Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Той күнү. Баары аппак түстө жасалгаланган эле. Той өтчү ресторан, бакча. Үлпөт көйнөк кийген Аринанын жүрөгү тынч эмес. Ушул учур ар бир кыз элестеткен, күткөн, кыялданган мүнөттөр болушу керек эле. Ал күзгүнүн алдында аппак көйнөгүн акырын сылап туруп, өзүн бактылуу сезиши керек эмес беле... Бирок андай сезе албай жатты. Ичиндеги бир бүдөмүк коркунуч кетпей жатты. Той тезирээк өтүп кетүүсүн каалады. Ушул он кишиден башкасын билбеген дүркүрөгөн тойдо өзүн жалгыз сезип жатты. 500дөн ашык конок келди, ал бир нечесин гана тааныйт, ушунун кимге кереги бар деген ойлор да келип жатты башына. Бири академиктин уулу, экинчиси соттун көзгө басар жалгыз кызы. Сырттан караганда баары туурадай, төп келишкендей. Бирок элге көрүнбөгөн тарапта сезимдердин кагылышы болуп жатты.

Той өтө турган ресторандын жарыктары жаркырап жанып, коноктор жайгаша баштаганда Аринанын колдору муздап кетти. Көздөрү караңгылап, өңү купкуу болуп башы айлана түштү. Апасы жанына келди.

– Кызым, толкунданба. Ар бир кыз ушинтип турмушка узайт, баары жакшыбы?- деди мээримдүү үн менен.

– Жакшы, апа, Илимди көрдүңүзбү?

– Сыртта турат. “Колуктуну көрүндүк берип көрөсүң” деп жеңелериң ичкери киргизбей койду көрүнөт.

– Кирсин деңизчи...

Тынчы кетип жаткан аны апасы таң кала карап койду. Аринанын көзү болсо эшикте эле. Илимди күтүп жатты. Ошол учурда сыртта Илим жалгыз турган. Ал да апакай костюм кийген эле, зыңкыйган келишимдүү жигитти баары суктана карап жатышты. Жүзү бир калыпта, бир аз жылмаюу бар, ал кичинесинен эмоциясын билгизбейт эле. Баары анын бактысыз абалда экенин билишкен жок. Колунда телефон. Экранда бир эле ысым кайра-кайра көрүнүп жатты – Тамчы. Азыр телефон чалчудай, аны бул чоң кадамдан куткарчудай сезилип жатты. Ал көзүн жумду. Тамчынын көз карашын эстеди. Жаштуу көздөрүн элестетти. Жүрөгү экиге бөлүнүп кеткендей ооруп жатса да билгизбей сыпайы жылмайып турду. Майыптардын арабасындагы атасы – академик Казат атаны жана анын жанында турган апасы Гүлайды карады. Дөө-шаалардын курчоосунда эле алар. Азыр уулу “той болбойт” деп басып кетсе кандай абалда калышат эле? Ошого духу жетеби?

Досу Азамат жанына келди:

– Баары даяр. Эмне болду сага?

– Баары жакшы.

Залдын ичинде музыка жаңырып, алып баруучу:

– Келиңиздер, жаштарды тосуп алабыз!- дегенде эл дүркүрөп кол чаап жиберди. Той башталып кетти. Илим колуктуга жылмайып келе жатты. Аринанын жүзүнө да жылмаюу тартылды. Бирок Илим анын колун кармаган учурда Аринанын жүрөгү титиреп кетти. Ал кол өтө муздак эле.

Той уланып жатты. Баары күлүп-жайнап, бийлеп, жаштарды куттуктап жүрүштү. Түн ортосунда Аринa балконго жалгыз чыгып кетти. Жылдыздарга тигилди. Артынан Илим келди.

– Сен бактылуусуңбу?- деди Аринa күтүүсүздөн. Илим баш ийкеди. Аринанын көзүнө жаш толду.

– Биз сөзсүз бактылуу болобуз!- деди ал.

Шамал экөөнүн ортосундагы айтылбаган, бирок дилдеринде турган чындыкты акырын терметип турду. Кечээ ал Тамчыга жолуккан, Тамчы чакырган эле аны. Тойго бир түн калган эле. Эмнеге деп сурабастан Илим чакырган жерге келди. Ал өзү келген жок, буттары аны шаштырып алып келгендей болду. Кечке маал шаарды жамгыр басып турган. Кечки Бишкек тунарып, көчө чырактары суу болгон асфальтка чагылышып күйүп жатты. Илим Тамчы чакырган кофейняга акырын кирди. Тамчы терезе жанында отуруптур. Ал мурункудай эле көрүнгөнү менен, көздөрү уктабаган адамдыкындай чарчаңкы эле.

Илим жанына келип:

– Күттүрүп койдум,- деди жай үн менен. Салам айтышкан жок экөө тең, жүрөктөрү дүкүлдөп, үн алыша дирилдеп жатты. Тамчы башын көтөрүп аны көпкө тиктеп турду.

– Сен чын эле эртең үйлөнөйүн деп жатасыңбы?

– Ошондой окшойт...

Илим жылмайгысы келди, бирок анте албады. Сыртта жамгыр айнекти тынымсыз черткилеп жатты. Сөз бүтүп калгансып, жөн эле тиктешкени келгендей экөө бир топко отура беришти.

– Илим, үйлөнбө!- деди Тамчы күтүүсүздөн.

Ал биринчи жолу титиреген үнүн жашыра албай айтты. Илим акырын күлгөндөй болду, бирок көздөрү кайгылуу эле.

– Кеч болуп калды, Тамчы. Кечир...

– Жок, кеч эмес!- деди ал дароо. – Сен мени сүйөсүң. Мен сезип турам, үйлөнсөң ошондо кеч болот.

Илим көзүн ала качты. Эмне дейт эле? Ал бул кыздай кыйын эмес болчу, чындыкка тике карай албайт эле. Көп нерсенин  алдында алсыз болчу. Кыздын чынчыл көздөрүнө караганга да алы келбей шалдайды.

Тамчынын үнү дирилдеп чыкты:

– Мен сени сүйөм!

Ушул сөз экөөнүн ортосуна оор таштай кулады. Чындык ушундай ачуу да, оор да эле. Илим дем ала албай калгандай болду. Жүрөгү зырп этти. Кубаныч беле же азаппы? Өзү да түшүнгөн жок. Болгону титиреген тизесин сезди. Ал бул сөздү көптөн бери күтүп жүргөнүн, кыпылдаткан кубаныч алып келерин, ал кубанычтын таттуулугун мурун сезген эмес. Ага эчен кыздар сүйүүсүн арнаган. Укмуштай каттарды жазышкан, үйүнө ээрчип келип алгандары болгон. Аларга тек гана жылмайып койчу. Тамчынын “сүйөм” дегени башка эле, анткени бул сөз анын жүрөгүнүн тереңинен чыгып жатканы сезилип жатты. Бул сөз ушул кыздын өзүндөй аруу, кол тийгис бийик, анан чындык болчу. Бирок эми ал сөз жүрөгүнө кубаныч эмес, азап болорун кайдан билди? Ушул сөздү, ушул үндү, жаш чайыган көздөрдү унута албай кайра-кайра элестетерин билсе кана...

Тамчы акырын сүйлөп жатты:

– Сен Аринага эмнеге үйлөнүп жатканыңды билбейм. Бирок сүйбөгөн адам менен жашоо – экөөңө тең зулумдук. Балалуу болсоңор ага да адилетсиздик.

– Айтпачы антип...

– Жок, ук! Эртең кеч болот. Анан бир күнү экөөң тең бактысыз болосуңар.

Илим чыдабай ордунан туруп кетти да, терезе жакка басып барды. Жамгырды тиктеп көпкө унчукпай турду. Андан кийин келди да, акырын сүйлөдү.

– Мен кечигип калдым, Тамчы. Аринанын үй-бүлөсү, меникилер, даярдык, баары бүттү. Азыр артка кайтсам, баарын талкалайм. Атам менен апамды билесиң, артка жол жок. Мен да мынчалык болуп кетет деген эмесмин.

Тамчы көз жашын сүрттү.

– А өзүңчү? Өзүңдү талкалап жатканыңчы?

Илим анын жанына келип отурду. Экөө өтө жакын эле. Ошол эле учурда кол тийгизе албагыдай алыс да болушчу.

– Мен сени сүйөм,- деди Илим куду бирөө угуп койчудай акырын шыбырап. – Бирок баары кеч, артка кайта албайм. Мени кечир.

Ошол түнү экөө кофейнядан эки башка чыгып кетишти. Биринчи Тамчы чыгып кетти, жамгыр астында ыйлап бара жатты. Илим болсо аркасынан жөнөмөкчү болду, бирок эртең өзүнүн тою экенин ойлоп токтоду. Жамгыр түнкү шаарды жутуп жаткан. Асман төмөн түшүп кеткендей оор. Көчө чырактарынын саргыч жарыгы суу асфальтта титиреп күйөт. Тамчы акырын басып баратыптыр. Илим машинесин акырын айдап акмалап бара берди. Токтоткусу келди, ичиндегини айтып албаса кыйналарын сезди. Ошол көз ирмемде ал бир нерсени так түшүндү – эгер азыр унчукпай калса, өмүр бою өзүн кечирбейт эле. Машинесин токтотуп кызга чуркап жетти.

– Тамчы, токточу,- деди ал.

Тамчы токтоду. Бирок бурулган жок. Илимдин көкүрөгүндө катылган сөздөр жол таба албай көмөкөйүндө тыгылып турган. Ал жакындады. Колдору титиреп жатты.

– Мен өзүмдү ушунча алдайм деп ойлобоптурмун.

– Эми мунун эмне кереги бар?

Ал күлгөнсүп койду. Кайгылуу, аргасыз күлкү.

– Кереги жоктур... Балким, чындап эле кечтир... Бирок мен мындан ары унчукпай жашай албайм. Айтышым керек.

Тамчы эми ага карады. Илимдин көздөрү кызарып кеткен эле.

– Сен билесиңби... Мен сени биринчи көргөн күнү эле сүйгөм. Бирок ал сүйүү экенин сезбеген экенмин. Кийин университетте көрдүм сени. Сен күлүп өтүп кеткенсиң. А мен ошол күлкүнү кечке чейин унута албай койгом.

Тамчынын деми кысылып кетти.

– Мен ошондо эле бүткөм, Тамчы. Сен деп жашап калганымды сезбептирмин. Балким, моюндагым келген жок.

Жамгыр себелеп жаап жатты.

– Кийин өзүм тууралуу айттым сага. Ачылып сыр бөлүшө алган адамым сен болдуң, мен өзүмө да айта албай турган абалда сага кантип бакма бала экенимди айтып койгонумду түшүнө албай жаттым. Ыза болдум. Сен баарына айтып салчудай кыжалат болдум. А сен эч кимге ооз ачкан жоксуң. Сени жазалагым келди, Аринага баш кошолу дедим. Ачыгын айтсам, сенин сүйүүңдөн корктум, балким, өзүмдүкүнөн. Сен мени дагы жаралайт деп чечтим.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан