Биз социалдык тармакта

ПСИЛЛИУМ ИЧЕГИНИ ТАЗАЛАЙБЫ?

Ичи көп каткандарга псиллиум ичүүнү сунуштагандар көп. Бул эмне болгон азык? Зыяны жокпу? Ким жана кантип ичүү керек?

Бул...

Псиллиум – бул кадимки бака жалбырактын уругунун кабыгы. БАД катары дүйнөгө тараткан Индия өлкөсү. Кызматы – азыктагы суюктукту сиңирип алып, аны гель түрүнө айлантуу. Сатыкта порошок жана капсула түрүндөгүсү кеңири тараган.

Пайдасы

+ Жөнөкөй углеводдордун сиңимдүүлүгүн жайлатат

+ Артериалдык кан басымды төмөндөтөт

+ Жүрөк булчуңдарын бекемдейт

+ Ашыкча суу, токсиндерди чыгарат

+ Кандагы холестериндин деңгээлин көзөмөлдөйт

+ Ич катууда мыкты жардам берет

+ Ичегилердеги сезгенүү процесстерин алдын алат

+ Тамакка болгон табитти көзөмөлдөйт, тоюмдуу болгондуктан ашыкча жеп алуунун алдын алат

Зыяны

– Ашыкча өлчөмдө колдонгондо ич өтүү, кусуу байкалат

– Жетишерлик өлчөмдө суу ичпесе, тескерисинче, ич катат

– Рационго аз-аздан кошпой, дароо көп өлчөмдө колдонсо ичке жел турат

– Өз билемдик менен ичүүгө болбойт, дарыгер менен кеңешкен соң гана колдонуу керек

 

Кимдерге болбойт?

– Боюнда бар жана бала эмизип жаткандарга

– 12 жашка чейинки балдарга бергенге болбойт

 

Кантип колдонуу керек?

Башка дары-дармектер менен чогуу колдонгонго болбойт. Дары ичкенге чейин 2 саат мурун же дары ичкенден кийин 2 сааттан кийин гана ичүү керек. Алгач минималдуу дозадан баштоо керек, мисалы, жарым чай кашыктан. Улам көбөйтүп отуруп организм көнгөндө 1 аш кашыкка чейин жеткирсе болот. Сөзсүз көп өлчөмдөгү таза суу 200-300 грамм менен ичүү керек. Күн ичинде да суунун балансын сактоо зарыл (1,5-2 литр суу).

 

Канча убакыт колдонобуз?

• Ичти жумшартуу үчүн – 1- 5 күн.

• Геморройдон жабыркагандар – 1-2 ай.

• Кандагы холестериндин жана канттын деңгээлин төмөндөтүүнү каалагандар врачтын көрсөтмөсү менен жылдап колдонсо болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан