Дайыма шайыр, тамашакөй, ачык-айрым жүргөндөй сезилет Денис Дорохов. Юморист, актёр, алып баруучу, «Сборная Камызякского края» КВН командасынын мүчөсү – универсал артист. КВНдеги тамашалуу ролдору, “Однажды в России” скетч-шоусу аркылуу өзүн тааныта алган. Позитивдүү каармандын образынын аркасында кандай адам турат, атактуулукка чейинки жолу кандай болгон, жакындары кимдер? Анда Денис Дорохов менен жакындан таанышалы.
Туулган жери: Орусия, Невинномысск
Туулган жылы: 1987-жыл, 4-май
Жылдыз белгиси: букачар
Бою: 165 сантиметр
Кесиби: кино жана телеактёр, юморист, алып баруучу
“Жубайым Эльвирага ыраазымын”
– 16 жылдан бери Эльвира экөөбүз бир үйдүн түтүнүн булатып келе жатабыз. Эки уулубуз бар. Юмористтин үйүндө уруш болбойт деп ойлогондор жаңылышат. Бизде да уруш-талаш болот, болгондо да кандай. Жубайыма ыраазымын, ошондой кооптуу учур жаралганда кырдаалды өзү колго алат. Ортодо түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, чогуу саякат уюштурат же башка нерсе кылат. Мындай учурларда ойлорубузду иреттеп, кризистен чогуу чыкканга аракет кылабыз. Үй-бүлөбүздөгү кризисти жеңүүнүн дагы бир жолу – менин үйдө көп болбогонум,- дейт Денис мырза.
Дороховду 16 жылдан бери колдоп, айрым учурда коргоп келген жубайы Эльвира менен политехникалык колледжде окуп жүргөндө таанышкан. 2010-жылы расмий үйлөнүп, 2012-жылы Артём, 2019-жылы Богдан аттуу уулдуу болушкан.
“Аскер кызматкери болгум келчү”
– Жогорку класстарда окуп жүргөндө КВНге болгон кызыгуум ойгонуп, мектептин “Сервант” деп аталган курама командасына кошулгам. Бирок келечекте чыгармачылыкка кетем деген ой такыр жок болчу. Өзүмдү аскер кызматкери катары көрчүмүн. Армияга барууга даярданып, бирок медициналык комиссиядан өтпөй калдым. Себеп: эринимдеги тубаса нышан (“заячья губа”) дефектиси болду.
Орусиянын Ставрополь аймагында Невынномысск шаарында жарык дүйнөгө келген. Аскер кызматкери болууну самаган жөнү бар. Анткени аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөсү. Кийин бетиндеги нышанын кетирүү максатында 5 ирет пластикалык хирургдун бычагынын алдына жатууга туура келген. Дефект толугу менен кетпесе да, кыйла оңолуп калган.
“Юрист болуп, таксиде иштедим”
– 8-классты бүткөндөн кийин эле Астрахань мамлекеттик политехникалык колледжине тапшырып, өтүп кеттим. Ал жерден окуумду ийгиликтүү аяктап, Орусия Федерациясынын Юстиция министрлигинин алдындагы Эл аралык юридикалык институтка экзамен тапшырып, ал жакка да өтүп кеттим. Анан юристтин дипломун көтөрүп алып “Газпромго” орноштум. Бирок ал жактагы карьерам бат эле токтоп, таксист болуп кеткем.
“Эмнеге юристтин престиждүү кесибин таштап кеттиң?” деп көп суроо беришчү. Дороховго экономикалык, юридикалык нюанстар, маселелер менен баш оорутуу жаккан эмес. Ошондуктан такси кызматына ооп кеткен. КВНге кошулуп, чоң сахнага жаңыдан чыгып жүргөнүндө деле такси кызматынан кеткен эмес. Айрым жүргүнчүлөр аны таанып, “белгилүү адам да таксист болобу” деп таң калышчу.
“КВНге аралашуум – кокустук”
– Бир таанышым КВНге катышкан команданын мүчөсү экен. Ал мени репетицияга чакырып калды. Команданын тамашаларын көрүп, кээ бир жерлерине “минтип кошуп койбойсуңарбы” деп тамашалуу репликаларды сунуштадым. Аларга жакты, анан мени тамашалардын авторлугуна чакырышты, кийин өзүм кошулуп ойноп кеттим.
Юрист-таксист Дорохов КВНге аралашып калган мезгил 2002-жыл болчу. Алгач «42-й в списке» командасына тамаша жазгыч, анан оюнчу болуп кеткен. Анын харизмасы, ойногону көзгө көрүнүп, Астрахандын Азамат Мусагалиев жетектеген улуттук курама командасына – «Сборная Камызякского края» кошулган. Денис мырзаны атактуулукка, ийгиликке жетелеген дал ушул команда жана КВН болду.
“Телевидениеге өзүм келдим”
– КВНге аралашуум кокустук болсо, телевидениеге өзүм келдим. Ошол кезде Comedy Club долбоорунун популярдуулугу артып турган эле. Анын продюсери Вячеслав Дусмухаметовго кайрылып, “мага мүмкүнчүлүк берип көрүңүз” дедим. Ал “Однажды в России” скетч-шоусуна пробага кел” деди. Бардым, өттүм.
Дорохов менен кошо бул долбоорго Азамат Мусагалиев, Ольга Картункова, Александр Пташенчук да тартылышкан. Дал ушул шоудон кийин Денис мырзаны башка шоулорго да чакыруулар көбөйгөн.
“Комедиялык ролдорду ойнойм”
– Кебетемден уламбы же жүрүм-турум, же КВНде байланып калган образданбы, кинодо көбүнчө комедиялык ролдорго чакырышат. Эң алгачкы дебюттук ролум 2016-жылы чыккан “Бородач” тасмасында болду, башкы каармандын ролун Михаил Галустян аткарган. Бир жылдан кийин тасманын экинчи бөлүмүнө да тартылууга сунуш түштү, тартылып бердим.
Актёр катары да тушоосу кесилгенден кийин «Zомбоящик», «Закладка», «Когда Гарри встретил Седжал» (бул Болливуд тасмасына Шах Рук Кхан да тартылган), «Братья» жана башка тасмаларда роль жаратып келет. Андан сырткары көптөгөн берүүлөрдүн автору, катышуучусу, алып баруучусу да.
“Хейт – көлөкөм”
– Мага "сөздөрүндө “фильтр” жок, белден ылдый тамашаларды айта берет, уятсыз, эң эле көп сүйлөйт" деген сыяктуу сын-пикирлерди көп айтышат. Хейтерлердин сөзү көлөкөдөй эле ээрчип жүрөт. Бирок мен сүйлөөрдүн алдында ким эмне дейт деп анализдеп отургум келбейт, жүрөгүмдөн чыккан сөздөрдү балп эттирип эле айтып салам. Эркиндикти баалайм, бардык сферада. Башында катуу сындарга кайгырып, ойлончумун, азыр жакпаганын баш оорутуп отурбай жөн эле блоктоп салам.
Хейтерлери менен катар Денис Дороховдун күйөрман адамдары, алардын арасында айымдар да көп. Сахнада кайсы сулууну көрсө ээрчип кетчүдөй түр көрсөткөнү менен, жашоодо жубайы Эльвиранын ишениминен чыкпаганга аракет кылат. Кыз-жигит болуп сүйлөшүү үчүн эле Эльвирага ырларды жазып, романтикалык сюрприздерди жасап жүрүп араң “макул” кылган экен. Үйлөнүү сунушун жасоо үчүн 7 жыл убакыт кеткен. “Газпромго” орношкондо гана сунуш киргизип, экөө үйлөнүшкөн (бирок бат эле юрист-таксист болуп калганы кызык). Сакадай бою сары алтын мырза юморго эле эмес, спортко да жакын, футбол күйөрманы, бодибилдинг менен машыгат.
Асыл Орозбеков