Биз социалдык тармакта

Чолпон Талипбек, ырчы: “ЖАШООМДО АБДАН ЧОҢ БУРУЛУШ БОЛДУ” 

Эстрада ырчысы Чолпон Талипбек акыркы жылдары Түркияда жашап келди. Ырчылыкты убактылуу токтотуп, окууга убакыт арнаганын айтат каарманым. Эми сахнага жаңы дем менен кадам таштаганы турат. Жашоо, тыныгуу, сагыныч, келечек темасында пикир алыштык.  

 

– Чолпон айым, кандайсыз? Көптөн бери маек бере элек болушуңуз керек...

– Үч жыл Түркияда жашап, интервьюлардан жана сахнадан алыстадым. Көп нерсени башка өңүттөн караган, башкача түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн этап болду. Көрүүчү жана күйөрмандар менен болгон байланышты сагындым. Камера  техника гана эмес, ал аркылуу адамдар менен сүйлөшөсүң. Чет өлкөдө жүргөнүңдө мекенге болгон сагыныч башкача сезилет экен. Автоматтык түрдө өлкөңдүн жүзүнө айланасың, демек, жоопкерчилик чоң экенин сезесиң. Өзүңдү да, элиңди да татыктуу көрсөтүшүң керек. Досторума, тайпалаштарыма кыргыз маданиятын, каада-салттарын тааныштырып жүрдүм. 

– Өлкөдөн алыста жүргөндө эмнелердин баркын билдиңиз, мисалы?

– Бүтүрүү кечесинде менден ыр аткарууну суранып калышты. Ошол учур абдан өзгөчө таасир калтырды. Сахнаны, чыгармачылыкты канчалык сагынганымды ошондо толук түшүндүм. Чыгармачылыктан алыстай түштүм да кантсе да. Бирок бул атайын кабыл алынган чечим болчу. Өзүмдү, жан дүйнөмдү, ой жүгүртүүмдү, билимимди өнүктүргүм келди. Бул тыныгуу  баарын таразалап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

– Жогоруда тайпалаштар, бүтүрүү кечеси деп айтып өттүңүз. Кайсы окуу жайдан билим алдыңыз?

– Түркиянын эң престиждүү университеттеринин бири Ege University’де магистратураны аяктадым. Бул университетке кирүү оңой эмес, андыктан мен тараптан чоң эмгектин жыйынтыгы десем болот. Түркияда жүргөндө негизинен окууга басым жасадым. Буюрса, окуумду ийгиликтүү аяктап, дипломдук ишимди жактап Кыргызстанга кайттым. Бул университет мага жөн эле академиялык билим бербестен, дүйнөгө болгон көз карашымды кеңейтти. Көп нерсеге башкача карай баштадым, жашоомдо абдан чоң, маанилүү бурулуш болду.

– Инсан катары өзгөрүүлөр болгону байкалат...

– Күчтүү команда керек экенин түшүндүм. Чыгармачылыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн жалгыз иштөө жетишсиз экен. Бул процесс абдан кызыктуу, азыр жаңы этаптагы Чолпонмун десем да болот.  Өзүмө көбүрөөк убакыт бөлүү сапаты калыптанды менде. Приоритеттер өзгөрдү. Мурда маанилүү көрүнгөн айрым нерселер азыр маанисиз. Чыныгы баалуулуктар тереңирээк сезиле баштады. Өзүмдү жакшыраак түшүнүүгө үйрөнүп жатам десем да жарашат. Айлана-чөйрөгө да мурдагыдай катуу талап койбой, бир аз жумшагыраак мамиле жасап калдым. Ошондой эле ыраазычылык сезими күчөдү. 30 жаштан кийин менде кандайдыр бир ички өзгөрүүлөргө, чыгармачылык жана жеке кризиске жакындагандай сезимдер болду. 

– Түркиянын климатына, жашоо-шартына, шаарына көнүү кыйынчылык жараткан жокпу?

– Туура айтасыз. Жаңы барганда алардын ашканасына көнүү оңой болгон жок. Өзгөчө биздин эт абдан жетишпей жатты. Жакындарым Кыргызстандан барганда чучук, курут, талкан алып барышчу. Ошол учурда түшүндүм, тамак-аш, азык-түлүк дагы адамга мекендин кадырын сездирет экен. Измирде кыргыз кыздар менен таанышып, кээде чогулуп палоо, лагман, манты жасап калчубуз. Ошол учурлар   үйдүн атмосферасын кайра алып келгендей сезилчү.

– Эми сахнага башкача образда чыгасызбы? Күйөрмандар сизден эмнелерди күтүшсө болот?

– Күйөрмандар мени ар кандай образда көрүп көнүп калышкан. Бирок азыр мага жаккан образ – бул менин чыныгы өзүм. Мындан ары да ушул багытта кетем. Стилде жана музыкада ар дайым жаңы нерселер болуп турат. Акыркы убакта менде сабырдуулук жана ички тынчтык көбөйгөнүн байкадым. Көп нерсеге мурдагыдай шашылбай, ар бир чечимди  ойлонуп кабыл ала баштадым.

– Бүгүнкү күндө сизди эң көп кубандырган нерсе эмне?

– Окуумду ийгиликтүү аяктап, кайрадан өз жериме кайтып келгеним. Жакындарым менен көбүрөөк убакыт өткөрүү, өлкөбүздүн өзгөрүп, өнүгүп жатканын көрүү абдан кубантат.

– Учурда кандай чыгармалардын үстүнөн иштеп же иштегени жатасыз?

– Чыгармачылык өз нугунда баратат. Студиядагы процесс, жаңы музыка, жаңы максаттар энергия тартуулап жатат. Буга чейин топтогон энергияны эми чыгармачылыкка багыттагым келип турат. Ошондуктан жакында жаңы ырлар менен сиздерди кубандырам деп ишенем. Чыңгыз Алберттин командасы менен иштешип баштадык. Студияда активдүү иш жүрүп жатат, жаңы ырлар жазылууда.

– Ыр тандоодогу табитиңиз да өзгөрүп кеткен жокпу?

– Мурда көбүнчө лирикалык, жумшак маанайдагы ырларга ыктачумун. Эмоциясы терең, ички дүйнөнү чагылдырган чыгармалар мага жакын болчу. Азыр репертуарымда бир аз өзгөрүү бар. Ар тараптуу болууга, ар кандай жанрларда ырдап көрүүгө кызыгып жатам. Демек, музыкалык табитим да өзгөрүп жатат десем болот. Буюрса, жакынкы убакта тыныгуудан кийинки алгачкы жаңы ырымды элге тартуулайм.

– Сыртыңыздан ишенимдүү адамдай көрүнөсүз. Сахна артында деле ушундай инсансызбы?

– Албетте. Бирок менде толкундануу, тынчсыздануу көп. Ар дайым тынчсызданып, “баары ойдогудай болобу?” деген ой жашайт. Бул нерсе мага энергия тартуулайт. Эмоциямды көзөмөлдөп, энергияны ишенимге айлантам.

– 5 жыл мурунку өзүңүзгө кеңеш берсеңиз, эмне деп айтат элеңиз?

– Эң негизгиси өзүңө ишенүүнү жана жашоодон ырахат алууну унутпа демекмин.

– Окууга сүңгүп кирип, сахнадан алыстаганда “мен туура жолдомунбу?” деп өзүңүздөн сурадыңызбы?

– Албетте, андай суроо пайда болгон. Бирок ал мезгилди мен жоготуу катары эмес, толуктоо, жаңылануу процесси катары кабыл алдым. Өзүмө убакыт берип, чындап эмнени каалап жатканымды түшүнгүм келди. Убакыт өткөн сайын тандаган жолумдун туура экенине, баары өз ордуна келерине дагы бир жолу ишендим.

 

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1221, 15-21-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан