Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Кантип?.. Ал эмне кылды?

Кызматкер бир аз унчукпай туруп, анан стол үстүндөгү кагаздарды карады:

– Ал мурда издөөгө алынган.

Чачыкейдин жүзү өзгөрдү.

– Эмне?..

– Биз аны көптөн бери кармай албай жүргөнбүз. Бул сөз Чачыкейди нес кылып таштады.

– Жок, мүмкүн эмес,- деди Чачыкей акырын. – Ал андай эмес, адашып жатат окшойсуңар.

– Адашканыбыз жок,- деди кызматкер катуу. – Ал айрым шектүү адамдар менен байланышта болгон. Бизде маалыматтар бар.

Чачыкей бир кадам артка чегинди.

– Жок...- деди ал башын чайкап. – Ал андай адам эмес, ал менин иним... Мен аны жакшы билем...

Анын сөзү үзүлүп калды. Шашыла сумкасын ачып, ичинен акча алып чыкты.

– Сураныч,- деди ал көз жашын кармай албай. – Бул менин бардык акчам, ушуну алып, инимди коё бериңиздер. Ал жаман бала эмес.

Кызматкер башын жай чайкады.

– Бул акча менен чечиле турган маселе эмес.

Анын ушул сөзү сүйлөшүүдөгү акыркы чекит болду. Чачыкейдин колундагы акчалар жерге түшүп кетти. Ал аны байкаган да жок.

– Кечигип калдымбы?- деди ал өзүнө-өзү шыбырап. Кызматкер унчуккан жок. Анткени жооп белгилүү эле. Темир эшиктин ары жагында Марат отурган. Ал эми бул жакта анын эжеси биринчи жолу өзүнүн мыйзам алдында күчсүз экенин сезип турду. Чачыкей акырын дубалга жөлөнүп отуруп калды.

– Эч нерсе кыла албай ушинтип отуруп каламынбы?- деди. Бул суроо кимге экени белгисиз болчу. Сыртта жашоо үчүн күрөш уланып жатты. Бир жерде – табигый кырсык. Бир жерде – сүйүү үчүн күрөш. Бир жерде – майрам. Ал эми бул жерде...

xxx

Стамбул. Жер төлөдө убакытты аныктоо мүмкүн эмес эле. Сааттар өтүп жатабы же күндөр алмашып жатабы, эч ким так айта албайт. Аба оор тартып, дем жетпей, адамдардын шыбыроосу да чарчаган үн менен угулат. Тинатин дубалга жөлөнүп отурган, жанында Айгүл. Айгүл бир нече жолу сөз баштагысы келди.

– Тинатин...- деп баштап, кайра токтоду. Тинатин да аны карап, бир нерсе айткысы келди, бирок сөз табылган жок. Кечээги кафе, көз караштар, ый, жымжырттык... Баары ушул караңгы жер төлөгө кошо кирип келгендей эле.

– Биз, сүйлөшүүбүз керек эле,- деди акыры Айгүл. Тинатин башын жай ийкеди. Бирок андан ары эч ким уланткан жок. Анткени азыр сөздөр жетишсиз болчу. Ошол учурда эшик тараптан үндөр угулду.

– Ыктыярчылар! Суу, тамак алып келишти,- деген үн жаңырды. Адамдар акырындап козголуп, үмүт аралаш умтулуу пайда болду. Эшик ачылды. Жарык бир аз кирди. Бир топ жаштар, беттеринде чарчоо, бирок көздөрүндө чечкиндүүлүк бар, бөтөлкөлөрдү көтөрүп кирип келишти.

– Сууну кезек менен алыңыздар! Баарына жетет,- дешти алар. Тинатин башын көтөрдү. Жөн гана карады. Токтоп калды. Анын деми кысылып кетти. Тиги сүйлөп жаткан бала – Бекзат эле. Чаң баскан, чарчаңкы, бирок баягы күлмүңдөгөн кара көздөр. Ал да аны көрүп токтоп калды. Экөөнүн көздөрү кайра тиктешти. Бир нече секунд. Үн жок. Айланада ызы-чуу, адамдар сууга жетүүгө жан талашып жатышат, бирок бул экөөнүн ортосунда убакыт токтоп калгандай. Бекзат акырын кадам таштап, Тинатинге жакындады. Колундагы суу бөтөлкөсүн сунду.

– Суу ич,- деди ал, үнү жумшак чыкты. – Ичип ал.

Тинатин колун сунуп, сууну алды. Бирок Бекзаттан көзүн ала албады. Айгүл болсо бул көрүнүштү байкап калды, булар жөн гана “тааныш адамдар” эмес экенин ал эми даана туйду. Анын жүрөгү акырын тыз этти. Бекзат Тинатинге карап туруп, акырын сурады:

– Сен жакшы элесиңби? Тинатин жооп бербей бир нече секунд карап турду да, андан кийин жай гана: – Жакшы эле,- деди.

Бекзат башын бир аз ийкеди.

– Биз бул жерден чыгабыз,- деди ал ишенимдүү түрдө. Бул сөз кызга убададай угулду. Тинатин көзүн жумуп, бөтөлкөнү бек кармады. Ал биринчи жолу ошол кыйчалыш учурда өзүнүн жалгыз эмес экенин сезди. Жер төлөдөгү ызы-чуу бир аз басылгандай болду. Ыктыярчылар кирип-чыгып, сууну, тамак-ашты таратып жатышты. Бирок бул тынчтануу убактылуу гана болчу. Бекзат Тинатиндин жанында дагы бир саамга туруп калды. Анын көздөрү бейкапар көрүнгөнү менен, ичинде шашылыш чечим бар эле. Ал акырын эңкейип, кыздын кулагына шыбырады:

– Бул жер коопсуз эмес. Жүрү мени менен.

Тинатин башын чайкады.

– Жок, Айгүл да бар мында...

Бекзат анын сөзүн бөлдү:

– Мен кайра келем. Азыр биринчи сен чыгышың керек.

– Жок, мен аны калтырып кете албайм,- деди Тинатин.

Ошол учурда жер дагы бир силкингендей болду. Ызы-чуу кайра күчөдү. Бекзат кыздын колунан бек кармады.

– Мага ишен.

Бул эки сөздүн күчү башкача эле. Тинатин эмне кыларын билбей калды. Ары жакта Айгүл буларды карап турган, баарын түшүнүп тургандай. Анын көздөрүндө суроо жок, бирок жооп бар болчу.

– Бар!- деди Айгүл акырын. Тинатин селт этти.

– Айгүл...

– Мага караба, бар,- деди ал дагы бир жолу. – Сен азыр кетишиң керек.

Айгүлдүн өзүн эмес, башка бирөөнү сактоо үчүн жасаган аракетин көрүп Тинатиндин жүрөгү сыздап кетти.

– Мен сени калтырбайм...

Айгүл башын жай чайкады.

– Сен мени калтырбайсың, билем. Бирок азыр кетишиң керек, туурасы ушул. Кыймылда тезирээк. 

Тинатин көзүн жумду. Бекзаттын колун коё берген жок. Алар көпчүлүктүн арасынан байкалбай акырын чыгып кетишти. Ыктыярчылардын агымына кошулуп, эшик тарапка жылышты. Караңгы коридор, тар өтмөк... Ызы-чуу алыстап баратты. Акыры сыртка чыгышты. Таза аба. Бирок бул да толук эркиндик эмес эле, сыртта дагы хаос, сирена, кыйкырык. Бекзат тез эле бир ыктыярчынын формасын таап келип, Тинатинге сунду.

– Муну кийип ал,- деди ал.

Тинатин унчукпай кийди. Ал дагы деле эмне болуп жатканын толук түшүнө албай жатты. Жүрөгү тынч ала албай, артта калган жер төлөгө кылчактай берди. Айгүл... Ал ошол жакта калды. Бул ой аны коё берчүдөй эмес.

– Биз чын эле кайра барабызбы жер төлөгө?- деди ал тактап сурап. Бекзат жооп берген жок. Бир аздан кийин гана:

– Ооба, бирок азыр эмес. Бул жоопко ынангандай Тинатин унчукпай калды. Арыраак басып бир бурчка токтошту. Бекзат сумкасынан нан, суу алып чыкты.
– Ме, жеп алчы,- деди кызга сунуп.

Тинатин албады.

– Жегим келген жок, анан...

– Жок, жеп ал. Сен күчтүү болушуң керек,- деди Бекзат. Тинатин башын көтөрүп, аны тике карады.

– Курбум калып кетти, аны ойлоп тынчтана албай жатам,- деди ал.

Бекзат унчукпай калды. Азыр эмне десе да аны тынчтандыра албасын түшүндү. Тинатин акыры нанды колуна алды, бирок жеген жок. Стамбулдун көчөлөрүндө сиреналар дагы эле өчпөй жаңырып жатты. Алар көпчүлүктөн бир аз алыстап, коопсузураак деп эсептелген кичине бош имараттын бурчуна кирип отурушту. Сыртта унаалардын шуулдаган үнү угулат, адамдар ары-бери чуркап жүрүшөт, бирок бул бурчта бир аз болсо да тынчтык бар экен.

Бекзат сумкасынан суу куюлган кичинекей бөтөлкөнү алып чыкты.

– Ичип ал,- деди ага суна.

– Сенин организмиң алсырап бүттү, кубат керек азыр сага,- деди Бекзат айтканынан кайтпай. – Азыр эмоция эмес, күч-кубат керек сага,- деп улантты андан ары.

Ал бөтөлкөнүн капкагын ачып, сууну анын колуна карматты. Тинатин бир аз унчукпай турду да, анан акырын ичти. Бир-эки ууртам. Колу дагы деле титиреп жатты. Бекзат жанында отурду.

– Бекзат, Айгүлдү да алып чыгалычы,- деди жалооруй карап.

Бекзат унчукпай калды.

– Сени түшүнүп жатам. Бирок... 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1222, 22-28-май, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан