Биз социалдык тармакта

ЗАМАНБАП САЛАТ ТҮРЛӨРҮ

Конок тосууда же жөн гана үй-бүлө мүчөлөрүн тамшантуу үчүн рецепт издегендерге түркүн даамдарды ашпоздун айтымы менен сунуштап келебиз. Бул жолу да белгилүү ашпоз Нариман Маанаев менен заманбап салаттардын жасалуу ыкмалары менен бөлүшөбүз.

 

МИКС САЛАТ

 Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Жаш бодо малдын эти – 150-200 грамм

Черри помидору – 100 грамм

Маринаддалган зайтун мөмөсү – 50 грамм

Салат жалбырактарынын аралашмасы – 120 грамм

Маринад үчүн:

Соя соусу – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Кытай уксусу – 1 аш кашык

Крахмал – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

Италия соусу үчүн:

Базилик – 25 грамм

Кедр жаңгагы – 15 грамм

Зайтун майы – 45 миллиграмм

Сарымсак – 1 тишче

Туз, мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти тарамына каршы жука кесип туурап, маринад үчүн керек азыктарды салып аралаштырабыз. Жарым саат маринаддалат.

2. Италия соусун жасоо үчүн бардык азыктарды кошуп, блендер менен эзебиз.

3. Салат жалбырактарынын аралашмасындагы чоңдорун кол менен 3-4кө бөлөбүз. Үстүнө черри помидорлорун тең экиге бөлүп, маринаддалган зайтун мөмөлөрүн кошуп, италия соусунан 20 грамм жана туз кошуп аралаштырабыз. Тарелкаларга жайгаштырабыз.

4. Көмөч казанга бир аз май куюп, этти кызартып кууруп, салат жалбырактарынын үстүнө салабыз. Кедр жаңгагы, бальзамик соусу менен кооздоп коёбуз.

 

КОЗУ КАРЫН МЕНЕН КЫТАЙ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Уй эти – 200 грамм

Бадыраң – 200 грамм

Орто ачуулуктагы болгар калемпири кызыл, жашылы – 150 грамм

Кургатылган же маринаддалган дарак козу карыны – 50 грамм

Шпинат – 1 боо

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Соя соусу – 1 аш кашык

Кытай уксусу – 1 аш кашык

Туз, кызыл калемпир – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Дарак козу карыны кургатылган түрү болсо жарым саат мурун кайнак сууга салып, капкагын жаап коёбуз. Көөп, жумшарып чыгат.

2. Этти жогорудагы микс салаттай маринаддайбыз. Маринад үчүн крахмалдын ордуна жумуртка да колдонууга болот. Этти жумшартып, көлөмүн чоңойтот.

3. Көмөч казанга май куюп, ысыганда этти салып суусу жок калганча куурулат. Эт жумшарышы керек. Жумшарбай жатса бир аз суу куюп, капкагын жаап демдеп бышырабыз.

4. Болгар калемпирлери кыйгач узун, шпинат да узун тууралат.

5. Баарын бир идишке салып, туз, калемпир себелеп, кытай уксусу менен соя соусун кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!

 

БУРАТТА СЫРЫ МЕНЕН ИТАЛИЯ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (1 порция үчүн):

Буратта сыры – 1 даана

Аралаш салат жалбырактары – 50 грамм

Помидор – 50 грамм

Бышкан бөдөнө жумурткасы – 3 даана

Италия соусу – 25 грамм

Италия соусу үчүн:

Базилик – 20 грамм

Кедр жаңгагы – 10 грамм

Пармезан сыры – 10 грамм

Сарымсак – 1 тишче

Зайтун майы – 40 миллиграмм

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Италия соусуна керектелүүчү азыктардын баарын блендерде эзебиз.

2. Аралаш салат жалбырагына руккола, айсберг капустасы, шпинат, лолла росса жалбырактарын колдонсоңуз болот. Таза жууп, кургатып, кол менен 3-4кө бөлөбүз. Буга италия соусун куюп аралаштырабыз. Соустан бир аз ашырып коёбуз.

3. Буратта сырын чоң маркеттерден жана атайын көп колдонулбаган азыктарды сатуучу дүкөндөрдөн таба аласыз. Жалбырактардын ортосуна сырды, чекелерине бир нече бөлүккө бөлүнгөн помидорду жана экиге бөлүнгөн бөдөнө жумурткасын коюп, алып койгон италия соусун жана бальзамик соусун үстүнө куябыз. Кооздоо үчүн жаңгак түрлөрүн да колдонсоңуз болот.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1219, 1-7-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан