Өрүк илгертен тамак-ашка колдонулуп келет, анын дарылык касиети да аныкталган. Кыргызстанда Баткен жана Ысык-Көл облустарында көп өстүрүлүп, чет өлкөлөргө экспорттолот. Баткен облусунун бренди. Материалда өрүктүн ден соолукка пайда, зыянын сөз кылабыз.
Түркия, Кытай, Өзбекстанда көп
Өрүктүн мекени боюнча так маалыматтар жок. Айрым окумуштуулар Тянь-Шань тоолорунун аймагындагы 4 өлкө: Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан дешет. Башкалары Армения өлкөсүн көрсөтүшүп, андан Грецияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө македондук Александр аркылуу таралган деп айтышат. Кавказга Жакынкы Чыгыштан таралган деген да маалыматтар бар. Жапайы түрүндө Кытайда, Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, Түндүк Кавказда сакталып калган. Анткени аталган өлкөлөр жылуу, мелүүн климатка ээ. Ал эми Орусияда жапайыга жакын түрлөрү: сибирь жана маньчжурия өрүгү делгендер кездешет. Дүйнөдө өрүктү эң көп өстүрүп экспорттоочу өлкөлөр Түркия, Өзбекстан, Тажикстан, Италия, Алжир, Греция, Армения, Кытай жана башкалар.
Курамы пайдалуу заттарга бай
• Витаминдерден: А, Е, С, B, B1, B2, B3, B5, B6, B9 (фолий кислотасы) бар
• Минералдардан: магний, фосфор, йод, темир, калий, кальций, натрий, жез жана башкалар кездешет
• Белок, май, углевод, клетчатка, суу, органикалык кислоталар, аргинин амин кычкылы, бета-каротин да бар
Жүрөк-кан тамыр оорусу барларга жакшы
• А витамини менен бета-каротин иммундук системди чыңдоого жардам берип, жугуштуу оорулардан оолак кылат.
• С, Е жана B тобундагы витаминдер, минералдар, өзгөчө калий жүрөк-кан тамыр менен нерв системдеринин иштешин жакшыртып, жүрөк булчуңдарын бекемдеп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркт, иснульт, стресстен жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Кабыл алуу, ойлоо, эс-тутумду жакшыртат.
• Калий менен каротин бөйрөктөгү таштардан арылууга жардамчы.
• Темир мээнин кычкылтек менен жакшы жабдылуусу үчүн керек.
• Клетчатка ичегинин иштешин жакшыртат, метаболизмди тездетип, шлактарды чыгарат, ич катуунун алдын алат. Ич катса жумшартат.
• Антиоксидант болгондуктан картаюу процессин жайлатат. Иммунитетти бекемдөөгө таасирин тийгизет.
• Курамындагы жалпы заттар канды жана боорду тазалайт. Потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Клетка, ткандардын жаңылануусун шарттайт. Жаш балдардын калыптагыдай өсүшү үчүн абдан зарыл. Оорудан кийин сакайып келе жаткандар, өнөкөт оорудан жапа чеккендер (мисалы, бөйрөк оору же ич катуу), кош бойлуу аялдар жана балдар суткасына 100-150 грамм кургатылган өрүк жеши керек.
Артынан муздак суу ичпеңиз!
• Өрүктү ачкарын жегенге болбойт. Жемишти жеген соң дароо муздак суу ичүү сунушталбайт. Ичеги-карындарга зыян алып келиши мүмкүн.
• Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандар врач уруксат берсе гана белгилүү өлчөмдө жесе болот.
• Ич өтүп жатканда, ашказан-ичеги, уйку бези оорулары козголгон учурда жегенге болбойт! Көп жеп алганда ич өтүшү мүмкүн.
Ашканада
100 граммында 44 килокалория бар. Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот. Ашканада кыям, мармелад, компот, шире жана шарап даярдап келишет. Кургатып, жайма как жасап жыл бою колдонууга болот. Жаңы бышкан өрүктү муздаткычта 2 жума, ал эми бөлмө температурасында 2 күнгө чейин сактоого болот. Этин эзип, курутка кошуп, өрүк курут жасашат.
Косметологияда
Өрүктүн маңызы жана данеги бет терисин азыктандырып, нымдаштыруучу косметикалык каражаттардын курамына кошулат. Ширеси, майы, эти кандай типтеги тери болбосун жагымдуу. Нымдандырып, жашартып, бырыштарды канчалык бир деңгээлде жазат. Теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, серпилгичтигин жогорулатат.
Өрүк маскасы бардык типтеги терилер үчүн пайдалуу. Өрүк ширесине чүпүрөктү малып, бетиңизге жаап коюңуз. Кургагандан кийин муну дагы 1 ирет кайталап, дагы 20 мүнөт жатыңыз. Андан соң жылуу суу менен чайкап коюңуз. Бетиңизде жара болсо, анда масканы колдонбой турганыңыз оң.
Медицинада
Өрүктүн данегинен алынган майы айрым дары каражаттарынын курамына кошулат. Массаж үчүн колдонууга болот. Майы мурундан операция болгон учурда колдонулуп, мурундун ичин кургап кетүүдөн сактайт. Өрүктүн данегинен жасалган “өрүк сүтү” жөтөлгө, бронхитке каршы колдонулуп келет.
Өрүктү кургатып сактоо
Өрүктү туура кургатып сактоону кааласаңыз, анда аны күнгө эмес, көлөкө жана мелүүн жел жүрүп турган жерге кургатканыңыз оң. Ичине чаңдын кирбешине көз салыңыз. Кургаткандан кийин мата баштыкка же айнек идиштерге салып койсоңуз, көпкө сакталат.
Эмне үчүн кургатылгандан кийин өрүк кичине жана катуу болуп калат? Себеби курамындагы суунун өлчөмү 90 пайыздан 15 пайызга түшөт. Мындай учурда андагы шекердин көлөмү, витаминдер жана минералдар топтолушат да, анын даамы жогорку деңгээлге жетет.
Жайма как жасоо
Өрүктү жууп-тазалап, данегинен ажыратып, блендерде эзип алабыз. Андан соң боткону электен бир сыйра өткөрүп, татымына жараша кумшекер кошобуз. Табанын бетин бир аз майлап, ага өрүк боткосун куюп, 1 сантиметрге жетпеген калыңдыкта тегиз жайып, 3-4 күнгө көлөкө, жел жүрүп турган жайда кургатабыз.
Шире жасоо
Алгач таза бышкан өрүктү жууп-тазалап алабыз. Андан соң жарып, данегинен ажыратабыз. Шире сыгуучу жабдыктан өткөрүп, алынган ширеге теңме-тең муздак суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатуу шарт. Эгер шире сыгуучу аппаратыңыз жок болсо, өрүктү данегинен ажыратып, сыр идишке салабыз. Үстүн 2-3 сантиметр көмө тургандай кылып суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатабыз. Бул аралашма толук муздагандан кийин өрүктү сүзүп, кол менен эзип, электен же жука дакиден өткөрөбүз. Алынган боткону баштапкы өрүк кайнатылган сууга кошуп кайнатабыз. Чыгарарда татымына жараша кумшекер кошуп, дагы беш мүнөт кайнатсак ичкенге ширебиз даяр. Банкаларга куюп кышкыга сактап койсоңуз да болот.
Канымжан Усупбекова