отурганын көрөт. Акча болсо директордун орун басарынын баласыныкы экен. Кыз бир мугалимге айтып барат. Ал директордун орун басарын чакырат. Ал негедир өзүнүн баласынан эч нерсе сурабай Эрболду алып кетет да, сурап кыйнап, “мен эмне деп айтсам ошону жазасың” дейт. Коркутуп түшүнүк кат жаздырып алыптыр”.

 

“Классташтарына “мени ак жерден күнөөлөдүңөр” деп жазыптыр”

– Балам асынардан мурун классташтарынын ватсапп тайпасына “А., акчаны мен албасам деле мени күнөөлөттүң. Балдар, силер да мен албасам да, жок жерден күнөөлөдүңөр, эмнеге антип айтасыңар? Агай мени коркутуп жаздырып алган. Буларды А.га да окутуп койгула” деп жазып жөнөтүптүр.

Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок балам өлгөн күнү милиция директордун орун басарын адамды өлүмгө жеткирүүгө шектүү катары дароо камаган эмес. Качан гана Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева бул маселени көтөрүп, ишти көзөмөлгө алууга чакыргандан кийин гана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камашкан. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова факт катталганын тастыктап, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Анан директордун орун басары качан ооруканага жатканын билбейм. Тергөөчүдөн иш боюнча сурап “тигини тергеп жатасыңарбы? Эмне деп жатат?” деп сурасам “анын бөйрөгү ооруп ооруканада жатат, сурак жүрүүдө” деп койду.

 

“Тергөөнүн калыс жүрүшүн талап кылам”

– Балам ак көңүл, шайыр эле, элдин баарына жардам бергенге далалат кылып турчу. Сөз көтөрүмдүү эле. Алдыга койгон максаттары чоң болчу. Ушундай баламдан мыйзамды сактабаган, окуяны туура териштире албаган адамдын арты менен айрылып калдык. Баламды ак жерден каралап, моюнуна алдырбаса, балам тирүү калмак. Тергөөнүн калыс жүргүзүлүшүн, күнөөлүүлөрдүн жаза тартышын талап кылам.

 

“Маалымат бере албайм”

Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөөлөтов атындагы мектептин директору Айбек Койчумановго байланышсак, окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты:

– Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Көз жумган 7-класстын окуучусу Эрбол Абийировго байланышкан каргашалуу окуя тууралуу маалымат бере албайм,- деди директор.

 

“Мектеп директоруна катуу сөгүш берилди”

Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы аталган чуулгандуу окуя боюнча буларды маалымдады:

– Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан Муса Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өз убагында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Муса Байдөөлөтов атындагы мектептин директоруна катуу сөгүш берилди, ал эми окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталды. Учурда бул факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүлүп, кесиптик этика, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле тобокел тобундагы балдар менен иштөө механизмдери боюнча окутуулар уюштурулду.

 

“Тергөө жүрүп жатат”

Окуя боюнча Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы буларды билдирди:

– 1-апрель күнү саат 15:43 чамасында Нарын районунун Ийри-Суу айылында жашы жете элек өспүрүмдүн асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге текшерүү жүргүзүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2012-жылы туулган 7-класстын окуучусу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алгандыгы аныкталган. Маркумдун жансыз денесине тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат.

 

2025-жылы 101 өспүрүм өз өмүрүн кыйган

2025-жылы балдар арасында өз өмүрүнө кол салуу 101 фактысы катталган. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлаган. Булардын 85и окуучулар. 

Мисалы, өз жанын кыюу окуясы 2025-жылдын февраль айынын башында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болуп, мектептин спорт залында жипке асынган кыз дене тарбия мугалими тарабынан табылган.

Ошол эле февраль айында Ноокат районунун Бел айыл аймагында 12 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып каза тапкан.  Эксперттер жана милиция өкүлдөрү балдардын өз жанын кыюусуна көбүнчө психикалык абалдын туруксуздугу, социалдык педагогдордун начар иши жана үй-бүлөдөгү көзөмөлдүн жоктугу, мектептеги зордук-зомбулук  таасир этерин белгилешет.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан