2007-жылы борбор калаабыз Бишкекте биринчи жолу Азиянын биринчилиги болуп өткөн. Жакында эле жаңы курулган Жаштык арена спорттук комплексинде чоңдор арасында үчүнчү жолу, 30 өлкө катышкан Азиянын XXXIX биринчилиги болуп өттү.
4 балбан Азия чемпиону аталды
Азия чөлкөмүндө жайгашкан отуз өлкөнүн мен-мен деген балбандары кайрадан өлкөбүздө күч сынашып, ар бир спортчу өз мамлекетинин желегин желбиретип биринчиликти багындырууга болгон күч-аракетин жумшашты. Анда мелдештин жеңүүчүлөрүнө 40 комплект медаль даярдалып, балбандар өз күчтөрүн сынашкан. Тагыраагы, чоңдор арасында 2026-жылдын 6-7-апрель айында грек-рим күрөшү, 8-9-апрелде кыз-келиндер күрөшү, 10-11-апрелде эркектер арасында эркин күрөш боюнча кызуу беттештер болуп өттү.
6-апрелде Азия биринчилигинин расмий ачылышы болуп, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов (ред.: 9-апрелде ал кызматынан бошотулду), Күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев, дене тарбия жана спорт департаментинин, ошондой эле Дүйнөлүк күрөш уюмунун өкүлдөрү жана башка расмий өкүлдөр катышышты. Күрөштүн аталган түрү – грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 154 упай топтоп, командалык эсепте байгелүү 2-орунду жеңип алды. Азия биринчилигинде биздин балбандарыбыз алтын медалга татыктуу болуп, төрт спортчубуз Азиянын чемпиону болушуп, Кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, кыргыз элин, жалпы кыргызстандыктарды сүйүндүрдү.
Алар кимдер десеңиздер, 63 килограмм салмакта Афтандил Таалайбек уулу, 67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 87 килограмм салмакта Асан Жанышов Азиянын чемпиондору болушту. Кылымды карытып келе жаткан кыргыз спортунун тарыхында грек-рим күрөшүн канчалаган мен-мен деген машыктыруучулар спортчу балдарды машыктырып өстүрсө да, Азиянын биринчилигинде төрт чемпион спортчуларды чыгара алышкан эмес. Эмне үчүн?
Жеңиштин сыры эмнеде?
Башкалардан айырмаланган, биз билген, көргөн, аралашып жүргөн Карачолоков Улукбек Өскөнбаевич жылга жетпеген убакытта грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын колго алып, башкы машыктыруучулук кызматка өтүп, Азиянын биринчилигинде болуп көрбөгөндөй Азиянын төрт чемпионун чыгарып, кыргыз элин, жалпы кыргызстандыктарды кубандырды. Мында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Карачолоков Улукбек Өскөнбаевичтин өзгөчө эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Анткени Улукбек жылга жетпеген аралыкта улуттук курама команданы башкарып, өзүнүн талыкпас эмгеги, тажрыйбасы, спортту берилип сүйгөндүгү, спортчуларга болгон камкордугу, койгон талабы менен команданы экинчи орунга алып чыкты.
Бул деген спорттогу чоң жетишкендик, чоң сыймык. Улукбектин машыктырган спортчуларынын эң сонун ийгиликтери элибиздин жүрөгүнүн түпкүрүндө болуп, жеңиштери эсте калды. Бул жетишкендиктер – өз кесибин сүйгөн, спортко баш-оту менен берилип күйгөн, спорттун ысыгына, суугуна чыдаган, чын дилден иштеген дилгир машыктыруучунун чыгармачылык менен шыктанган үзүрлүү эмгегинин жемиши эмеспи.
Спортко кошулган салым
Адам өз максатына умтулуп, жол издеп дилин төшөсө ийгилик жаралары калетсиз. Улукбек өлкөбүздүн спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө салымын кошуп келе жаткан, дүйнө элдерине таанылган, дасыккан машыктыруучулардын бири. Спорт адамдын эркин бекемдеп, мүнөзүн калыптандырат, анын оор түйшүгүн бардык эле адамдар көтөрө алышпайт. Ал эми Улукбектин спортко кызыгуусу балалык кезинен эле башталган. Өзүнүн зээндүүлүгү, ата-энеден алган таалим-тарбиясы, эркинин күчтүүлүгү, билимге, спортко болгон кызыгуусун ойготту. Улукбектин зоболосу көтөрүлүп, тарбиялап өстүргөн спортчулары дүйнөнүн биринчиликтеринде, Олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарга жетишип, дүйнөдө белгилүү болуп атагы алыска тарай баштады. Улукбек бүт өмүрүн спортко арнады. Кыргыз спортунун тарыхында кала турган кадыр-барктуу инсан. Спорттогу белдүү адис, жетекчи, көптү көргөн, көптү билген, тажрыйбасы мол, барктуу машыктыруучу.
Спортчулар династиясы
Түйшүктүү, көрөңгөлүү спорттогу чыгармачыл эмгектери, канчалаган спорт үчүн күйгөн, төккөн эмгектери артта калып, түйшүктүү мээнетинин акыбети бара-бара кайтып, машыктырган спортчу балдарынын ийгиликтери биринин аркасынан бири чубап, жаңы ысымдар пайда болуп келе берди. Эмгеги текке кетпеди. Кыргыз спортунда Улукбектин сиңирген эмгеги чоң жана баалуу. Үй-бүлөсү спорттук династияны түзүшөт. Атасы Карачолоков Өскөнбай грек-рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери, Кыргызстандын чемпиону. Апасы Мукенова Нинакүл үй кожойкеси. Улукбек өмүрлүк жолдошу Асел менен 2005-жылы үйлөнгөн. Экөө эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирген.
Ата жолун улап Улукбектин уулдары грек-рим күрөшү менен машыгышат. Улуу уулу Алишер 2006-жылы туулган, спорт чебери наамын алган, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү. 2008-жылы туулган экинчи уулу Нурислам 2024-жылы Иорданияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль ээси, ошондой эле 2025-жылы Грецияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль уткан.
Өмүр баянына кайрылсак...
Улукбектин өмүр баяны жана өмүр жолундагы иштеген иштери, ишмердиги, жетишкендиктерине кайрылсак.
Карачолоков Улукбек Өскөнбаевич 1982-жылдын 5-майында Талас облусунун Бакай-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын төртүнчүсү. 1989-жылы Бакай-Ата айылындагы №3 орто мектептин босогосун аттап, 7-класска чейин ошол мектептен билим алган. Спортко кызыгуусу атасынан башталып, 3-класстан баштап грек-рим күрөшү менен машыга баштайт.
1995-жылы Бишкек шаарына келип, Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжине окууга кирет. 1999-жылы спорт мектебин ийгиликтүү аяктайт. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция факультетине тапшырып, 2006-жылы жогорку билим алат.
2003-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылат. Спорттук карьерасында көптөгөн мелдештерге катышып чемпиондук наамды жеңип алат. 2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө биринчилигине катышат, бирок ошол мелдеште оор жаракат алып, спорттук карьерасын токтотууга туура келет. Ошого карабастан спорт тармагынан алыстабай, машыктыруучулук ишмердүүлүгүн улантып келет. 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт департаментинде иштейт.
Ийгилик артынан ийгилик...
2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы менен иш алып барып, жардамчы машыктыруучу катары эмгектене баштайт. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетине тапшырып, 2018-жылы аяктайт. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына эл аралык мамилелер багыты боюнча окууга тапшырып, 2022-жылы ийгиликтүү аяктайт. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу болуп дайындалат. Бул мезгилде команда менен бирге дүйнө биринчиликтеринде, Азия биринчилигинде, Азия оюндарында жана 2020-жылы Токио, 2024-жылы Париж олимпиадасында жогорку жетишкендиктерге жетишет.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт агенттигинин мыкты кызматкери деген наам алат. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колунан Даңк медалы менен сыйланат. 2022-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу наамы ыйгарылат. 2023-жылы Мыкты машыктыруучу деген наамга татыктуу болот. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалат.
Улукбек иним, жөнөкөй, кең пейил, ыймандуу, эли-журтун ааламга тааныткан, намысты туу туткан элдин уулдары атыккан, кыргыздын келечегинен үмүткөр кылган, спорт менен мыкты машыккан, жеңиштин бийик сересине жеткен, кыргыздын туусун обого көтөргөн, элдин, күйөрмандардын үмүтүн актаган спортчуларды чыгарышыңызга тилектешпиз.
Өскөн Үкүбаев,
пенсионер, спорттун ардагери. Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт агенттигинин мыкты кызматкери